Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

           КР 2020-жылдын 1-августундагы № 110 Мыйзамына ылайык                              КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Бишкек шаары

2006-жылдын 4-августу № 147

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

                  "Жарандык абалдын актылары жөнүндө"

                   Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

              өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу

 

     2006-жылдын 16-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-статья.

 

     "Жарандык абалдын  актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына ("Эркинтоо"  гезити,  2005-жылдын 19-апрели, № 33") төмөнкүдөй өз-

гөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

     1. 7-статьянын биринчи пунктунун  экинчи  абзацындагы  "Котормонун

тууралыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр "Жого-

руда көрсөтүлгөн документтердин котормосун  ишке  ашырган  котормочунун

колунун аныктыгы нотариус тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек" деген сөздөр

менен алмаштырылсын.

     2. 9-статьянын 2-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баян-

далсын:

     "- өлгөн адамдын тууганына жарандык абалдын актысы мурда ага кара-

та түзүлгөн".

     3. 10-статьянын экинчи абзацы алып салынсын.

     4. 14-статьянын  1-пунктунун төртүнчү абзацы "төрөгөн учурда," де-

ген сөздөрдөн кийин "ошондой эле башка далилдер" деген сөздөр менен то-

лукталсын.

     5. 41-статьядагы "соттун  баланы  асырап  алуу  жөнүндө  мыйзамдуу

күчүнө  кирген" деген сөздөр "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын,

шаардын мэриясынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында алдын -  ала

каралган учурларда,  соттун баланы асырап алуу жөнүндө мыйзамдуу күчүнө

кирген чечими (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган)" деген сөздөр  менен

алмаштырылсын.

     6. 43-статьянын 2-пунктундагы "ушул чечимди чыгарган соттон" деген

сөздөр алып салынсын.

     7. 42,  43, 44, 46 жана 47-статьялардагы "соттун" деген сөз "ыйга-

рым укуктуу органдын" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

     8. 47-статьядагы  "ата-энелер"  (атасы   же   энеси)   тарабынан",

"ата-энеси (атасы  же  энеси)  жөнүндө"  деген  сөздөр  тийиштүү  түрдө

"ата-энеси тарабынан",  "атасы же энеси жөнүндө" деген сөздөр менен ал-

маштырылсын.

     9. 52-статьянын 5-пункту алып салынсын.

     10. 53-статьянын 1-пунктундагы "ошондой эле аталыгын аныктоого кө-

зөмөлчүлүк жана  камкордук органынын макулдугу бар учурда" деген сөздөр

"көзөмөлчүлүк жана  камкордук  органынын макулдугу менен, ал эми мындай

макулдук жок учурда - соттун чечими боюнча" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын.

 

     2-статья.

 

     Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын

     Президенти                                              К. Бакиев