Редакцияот 25.06.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ

БУЙРУК

 2016-жылдын 25-июну № 9

«Айдоочулар тобунун кайрылуулары боюнча талапка ылайык тийиштүү иштерди жүргүзүү үчүн ведомстволор аралык комиссия түзүү жөнүндө»

"Кыргыз Республикасынын ӨкмӨтүнүн айрым ченем чыгаруучулук ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө тууралуу" Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомдун ченемдерин жетекчиликке алып,

БУЙРУК КЫЛАБЫЗ:

1. Кыргыз      Республикасынын      Транспорт      жана      коммуникациялар министрлигине караштуу Жол-салмак контролунун ишмердүүлүгүнүн текшерүү боюнча тємєндєгү курамдагы ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүлсүн.

2.    Жумушчу комиссиянын жетекчиси:

Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич - Кыргыз Республикасынын ИИМдин министрдин орун басары, милициянын полковниги.

3.    Члены межведомственной комиссии:

-  Барпиев Талантбек    Айткулович - Кыргыз Республикасынын ИИМдин ПМББнын координациялоо жана контролдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын полковниги;

- Давлеталиев Шамил Шаршенбекович - Кыргыз Республикасынын ИИМдин 5-ББнын ыкчам єкүлү милициянын капитаны;

-  Джоробеков Эрмек Асилбекович - Кыргыз Республикасынын Єкмєтүнє караштуу ЭКККМКнын ыкчам єкүлү финансы полициянын ага лейтенанты;

-   Мукашев Мелис Эркинбекович - Кыргыз Республикасынын МУККнын кызматкери;

-  Береналиев Азатбек Бабаканович - Кыргыз Республикасынын    ТИМдин Департамент консул кызматынын 2-катчысы;

-  Бейшеев Канатбек Дуйшенбекович - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Авто-жол башкармалыгынын башкы юрист адиси.

4.    Ведомстволор    аралык    жумушчу    комиссиясы    айдоочулардын    тобу тарабынан баяндалып жазылган фактыларын текшерүү боюнча иш-чара планын иштеп чыгып, бекитсин.

5.   Бекитилген Пландын пункттарынын ишке ашырылышына жараша бир айлык мєєнєттє  Кыргыз  Республикасынын  Коргоо  Кеўешинин  Катчылыгына отчет берсин.

6.   Ушул      буйруктун   талаптарынын   аткарылышын   контролдоо   Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин жүктөлсүн;

 

Кыргыз Республикасынын

Ички иштер министри  

 

К.Джунушалиев