Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 30-декабры № 590-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын Президентинин "2008-жылы жазгы талаа жумуш-тарын жүргүзүүдө айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсө-түү жөнүндө" 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 509 Жарлыгына жана "КыргызРеспубликасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүн 2008-жылдагы жазгы айдапсебүүгө жаздык дан өсүмдүктөрүнүн сорттуу үрөндөрү жана күйүүчү-майлоо-чу материалдар менен камсыз кылууда аларга мамлекеттик колдоо көрсөтүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-июнундагы №237 токтомуна ылайык: 1. Мамлекеттик материалдык резервге 10 мињ куб метр дизель отунунсатып алууну жана сактоого коюуну уюштуруу, кийин брондон чыгаруу жана2008-жылы жазгы талаа жумуштарын жүргүзүү мезгилинде айылдык товар өн-дүрүүчүлөргө сактоого коюу баасы боюнча сатуу үчүн төмөнкүдөй курамдаведомстволор аралык тендердик комиссия түзүлсүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алууларжана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунунорун басары, ведомстволор аралык тендердик комиссиянын төрагасы. Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода министри-нин орун басары; Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жайминистринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, ту-ризм жана ишкердик бөлүмүнүн эксперти. 2. Тендердик комиссия "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамында белгиленген тартипте тендердик документтердииштеп чыгууга жана тендер өткөрүүгө байланыштуу бардык зарыл жол-жобо-лорду аткарсын. 3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өк-мөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жа-на агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөл-сүн. Премьер-министри И.Чудинов