Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                       КР Министрлер Кабинетинин

        2022-жылдын 11-февралындагы N 57-т тескемесине ылайык

                             КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 18-декабры № 665-б

 

               КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ

 

     "Борборазиялык кызматташтык жана өнүктүрүү банкы" жабык  акционер-

дик  коомунун  ишмердиги  жана  аны  жоюу менен байланышкан маселелерди

чечүү үчүн:

     1. Төмөнкүдөй курамда жумушчу комиссия түзүлсүн:

     Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу  боюнча  мамле-

кеттик комитетинин төрагасынын орун басары, жумушчу комиссиянын төрага-

сы.

 

                     Жумушчу комиссиянын мүчөлөрү:

 

     Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;

     Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары;

     Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары;

     Кыргыз Республикасынын  Финансылык  полиция кызматынын төрагасынын

орун басары;

     Кыргыз Республикасынын Финансы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу

кызматынын төрагасынын орун басары;

     Кыргыз Республикасынын  Улуттук  банкынын  төрагасынын орун басары

(макулдашуу боюнча);

     Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын аудитору (макулдашуу боюн-

ча).

     2. Жумушчу  комиссия  30 жумушчу күндүн ичинде тиешелүү сунуштарды

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

     3. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 30-августундагы №

484-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

     4. Бул  буйруктун  аткарылышын  контролдоо  Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

     Кыргыз Республикасынын Премьер-министри           И.Чудинов