Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 24-декабры № 565-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигименен Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо ми-нистрлигинин ортосундагы Социалдык-эмгек чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндөмакулдашуунун долбооруна мүмкүн болгон принциптүү эмес мүнөздөгүөзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү эске алуу менен макулдукберилсин. Премьер-министринин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу И.Айдаралиев Долбоор Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Беларусь Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин ортосундагы Социалдык-эмгек чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Эмгек жанасоциалдык өнүктүрүү министрлиги менен Беларусь Республикасынын Эмгекжана социалдык жактан коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын ортосундагы ма-милелерди өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө умтулушуп, Тараптардын мамлекеттеринде социалдык-эмгек чөйрөсүн өнүктүрүүмаксатында Тараптар ортосундагы кызматташуу тажрыйба алмашууга багытта-ла тургандыгын таанышып, өз компетенцияларынын чегинде аракет кылуу, эларалык милдеттенме-лерди жана Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарын сактоо ме-нен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты: 1-статья. Тараптар социалдык-эмгек чөйрөсүндө төмөнкү багыттар боюнча кыз-матташууну өнүктүрүшөт: - социалдык-эмгек мамилелерин жөнгө салуу; - калкты социалдык жактан коргоо; - пенсия менен камсыз кылуу (камсыздандыруу); - эмгек шарттары жана коргоо. 2-статья. Тараптар ортосундагы кызматташуу төмөнкү формаларда жүзөгө ашыры-лат: - нормативдик документтерди жана кызматташуу багыттары боюнча маа-лыматтык-аналитикалык материалдарды алмашуу; - Тараптардын эксперттеринин Кыргыз Республикасынын жана БеларусьРеспубликасынын аймактарында социалдык-эмгек чөйрөсүндөгү маселелер бо-юнча өткөрүлгөн конференцияларга, семинарларга жана башка ишчараларгакатышуусу. 3-статья. Бул Макулдашууну жүзөгө ашырууга байланышкан чыгымдарды каржылоонуТараптар өздөрүнүн мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык өз ал-дынча жүзөгө ашырышат. 4-статья. Бул Макулдашуунун жоболорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Тараптардынортосунда келип чыгуучу талаш-тартыштар жана пикир келишпестиктерсүйлөшүүлөр жана консультациялар жолу менен чечилет. 5-статья. Тараптардын өз ара макулдугу боюнча зарылчылыгына жараша бул Ма-кулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар булМакулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор менентаризделет. 6-статья. Бул Макулдашуудан келип чыккан маалыматтарды алмашуу орус тилиндежүзөгө ашырылат. 7-статья. Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн баштап беш жылга күчүндө бо-лот. Эгерде Тараптардын бири кезектеги мөөнөт бүткөнгө чейин кеминдеалты ай мурда экинчи Тарапка бул Макулдашуунун колдонулушун токтотууниети жөнүндө билдирбесе, анын колдонулушу кийинки беш жылга өзүнөн өзүузартылат. ___________________шаарында 2007-жылдын "____" ___________ кыргыз,беларусь жана орус тилдеринде ар бири эки түп нускада түзүлдү, бардыктексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер келипчыкса Тараптар орус тилиндеги тексти колдонушат. Кыргыз Республикасынын Эмгек Беларусь Республикасынын жана социалдык өнүктүрүү Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги үчүн министрлиги үчүн