Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 29-октябры № 437-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасында "опурталдуу топтогу" балдардын жана майыпбалдардын турмушунун социалдык шарттарын жакшыртуу үчүн Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн Швеция Королдугунун Өкмөтү менен кызматташуусунчыњдоо максатында: 1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швеция Королдугунун Өкмө-түнүн ортосунда 2004-жылдын 24-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган2004-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кооптуу топтогу балдардыокутууга/социалдык иштерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү боюнча атайынмакулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ме-нен ратификацияланган 2004-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында кооптуутоптогу балдарды окутууга/социалдык иштерди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүбоюнча атайын макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдунтиркелген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри-не жогоруда аталган Протоколго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-нүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу А.Атамбаев Долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швеция Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы 2004-2007-жылдарга Кыргыз Республикасында "коркунуч тобундагы" балдар менен социалдык иштерди өнүктүрүү/окутууну колдоо боюнча Атайын макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу ПРОТОКОЛ 1-статья. Макулдашууну улантуу Кыргызстанда "коркунуч тобундагы" балдарды колдоо боюнча Атайынмакулдашуунун колдонулуш мезгили 2009-жылдын 31-декабрына чейин узар-тылган. 2-статья. Шведдер жактын кошумча салымы Швеция Кыргыз Республикасына 7500000 швед кронасына (SEK) чейинкошумча ресурсту берет, бул ресурстар жогоруда эскертилген макулдашуунужана долбоордун үчүнчү фазасы сунуш кылган "Кыргызстандагы балдарга ба-гытталган социалдык жардамды өнүктүрүүнү" камсыз кылуу үчүн пайдаланы-лат жана 2007-жылдын 1-октябрынан башталып 2009-жылдын 31-декабрындааяктайт. Швеция бере турган финансы каражаттарынын жалпы суммасы14870000 швед кронасын түзөт. 3-статья. Кошумча каражаттарды пайдалануу Кошумча каражаттар Атайын макулдашууга жана долбоордун үчүнчү фа-засынын 2007-жылдын сентябрындагы сунуштарына ылайык пайдаланылууга ти-йиш. 4-статья. Башка өзгөрүүлөр 1, 2, 4, 5 жана 13-статьялар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1-статья. Долбоордун үчүнчү фазасынын максаты: Кыргыз Республикасындагы "коркунуч тобундагы" балдардын жана жаш-тардын абалын жакшыртууну улантуу. Долбоор бири бирине түрткү берүүчү бир нече компоненттерден турат. А) "Максат" жана "Росток" реабилитациалык борборлорун методологиялык борборлор катары күчтөндүрүүнү улантуу жана анын натыйжаларын өлкөнүн башка жактарында жайылтуу Ишчаралар персоналды социалдык, психологиялык жана укуктук кеп-ке-њештерди берүү менен окутууну, социалдык багыт бере турган программа-ларга катышууну, райондо социалдык тейлөө кызматын координациялоону,ошондой эле борборлордо иштөө үчүн стандарттарды иштеп чыгууну камтыйт. В) Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин социалдык жардамдарды реформалоону учурдагы пландаштырууда улантылып жаткан иш аракеттерине колдоо көрсөтүү Ишчаралар социалдык жардамды реформалоонун стратегиялык планын,ошондой эле жетекчилерди, персоналдарды окутууну уюштурууну камтыганжүзөгө ашыруу планын да иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүнү камтыйт. Жаныструктура жергиликтүү бийлик органдарына топтолоору күтүлүүдө. С) Чүй облусунун Сокулук районундагы жергиликтүү бийликтерге колдоо көрсөтүү Ишчаралар социалдык жактан коргоонун колдонуудагы системасынын об-зорун, коомчулуктар базасында социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жањы пла-нын жана стратегиялык планга ылайык коомчулуктун базасында кызматкөрсөтүүнү жүзөгө ашыруу планын камтыйт. Д) Чүй облусунун Сокулук районунда, бирөөнү Шопоков шаарында жана бирөөнү Крупская айыл өкмөтүндө (айыл дењгээлинде) эки "Социалдык үйлөрдү" түзүү Пилоттук "Социалдык үйлөрдүн" максаты айыл дењгээлинде социалдыкжардам берүүгө байланышкан маселелерди координациялоо болуп эсептелет."Социалдык үйлөр" жок эле дегенде бирден социалдык кызматкерди жалдапиштеткенге жөндөмдүү болушаары күтүлөт. Алар алгачкы баалоону аткарышатжана "Росток" реабилитациалык борбору менен кызматташууда райондук дењ-гээлде тейлөө кызматын көрсөтүүчүлөргө багыт беришет. Алар ошондой элекары-картањдар үчүн үйлөрдө кызмат көрсөтүүгө жоопкер болушу мүмкүн.Борборлор ортосунда тажрыйба алмашкан сыяктуу эле ар кандай дењгээлдерортосунда да тыкыс кызматташууну өөрчүтүү зарыл болот. Е) Иш башкаруунун компьютерлештирилген системасын - СМSти өнүктүрүүнү улантуу Ишчаралар долбоордун бир бөлүгү болуп эсептелген жањы борборлордоСМSти кењейтүүнү камтыйт. СМS суперкөрүү жана башка катышуучулар, Кыр-гыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишкердигинин жый-ынтыктары боюнча отчеттуулукту даярдоо үчүн инструмент болуп калат. F) Чүй облусунун Сокулук районундагы "Росток" реабилитациялык борбору менен кызматташууда мурда камалып кеткен жаш адамдар үчүн реабилитациялык бөлүмгө колдоо көрсөтүү Ишчаралар жашы жетелектер үчүн колониядагы социалдык иштердин ык-маларын өркүндөтүү үчүн иш-аракеттин башка түрлөрү менен байланышканколдоо көрсөтүүнү жана колония менен "Росток" реабилитациялык борбору-нун ортосунда байланыш түзүүнү камтыйт. G) Эки пилоттук борбор түзүү: Жалалабат шаарында, бирөө "коркунуч тобундагы" балдар үчүн жана мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн, экинчиси Ош облусунун Карасуу районундагы "коркунуч тобундагы" балдар үчүн. Моделдер катары "Максат" жана "Росток" реабилитациялык борборлору пайдаланылат Ишчаралар СМSти ишке киргизүүдө жана жањы борборлордо окутууда"Максат" жана "Росток" реабилитациялык борборлорунун персоналдарынынкомандаларын колдоону камтыйт. Н) Бишкек гуманитардык университетинде социалдык кызматкерлерди даярдоо программасы менен кызматташууну улантуу Ишчаралар долбоордун башка ишчаралары менен байланышкан лекциялар-ды өткөрүүнү камтыйт. Лекциялар социалдык кызматкерлерди окутуунун ка-димки эле программасына камтылат. I) Маалыматтарды таркатуу Бул компонент эки бөлүктөн турат: 1) коом үчүн укуктар жана эрежелер тууралуу маалыматты камтыгансоциалдык кызмат көрсөтүү жана профессионалдар үчүн жумуштун жањы эре-желери жана ыкмалары тууралуу маалыматтар боюнча веб-сайт түзүү; 2) профессионалдар жана администраторлор үчүн долбоордун үчүнчүфазасынын жыйынтыктары тууралуу маалыматтарды таркатуу үчүн улуттукконференция 2009-жылы уюштурулат. Интернет кыйла кењири таркашына жараша пайдалануучулардын саныакырындык менен өсөөрү күтүлүүдө. J) Швецияга окуу туру Турдун максаты Швециядагы социалдык иштин менеджменти, процедура-сы, ыкмалары боюнча билим алуу максатында жергиликтүү мамлекеттик адми-нистрацияларга жана бийликтин борбордук органдарына мүмкүнчүлүк берүүболуп эсептелет. 2-статья. Кыргыз Республикасындагы "коркунуч тобундагы" балдар долбоорунунүчүнчү фазасын жүзөгө ашырууну колдоо үчүн SIDA тараптан 7500000 (жетимиллион беш жүз мињ) швед кронасындагы кошумча сумма берилет. 4-статья. "Окутуу. Кыргыз Республикасындагы "коркунуч тобундагы" балдар ме-нен социалдык иштерди өнүктүрүү" долбоорунун үчүнчү фазасын аяктоо бо-юнча борборлор Жалалабат шаарында жана Ош облусунун Карасуу районундатүзүлүп, Жалалабат облусунун жана Карасуу районунун мамлекеттик адми-нистрацияларынын каржылоосуна өткөрүп берилет, ошондой эле уюштурулганэки "Социалдык үй" Шопоков шаар башкармалыгына жана Крупская айыл өкмө-түнө каржылоого өткөрүп берилүүгө тийиш. Сокулук районундагы "Росток" реабилитациялык борбору 2008-жылдын1-январынан баштап Шопоков шаар башкармалыгына жана Крупская айыл өкмө-түнө каржылоого өткөрүп берилиши керек. 5-статья. Шведдик финансы каражаттарынан долбоордун мындан аркы ишчараларынкаржылоо мүмкүн боло турган убакыт аралыгы, - 2007-жылдын 1-октябрынан2009-жылдын 31-октябрына чейин. 13-статья. Макулдашуу 2010-жылдын апрелине чейин жарактуу.". 5-статья. Бул Протокол Атайын макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет,кол койгондон баштап убактылуу колдонулат жана Кыргыз тараптын анын кү-чүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткарган-дыгы тууралуу Швед тарап жазуу жүзүндөгү билдирүүнү алган күндөн баштапкүчүнө кирет. 6-статья. 2007__ жылдын "______" ___________ экөө англис, экөө орус тилде-ринде түзүлдү. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестик-тер келип чыкса Тараптар англис тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Стокгольм шаары, Бишкек шаары, _______________________________ _______________________________ орду жана датасы орду жана датасы Швеция, SIDA өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги _______________________________ _______________________________ Эльза Хастад, Колу Чыгыш Европа бөлүмүнүн начальниги _______________________________ _______________________________ Аты-жөнү, кызмат абалы баш Аты-жөнү, кызмат абалы баш тамгалар менен тамгалар менен