Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 12-ноябры № 466-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынынортосунда 2007-2008-жылдарга өнүктүрүү максаттарында эки тараптуу кыз-матташтык жөнүндө өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктарынын2007-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Протоколун атка-руу максатында: 1. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлиги квалификацияны эл аралык жогорулатуу жана персоналды өнүктүрүүкоому (InWEnt gGmbH) аркылуу Германия Федеративдүү Республикасынын Эко-номика жана технологиялар Федералдык министрлиги менен бирдикте уюшту-рулуучу менеджерлерди кайра даярдоо программасын ишке ашырууда негизгиөнөктөш болуп аныкталсын. 2. Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-трлигине Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитет-теринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин баш-ка органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары менен жерги-ликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин окутууга тартуу-га укук берилсин. Кыргыз Республикасынын премьер-министринин милдетин аткаруучу А.Атамбаев