Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 26-августу № 477-б

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

 

       (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

    2007-жылдын 23-октябрындагы N 421-б буйругунун

             редакциясына ылайык)

 

     Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз  Республикасынын  Фи-

нансылык чалгындоо кызматынын маселелери жөнүндө" 2005-жылдын 29-декаб-

рындагы № 655 Жарлыгына ылайык,  Кыргыз Республикасынын Финансылык чал-

гындоо кызматын кызматтык жайлар менен камсыз кылуу максатында:

     1. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы   

N 421-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

     2. Кыргыз Республикасынын Чегара кызматы Бишкек шаары, Тоголокмол-

до  көч.,  21  "А"  дареги боюнча жайгашкан администрациялык имаратынын

экинчи этажынын ээлеген жайларын жана администрациялык имаратка  курул-

малардын жайларын бошотсун жана кийин бул буйруктун 1-пунктунда аталган

имаратта өзүнүн түзүмдүк подразделениелерин жайгаштырсын.

     3. Кыргыз  Республикасынын  Президентинин Иш башкармалыгы бул буй-

руктун 2-пунктунда аталган имараттын экинчи этажынын жайларын жана  ку-

рулмаларынын  жайларын Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кыз-

матына белгиленген тартипте кошумча бекитсин.

     4. Кыргыз  Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети бул  буйруктун  1-пунктунда  аталган  жайларды  кабыл

алуу-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте камсыз кылсын.

     5. Бул буйруктун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз  Республикасынын

Президентинин Иш башкармалыгына жүктөлсүн.

 

    Премьер-министри                                        Ф.Кулов