Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 17-октябры № 403-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 2007-жылы кылкандуу дан өсүмдүктөрүн күздүк себүүнү жүргүзүү прог-раммасын өз учурунда аткаруу жана 2008-жылы жазгы-талаа иштерин жүргү-зүү боюнча республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик кол-доо көрсөтүү, алар тарабынан жогорку сапаттагы үрөн материалын сатыпалуу үчүн, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын 2007-жылга республикалыкбюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөрдү кирги-зүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењешинин 2007-жылдын 2-октябрындагы №2045-III токтомун аткаруу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги: - "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна "Кыргыз Республикасынын2007-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындакаралган каражаттардын эсебинен 100,0 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссу-да берсин; - "Айыл Банк" ачык акционердик коому менен төмөнкүдөй шарттардакарыздык милдеттенмени (күрөө берүүсүз) түзсүн: а) кредитти жоюу мөөнөтү - карыздык милдеттенмеге кол коюлган күн-дөн тартып 1 жыл, кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен; б) кредитти пайдалануу үчүн проценттик ставка - 1 процент; в) бюджеттик ссуданын багыты - айылдык товар өндүрүүчүлөрдү кол-доо; - каражаттардын максаттуу пайдаланышын контролдоону камсыздасын. 2. "Айыл Банк" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын: - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги берген разнарядкаларга ылайык жылына 7 проценттен ашыкэмес проценттик ставкасы менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө кредиттөөүчүн көрсөтүлгөн каражаттарды берүү; - графикке жана карыздык милдеттенмеге бекем ылайык эсептелгенпроценттери менен жогоруда айтылган кредиттин кайтарылышын камсыздоо. 3. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдиктеүрөн материалын сатып алуу үчүн кредиттик ресурстарга муктаж кылкандуудан өсүмдүктөрүн келечектүү өндүрүүчүлөрдүн тизмесин тактасын жана"Айыл Банк" ачык акционердик коомуна берсин. 4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жана агроөнөр-жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаев