Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-ноябры №490-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ 1. Тиркелген: "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга чара кө-рүү боюнча координацияны күчтөндүрүү" жөнүндө биргелешкен долбоордукдокумент жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине аталганБиргелешкен долбоордук документке Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аты-нан кол коюуга ыйгарым укук берилсин. Премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Биргелешкен долбоордук документ Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча координацияны күчтөндүрүү Кыргыз Республикасы табигый кырсыктарга жана кыйроолорго чалдыкканөлкө. Көчкү, сел жана ташкын суу негизги кырсыктар, алар жыл сайын200-300 жолу болот. Сейсмикалык активдүүлүк туруктуу байкалып, жыл сай-ын 3 мињден ашык жер титирөө катталат. Мындан тышкары, өлкөдө өндүрүш-түк кырсыктар болуу коркунучу жогору, алардын булактары Советтер Союзу-нун мезгилинен калган өнөр жайлык жана радиоактивдүү саркындылардынкалдык сактагычтары болуп эсептелет. Биргелешкен долбоордук документтин негизги максаты, Кыргыз Респуб-ликасындагы мүмкүн болуучу табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчөкырдаалдарга тийиштүү жана натыйжалуу чара көрүү үчүн, Кыргыз Республи-касынын Өкмөтүнүн, Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка негизги катышуу-чулардын ортосунда табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаал-дарга чара көрүү тармагында кызматташтыкты жана координациялоону күчө-түү болуп саналат. БУУнун мекемесинин системасы тарабынан Кыргыз Республикасын өнүктүрүү тармагында жардам көрсөтүүнүн алкактык негиздери (ЮНДАФ) натыйжа А2: Калктын жарды катмарларына багытталган жакшырылган саясий чөйрөшартында, калктын жакыр жана абалы начар топтору негизги сапаттуу соци-алдык тейлөөлөргө жана жењилдиктерге ээ болуу мүмкүнчүлүгү жогорулап,жеткиликтүүлүгү тењ болот. Өлкөлүк программанын күтүлгөн натыйжалары А.5.1: Табигый кырсыктардын кесепеттерине чара көрүүгө жана жењилдетүүгөжогорулаган потенциал калктын жарды катмарларынын жашоо дењгээлин жого-рулатууга шарт түзөт. Индикатор: Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн натыйжалуу жолдору иштелип чык-ты; Гуманитардык ишмердиктин катышуучуларынын ортосунда өнөктөштүк жа-на өзара колдоочулук камсыз кылынды. Өлкөлүк программанын күтүлгөн натыйжасы А.5.1.1.: Улуттук дењгээлде өзгөчө кырдаалдарды башкаруу боюнча ыкмалар иш-телип чыгып, табигый кырсыктарды азайтуу жана гуманитардык жардам боюн-ча жетекчиликти кошкондо, бийликтин борбордук жана жергиликтүү органда-рынын ортосунда координациялоо иштери жакшыртылды. Индикаторлор: Өкмөт, бийликтин жергиликтүү органдары, мамлекеттик мекемелер,жергиликтүү граждандык коом, эл аралык уюмдар (мындан ары -кызыккан та-раптар) менен тийиштүү байланыштар түзүлдү; Ар түрдүү сектордук топтор ортосунда натыйжалуу координациялоо жа-на маалымат алмашуу ишке ашырылууда, ошондой эле, ар түрдүү сектордуктоптордун иши жалпы чара көрүү боюнча биргелешкен жана макулдашылганишаракеттерге киргизилди; Сектордук топтордун чогулуштары улуттук жана чөлкөмдүк дењгээлдер-де туура уюштурулган; Эрте калыбына келтирүү боюнча пландаштыруу ишмердиктин бардык сек-торлоруна же чөйрөлөрүнө киргизилди; Стратегиялык пландаштыруу бүт өлкө боюнча, т.а. улуттук дењгээлде(борбор), борбор менен чөлкөмдөрдүн ортосунда жана чөлкөмдөр аралыкдењгээлде макулдашылды. А.5.1.3: Өзгөчө кырдаалды башкаруу боюнча түйүн менен эл аралык өнөктөштүк-кө колдоо көрсөтүлүүдө. Индикатор: Гуманитардык жардам жөнүндө маалымат алмашуу боюнча Веб-сайт плат-формасы түзүлдү. Аткаруучу өнөк: Кыргыз Республикасынын Өкмөтү-----------------------------------------------------------------------|Долбоордун аталышы: Кыргыз Республикасында табигый жана техногендик || мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара керүү боюнча || координациялоону күчөтүү ||Программанын узактыгы: 2007-ж. ноябрынан 2009-ж. ноябрына чейин ||Фондду башкаруу түрү: Аралаш ||Пландаштырылган бюджет: 138,250 АКШ доллары ||Бөлүнгөн каражат: 138,250 АКШ долл.: ||- БУУнун координаторунун фонду (БУУ КФ) 5,000||- БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо боюнча || башкармалыгы (БУУ ГМКБ) 17,625||- БУУнун Өнүктүрүү программасы (БУУОП) 10,000||- БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 7,000||- Качкындар боюнча БУУнун Башкы комиссарынын 2,000|| башкармалыгы (БУУ БКБ) ||- Калк фонду (ЮНФПА) 2,000||- Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ССУ) 1,500||- БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БАП) 2,000||- Миграция боюнча эл аралык уюм (МЭУ) 2,000||- Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык 69,125|| башкармалык (КӨШБ) ||- Кызыл жарым ай улуттук коому (КЖУК) 20,000|| (эки тараптуу каржылоо)|----------------------------------------------------------------------- Бул финансылык каражаттар гранттык (кайтарылбаган) негизде БУУнункатышуучу агенттиктери (БУУнун координаторунун фонду, БУУнун гуманитар-дык маселелерди координациялоо боюнча башкармалыгы, БУУнун Өнүктүрүүпрограммасы, БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Качкындар боюнча БУУнун Баш-кы комиссарынын башкармалыгы, Калк фонду (ЮНФПА), Бүткүл дүйнөлүк сала-маттыкты сактоо уюму, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы,Миграция боюнча эл аралык уюм), донорлор (Кызматташтыкты өнүктүрүү бо-юнча Швейцариялык башкармалык) жана өкмөттүк эмес уюмдар (Кызыл жарымай улуттук коому) тарабынан бөлүнөт. Кыргыз Республикасындагы БУУнунӨнүктүрүү программасы администрациялык координатор катары чыгып, булдолбоорду жетектөө жана ишке ашыруу үчүн жооп берет. Жалпы маалымат жана талдоо Кыргыз Республикасы - континенталдуу жана бийик тоолуу өлкө, Бор-бордук Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Бул мурунку совет республи-касы. Аны түштүк-батышынан Памир жана Алай тоолору, түндүк-чыгышынанТянь-Шань тоолору курчап турат. Кыргыз Республикасы тоолуу өлкө, антке-ни анын аймагынын 94 пайызы дењиз дењгээлинен 1 мињ метр бийиктикте, алэми аянтынын 40 пайызы 3 мињ метр бийиктикте жайгашкан. Республика ээлеген аянт жогорку сейсмикалык зона болуп эсептелетжыл сайын 3,300 ашык жер титирөөлөр катталат. Жыл сайын негизги корку-нуч алып келген 200-300 көчкү, сел жана ташкын суу эсепке алынат.1992-2006-жылдары табигый кырсыктардын натыйжасында 580 адам, 2006-жыл-дын 11 айынын ичинде 74 адам каза болду. Жалгыз гана табигый кырсыктар-дын кесепетинен өлкө жыл сайын дээрлик 35 миллион АКШ долларлык зыянтартат, ал эми мамлекеттик бюджет 8,8 миллион АКШ долларын бөлүп берет. Мындан тышкары, өлкөдө өндүрүштүк кырсыктар болуу коркунучу жого-ру, алардын булактары Советтер Союзунун мезгилинен калган өнөр жайлыкжана радиоактивдүү саркындылардын калдык сактагычтары болуп эсептелет.Мурунку Советтер Союзунда атомдук өнөр жай 1940-жылдардын аягында жана1950-жылдардын башында өнүгүп баштап, алгачкы мезгилде аскердик прог-раммаларды ишке ашырууга топтоштурулган. Ал мезгилде уран жана сейреккездешүүчү кендер адегенде Борбордук Азия өлкөлөрүндө казылып алынган.Советтер Союзу ыдырагандан кийин Майлуу-Суу, Шекафтар, Сумсар жана Ка-жы-Сай шаарларындагы жана башка жерлердеги уран калдыктарын сактагычтаржана кен калдыктары тынчты ала баштады. Калдыктарды сактагычтардын көп-чүлүгү түздөн-түз суу бойлорунда курулган, жер көчкү пайда болгон учур-да кен калдыктар сууга кулап, региондук дењгээлде кырсыкка алып келишимүмкүн. Кыргыз Республикасындагы БУУнун координатору жана өлкөлүк топтунмүчөлөрү (БУУнун координаторунун фонду, БУУнун гуманитардык маселелердикоординациялоо боюнча башкармалыгы, БУУнун Өнүктүрүү программасы, БУУ-нун Балдар фонду (ЮНИСЕФ). Качкындар боюнча БУУнун Башкы комиссарынынбашкармалыгы, Калк фонду (ЮНФПА), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактооуюму, БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы, Миграция боюнча эларалык угам, Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швейцариялык башкармалык,Кызыл жарым ай улуттук коому) жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгүөзгөчө кырдаалдарды эрте алдын алууну талдоодо, даяр болууда, жараты-лыштык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда өлкөнүн муктаж-дыктарына баа берүүдө жана ишаракеттердин планын иштеп чыгууда БУУнунөлкөлүк тобунун потенциалын күчөтүү боюнча көмөк көрсөтүүнү БУУнун Ве-домстволор аралык комиссиясынын миссиясынан сурашты. Миссиянын сунуштары өзүнө, жаратылыштык жана техногендик мүнөздөгүөзгөчө кырдаалдарга чара көрүү потенциалын жогорулатуу, жергиликтүү ве-домстволордун жана мекемелердин начар жактарын стратегиялык жакшыртуумаксатында, БУУнун өлкөлүк тобу тарабынан даяр болуу жана жетишпеген-диктерди жоюу боюнча комплекттүү программаны мындан ары иштеп чыгуу жа-на бекитүү боюнча талаптарды камтыйт. Ошондой эле, 2003-жылы Кыргыз Республикасынын түштүгүндө көчкү ма-селелери боюнча ЮНДАК миссиясы: "улуттук бийликтер менен эл аралыккоомчулуктун ортосунда координациялоону күчөтүү зарыл, мындай талап,Кыргыз Республикасындагы кырдаал көрсөткөндөй, ресурстар чектелген шар-тта, эњ актуалдуу болууда" деп баса көрсөттү. БУУнун Агенттиктеринин жалпы даярдыгын жана чара көрүү потенциалынжогорулатуу максатында БУУнун өлкөлүк тобу тарабынан мындан ары да иша-ракеттер көрүлдү - Координациялоо жана тез баа берүү боюнча топ (КЕАСТ)түзүлдү, буга, кырсыктарды башкаруу боюнча өнөктөштүктүн чегинде Тажик-станга окууга барып-келүү да кирет. Миссиянын максаты, бул чөйрөдө бар-дык тараптардын ортосунда координациялоо жана маалымат алмашуу аркылуу,Кыргыз Республикасындагы жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчөкырдаалдарды башкаруу чөйрөсүндө биргелешкен күч-аракеттерди жогорула-туу үчүн КЕАСТин тажрыйбасы менен таанышуу жана бул процессте КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин лидердик абалын бекем-детүү болуп эсептелет. Мамлекеттик кызматкерлерди, Кызыл жарым ай улуттук коомунун(КЖУК), Бүткүл дүйнөлүк банктын, Кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча Швей-цариялык башкармалыктын (КӨШБ), Миграция боюнча эл аралык уюмдун, 1КШ,Каунтерпарт өкмөттүк эмес уюмдун өкүлдөрүн кошкондо, окууга барып-ке-лүүнүн катышуучулары жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүүпрограммасынын өкүлдөрү жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчөкырдаалдарга чара көрүү маселелери боюнча өлкөнүн координациялык потен-циалын жакшыртууга багытталган мындан аркы ишаракеттер боюнча конкрет-түү сунуштарды беришти. БУУнун өлкөлүк тобу жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдарминистрлиги тарабынан миссиянын сунуштары каралып, мындан ары аракетте-нүү үчүн колдоого алынды. Кийин, миссиянын натыйжалары боюнча негизгибагыттар, т.а. табигый кырсыктарга чара көрүү боюнча Координациялык ор-ганды жана сектордук топторду түзүү, гуманитардык жардамдын запастарыбоюнча вебсайтта маалыматтардын биргелешкен базасын иштеп чыгуу ж.б.2007-2010-жылдар үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министр-лигинин Ишаракеттер программасына жана перспективалык өнүгүү планынакиргизилген. 1. Сунуш кылынган чаралар жана күтүлгөн натыйжалар Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кыр-даалдардын алдын алуу, даяр болуу, иш-аракеттерди координациялоого, жа-ратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү үчүнтүздөн-түз жооп берет. Республиканын граждандык коргоо тутуму жаратылыш жана техногендикмүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга карата калктын даяр болуу маселелерин ка-райт, ал Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынанишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кыргыз Республи-касындагы бул тутумга баш болот, ал эми жергиликтүү администрациялардынтийиштүү башчылары облустарда, шаарларда жана райондордо мындай түзүм-дөрдү жетектешет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, граждандык коргоо ту-туму республикалык, чөлкөмдүк, аймактык жана жергиликтүү дењгээлде тү-зүлөт. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин чөлкөм-дүк жана аймактык бөлүмдөрү бардык граждандык коргоо тутумунун өзөктүүбөлүмчөлөрү болуп саналат, ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу түзү-мүндө бул милдеттер формалдуу болуп эсептелет. Өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу боюнча Ведомстволор ара-лык комиссия 2006-жылдын мартында түзүлүп, Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министри төрага болду, ал эми Кыргыз Республикасынын Өзгөчөкырдаалдар министри Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орунбасары болуп саналат. Ведомстволор аралык комиссия жаратылыш жана тех-ногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүгө даяр болуу тарма-гында министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ор-гандардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, коомдук фонддордун ж.б. ишаракеттеринкоординациялоо боюнча чараларды иштеп чыгууга укугу бар. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкекшаарындагы Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борбору толугу менен Өзгөчөкырдаалдарды алдын алуу боюнча Бүткүл Дүйнөлүк банктын долбоорунун че-гинде түзүлүп, комплектиленген. Кырсыктарды башкаруу боюнча кошумчастационардык жана кыймылдуу борборлор Кыргыз Республикасынын түштүгүн-дө, түндүгүндө жана чыгышында түзүлүүдө, алар Кыргыз РеспубликасынынӨзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу борборло-ру менен байланышып, маалыматты шашылыш түрдө өткөрүп берүүгө жөндөмдүүболот. Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара кө-рүү үчүн багытталган түзүмдөр жана мүмкүнчүлүктөр эске алынып. Тажикс-тан Республикасына окууга барып-келүүнүн мүчөлөрү тарабынан төмөнкүишаракеттер сунуш кылынды жана БУУнун өлкөлүк тобу жана Кыргыз Респуб-ликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул ишаракеттерди жактырышты.Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүкоординациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын потенциалын күчөтүү макса-тында: 1. Кыргыз Республикасында жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өз-гөчө кырдаалдарга чара көрүү маселелери менен иштеген эл аралык, өкмөт-түк эмес жана башка уюмдарга сереп жүргүзүлсүн. 2. Ведомстволор аралык комиссиянын чегинде "Өзгөчө кырдаалдаргачара көрүү боюнча координациялык топ" (КГРЧС) түзүлсүн, ага Кыргыз Рес-публикасындагы БУУнун тийиштүү агенттиктери ж.б. кирет (схема I тирке-меде; толук түзүмү жана КГРЧС Жобосу долбоорду жүзөгө ашыруу процессин-де иштелип чыгат). 3. "Кластердик" ыкмага таянып жана БУУнун гуманитардык реформасы-нын процессине ылайык, сектордук топтор аныкталсын (секторлордун жетек-чилери үчүн техникалык тапшырма II тиркемеде). 4. БУУнун агенттиктеринин жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өз-гөчө кырдаалдарга даяр болуу планы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кыр-даалдар министрлигинин ишаракеттер планы менен, Кызыл жарым ай улуттуккоомунун өзгөчө кырдаалдар боюнча планы жана башка тийиштүү уюмдардынпландары менен макулдашылсын. 5. Жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга каратаболгон запастары жөнүндө маалыматтардын комплекстүү базасы түзүлсүн(БУУ, КЖУК, ӨЭУ ж.б.) жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар ми-нистрлигинин веб-сайтында жайгаштырылсын. 6. Координациялоонун алгылыктуу ыкмалары чөлкөмдүк дењгээлде ишкекиргизилсин. 7. Ведомстволор аралык комиссиянын жумушчу органы катары КыргызРеспубликасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги БУУ, Кызыл крест жана Кы-зыл жарым ай кыймылы, ошондой эле жаратылыш жана техногендик мүнөздөгүөзгөчө кырдаалдарга чара көрүү тармагындагы башка негизги өнөктөр мененбирге Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча координациялык топтун иш-мердигин координациялайт. 8. Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча координациялык топ Жара-тылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана чаракөрүү боюнча улуттук планга киргизилет, ал, азыркы учурда Бүткүл дүйнө-лүк банктын өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча долбоорунун чегиндеиштелип чыгууда. 9. Бардык тараптардын ортосунда өз-ара аракеттенүүгө көмөк көрсө-түү үчүн, жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды на-тыйжалуу башкаруу, чара көрүү жана даяр болууда жардамды камсыз кылууүчүн секретариаттын колдоосу керек. Ал Кыргыз Республикасынын Өзгөчөкырдаалдар министрлигинде жайгашат. Күтүлгөн натыйжалар - өнөктөр ортосунда стратегиялык жана оперативдүү байланыштардытүзүү/өркүндөтүү; - өнөктөр ортосунда так максаттарды, стратегияны, ролдорду жанаукуктарды аныктоо; - өнөктөр ортосунда координациялоону жана маалымат алмашууну өр-күндөтүү; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка уюмдар менен бирге Би-риккен Улуттар Уюму тарабынан жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өз-гөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча координациялык ыкмаларды иштеп чы-гуу, бул жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын ке-сепети менен натыйжалуу күрөшүүгө мүмкүндүк берет; - Кыргыз Республикасында жаратылыш жана техногендик мүнөздөгү өз-гөчө кырдаалдардын натыйжасына чара көрүү боюнча даярдыктын жалпы по-тенциалын жогорулатуу. Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Өкмөтү үчүн Кыргыз Республикасындагы өлкөлүк тобу үчүн Колу: ______________________ Колу: ____________________ Аты-жөнү: Туратбек Жунушалиев Аты-жөнү: Нил Уолкер мырза Кызмат орду: Кыргыз Кызмат орду: БУУнун Кыргыз Республикасынын өзгөчө Республикасындагы туруктуу кырдаалдар министри координатору Күнү: _______________________ Күнү: ____________________