Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                       КР Министрлер Кабинетинин

        2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык

                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 9-ноябры № 459-б

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

 

     "Кадамжай шахта  курулуш башкармалыгы" акционердик коомунун жамаа-

тынын кайрылуусунда баяндалган Баткен облусунун мамлекеттик администра-

ция  башчысы  - губернатору укукка жат иштерди жасап жана кызмат абалын

кыянаттык менен пайдаланып жаткан имиштиги тууралуу фактыларды текшерүү

максатында:

     1. Төмөнкүдөй курамда комиссия түзүлсүн:

     Үркүнбаев Ш.Д.  - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администра-

                       циясынын уюштуруу иштери жана мамлекеттик башка-

                       руу  саясаты  бөлүмүнүн  мамлекеттик инспектору,

                       комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);

     Сатаев З.А.     - Кыргыз Республикасынын   Эсеп  палатасынын  укук

                       коргоо органдары менен  иштөө  боюнча  бөлүмүнүн

                       башчысы (макулдашуу боюнча);

     Шамбетов Т.Э.   - Кыргыз Республикасынын   Өкмөтүнүн   Аппаратынын

                       укуктук  камсыздоо  жана  кадр кызматы бөлүмүнүн

                       сот органдары менен өз  ара  аракеттенүү  боюнча

                       секторунун башчысы;

     Керимкулов К.А. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын фи-

                       нансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн эксперти;

     Артыков Н.      - Кыргыз Республикасынын  Финансы   министрлигинин

                       Баткен,  Жалалабат,  Ош  облустары жана Ош шаары

                       боюнча  финансылык  контролдоо  бөлүмүнүн  башкы

                       алиси.

     Келдибаев Ж.Ж.  - Баткен облусунун мамлекеттик администрация  баш-

                       чысынын-губернатордун орун басары.

     2. Комиссия жерине баруу менен бир жумалык мөөнөттө "Кадамжай шах-

та курулуш башкармалыгы" акционердик коомунун жамаатынын  кайрылуусунда

баяндалган  фактылар боюнча текшерүү жүргүзсүн жана жыйынтыктары туура-

луу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө маалымат берсин.

     3. Комиссия  мүчөлөрдүн командировкалык чыгымдар жиберүүчү уюмдар-

дын эсебинен төлөнсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын

     Премьер-министринин милдетин аткаруучу            А.Атамбаев