Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 22-октябры № 413-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. 2007-жылдын 22-25-октябрында Бишкек шаарында Кыргыз Республика-сынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын мамле-кеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк деле-гацияларынын үч тараптуу жолугушуусу өткөрүлсүн. 2. Көрсөтүлгөн жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өк-мөттүк делегациясы тиркемеге ылайык курамда бекитилсин. 3. Кыргыз Республикасынын, Тажикстан Республикасынын жана Өзбекс-тан Республикасынын мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркаци-ялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын үч тараптуу жолугушуусун өткөрүү-гө байланыштуу чыгымдар чектеш өлкөлөр менен мамлекеттик чегараны дели-митациялоого жана демаркациялоого бөлүнгөн каражаттардын эсебинен тө-лөнсүн. 4. Делегация мүчөлөрүнүн барышына байланыштуу чыгымдар белгиленгентартипте жиберүүчү уюмдардын эсебинен төлөнсүн. Премьер-министр А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-октябрындагы № 413-б буйругуна тиркеме Кыргыз Республикасынын жана чектеш мамлекеттердин ортосундагы мамлекеттик чегараны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча үч тараптуу жолугушууга катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын КУРАМЫ Аламанов С.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ре- гиондук проблемалар бөлүмүнүн башчысы, делегаци- янын жетекчиси; Асаналиев Э.А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги- нин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси; Касымов Ч.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймыл- сыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбо- орлоо институтунун директору; Искандаров К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ре- гиондук проблемалар бөлүмүнүн эксперти; Мињбаев А. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги- нин биринчи секретары; Түнкатаров Б. - Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасын- дагы Элчилигинин биринчи секретары; Катанаев А.Г. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймыл- сыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картография-геодезиялык кызматынын директорунун орун басары; Дисковский В.Л. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймыл- сыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия- лык кызматынын бөлүм начальниги; Ботобаев К.К. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймыл- сыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин "Кыргызгипрозем" мамлекеттик долбо- орлоо институтунун түштүк регион боюнча мамле- кеттик чегараны делимитациялоо бөлүмүнүн началь- ниги; Санников В.П. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймыл- сыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Мамлекеттик картографиялык-геодезия- лык кызматынын мамлекеттик чегараны демаркация- лоо жана делимитациялоо бөлүмүнүн делимитациялоо маселелери боюнча жетектөөчү адиси. Өкмөттүн Аппарат жетекчиси - министр М.Исмаилов