Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2008-жылдын 11-июну №279-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кыргыз Республикасынын отунга болгон керектөөсүн камсыздоо макса-тында: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Global Waste IndustriesInc" компаниясынын (Америка Кошмо Штаттары) ортосундагы Отундун альтер-нативдүү түрүн (ОАТ) чыгаруу жөнүндө ниеттер тууралуу протоколдун тир-келген долбоору жактырылсын. 2. Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министрине КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн атынан принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөр-дү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен аталган Протоколго кол коюу-га ыйгарым укук берилсин. Премьер-министри И.Чудинов Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен "Global Waste Industries Inc" компаниясынын (Америка Кошмо Штаттары) ортосундагы Отундун альтернативдүү түрүн (ОАТ) чыгаруу жөнүндө ниеттер тууралуу протокол Мындан ары Тараптар деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жа-на "Global Waste Industries Inc" компаниясы Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин 1993-жылдын 11-декабрындагы токтому менен ратификация-ланган Кыргыз Республикасы менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагыКапиталдык салымдарды кубаттоо жана өз ара коргоо жөнүндө келишимди кө-њүлгө алуу менен, мазутка туура келүүчү бардык параметрлер боюнча отундун альтерна-тивдүү түрүн (ОАТ) чыгаруу жана берүү боюнча долбоорду ишке ашыруу Та-раптардын ар биринин кызыкчылыктарына шайкеш келээрин эске алуу менен, төмөнкүлөр тууралуу макулдашты: 1-статья. Ниеттер тууралуу ушул Протоколдун (мындан ары - Протокол) максатыОАТты чыгаруу, сактоо жана пайдалануу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө,талдоо жана иштеп чыгуу болуп эсептелет, ушул жаатта Тараптартөмөнкүдөй чечимге келишти: Бул Протоколду ишке ашыруу төмөнкүдөй үч этапта өтөт: - ОАТты чыгаруу боюнча эксперименттик заводду орнотуу жана иш-тетүү; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү же анын ыйгарым укуктуу органы ме-нен "Global Waste Industries Inc" компаниясынын ортосунда кызматташуужөнүндө макулдашууну түзүү; - 1000000 (бир миллион) тонна ОАТтан кем эмес кубаттуулукта ОАТтычыгаруу боюнча завод куруу; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на ылайык төмөнкүлөрдү камсыздоого көмөк көрсөтөт: - ОАТты чыгаруу үчүн кыйла пайдалуу көмүр кени (запастар, иштетүүыкмалары, коммуникацияга жакындыгы) жөнүндө маалыматка; - көмүр калдыктарынын (шлактар жана көмүр чањы) саны, сапаты жанажайгашкан орду жөнүндө маалыматка; - ОАТтын потенциалдуу керектөөчүлөрү жөнүндө маалыматка; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызыкчылыктарына карама каршыкелбеген башка маалыматка жетүүгө. 2-статья. "Global Waste Industries Inc" компаниясы Кыргыз Республикасынынаймагында ОАТты чыгаруу боюнча эксперименттик чакан заводду курат жанаиштетет. Эксперименттик завод тарабынан чыгарылуучу продукция эл аралык та-лаптарга, экономикалык жактан максатка ылайык жана экологиялык норма-ларга шайкеш келген учурда Тараптар төмөнкүлөрдү жөнгө салуучу маселе-лерди макулдашуу үчүн жолугушууларды өткөрүшөт: - "Global Waste Industries Inc" компаниясына ОАТты чыгаруу жанасактоо боюнча курулмаларды жайгаштыруу үчүн жер участокторун бөлүүнү; - 1000000 (бир миллион) тонна ОАТтан кем эмес кубаттуулукта ОАТтычыгаруу боюнча завод курууну; - Кыргыз Республикасынын ОАТка болгон керектөөсүн толук камсыздоо-ну; - ОАТты чыгарууга, сактоого жана сатып өткөрүүгө байланыштуу башкамаселелерди. 3-статья. 1. Бул Протоколдун жоболору аткаруу үчүн милдеттүү шарт болупэсептелбейт, Тараптарга кандайдыр бир милдеттенмелерди жүктөөнү караш-тырбайт жана Тараптар катышкан башка келишимдерден келип чыгуучу Тарап-тардын укуктарын жана милдеттерин козгобойт. 2. Долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүндө Тараптар Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарына баш ийиши керек. 3. Бул Протоколду колдонуу жана ишке ашыруу боюнча Тараптардын ор-тосундагы талаш тартыштар жана пикир келишпестиктер консультациялар ар-кылуу чечилет. 4-статья 1. Бул Протокол кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. 2. Тараптардын макулдашуусу боюнча ушул Протоколго кошумча Прото-колдор менен таризделүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүм-күн, алар ушул Протоколдун ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет. Бул Протокол ____________ шаарында 2008-жылдын "____"_____________ эки түп нускада кол коюлду, ар бири кыргыз жана орус тил-деринде, мында ар бир текст бирдей күчкө ээ. Бул Протоколдун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыкканучурда Тараптар орус тилиндеги текстти жетекчиликке алышат. Кыргыз Республикасынын "Global Waste Industries Inc" Өкмөтүнүн атынан компаниясынын атынан