Сравнение редакций…
| 1-Тиркеме 2017-жылдын 6-июлу № 226 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин буйругуна |
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларды аныктоо усулу (туруктуу техникалык көзөмөлдөө)
«Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-2-беренесине ылайык жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө (туруктуу техникалык көзөмөлдөө) негизги баалар өзгөчө каражаттарды пландаштырууда колдонулат.
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларды аныктоо усулу (мындан ары – Усулу) жол боюнча кеңеш берүү кызматына пландаштырылган каражаттардын эсеп-кысабынын тартибин бекитет.
Жол боюнча кеңеш берүү кызматына бааларды эсептөөдө төмөндөгүлөр колдонулат:
- курулуштагы ченемдик документтер (Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдер жана эрежелери) КРЕР-2015 Автомобиль жолдору № 27;
- «Жол иштеринин түрлөрү боюнча туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) убакытты чыгымдоонун ченеминин» (мындан ары – Ченемдер) ушул усулуна тиркеме.
Жол боюнча кеңеш берүү кызматы жүргүзүлө турган жол иштеринин пландаштырылган түрлөрүн ченем боюнча табабыз жана ушул иштин түрүнө (ченөөчү) аныкталган көлөмгө эмгек чыгымынын (саат менен) ченемин жана жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын ченемин аныктайбыз (таблицада жол иштеринин түрлөрүнө эмгек чыгымынын пайызы катары көрсөтүлгөн).
Пландаштырылган жол иштерине убакыттын эмгек чыгымынын ченемин пландаштырылган жол иштеринин көлөмдөрүнө ылайык келтиребиз ( Мисалы: Ченөөчү - 1000 м2,пландаштырылган жол иштеринин көлөмү -2000м2, убакыттын көлөмү – 10 саат. Көлөмгө ылайык келтирүү: 2000м2:1000м2*10 = 20 саат).
Эгерде жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын ченеми тиешелүү таблицада бир канча позицияда көрсөтүлгөн болсо, анда алардын суммасын төмөндөгүдөй (мисалы: 30%+10%=40%) деп эсептейбиз.
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын ченеми саат менен эсептелет, жол иштеринин пландаштырылган көлөмүнө эмгек чыгымын жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнүн эмгек чыгымына көбөйтүү жолу пайыз түрүндө чыгарылат (мисалы: 20 саат*40%= 8саат).
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын саат менен эсептелген ченемин инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюмуна көбөйтөбүз (мисалы: инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюму – 50 сом. Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымдары сом менен 8саат*50сом=400сом).
Юридикалык жактардын айлык акыларынан социалдык төлөмдөргө чегерүүлөрдү эсепке алабыз (мисалы: 400сом*17,25%=69сом).
Транспорттук чыгымдарга, лабораториялык тесттерге, байланышка жана башка жардамчы жумуштарга кошумча чыгымдарды инженер-кеңешчинин айлык акысынын 50% өлчөмүндө эсепке алабыз (мисалы: 400сом*50%=200 сом).
Кошумча наркка жана сатууга салынган салыкты эсепке алабыз (мисалы: 600*12%+600*2%=93,66сом).
Пайда алуунун 8% чегинде эсепке алабыз(мисалы: 600*8%=48 сом).
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларды аныктоо усулуна үлгү:
«6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууда» туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен каражаттардын көлөмүн аныктоо.
Туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен убакыттын чыгымдарынын Ченеминде (1-Тиркеме), жол иштеринин ылайыктуу түрүн көрөбүз, б.а., «Ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусу». Асфальтбетон аралашмасын даярдоо үчүн майда шагыл таштардын 2,5-2,9 т/м3 (код 27-06-020-1) тыгыздыктагы материалы колдонулат.
Тиешелүү таблицанын «27-06-020-1» мамычасында «Эмгек чыгымдары» жөнүндөгү саптын кесилишинде жол иштеринин бул түрүнө кеткен эмгек чыгымдарынын ченемин табабыз – 19,08 саат. Жол иштеринин ар бир түрүнө «Өлчөгүчтөр» көрсөтүлгөн, б.а., эмгек чыгымдары иштин кайсы көлөмүнө эсептелинген.
Бул учурда «Өлчөгүч» 1000 м2 барабар 6500 м2 эмгек чыгымдарын алуу үчүн иштин бул көлөмүн «Өлчөгүчкө» бөлүү зарыл:
6500:1000 = 6,5;
Биздин жол иштери үчүн эмгек чыгымдарынын Ченеми:
19,08 с * 6,5 = 124,02 саатка барабар болот.
124,02 саат - «6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууга» кеткен эмгек чыгымынын ченеми.
Андан ары Таблица боюнча туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен эмгек чыгымдарын табабыз. Бул учурда туруктуу көзөмөлдөөгө катышат:
- инженер жолчу - жол иштерине кеткен эмгек чыгымдарынын убактысынын 40%;
- инженер топограф - 40%;
- жана жардамчы кызматкерлер - 30%.
Баардыгы жол иштеринин түрүнө кеткен эмгек чыгымдарынын убактысынын 110% : 124,02*110% = 136,42 саат.
- «6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууну» туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө баардыгы болуп 136,42 саат кетээрин аныктадык.
Үлгү үчүн биз инженер-консультанттын орточо сааттык ченемин 50 сомго барабар деп колдонобуз, анын ичине киреше салыгы жана жеке адамдар социалдык камсыздандырууга төлөгөн төлөмдөр кирет.
136,42*50сом = 6821 сом.
Юридикалык жактардын социалдык төлөмдөр боюнча төгүүлөрүн эсепке алуу үчүн, алынган суммага айлык акынын17,25 % кошобуз.
6821*17,25% = 1176,6 сом
6821+1176,6 = 7997,6 сом
кошумча чыгымдарды эсепке алуу менен:
6821 *50% = 3410,5 сом
6821+ 3410,5 = 10231,5 сом
НДС (12%) жана сатуудан алынган салык (2%) эсепке алуу менен:
(6821 + 7997,6) *12% + (6821+7997,6) *2% = 2074,4 сом.
8% чегинде рентабелдүүлүктү эсепке алабыз:
(6821+7997,6) *8% = 1185,5 сом.
Баардыгы: 6821+7997,6+10231,5+2074,4+1185,5= 28310 сом
Бул үлгүдө «6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууну» туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө баардыгы болуп 28310 сом суммасына барабар каражаттардын көлөмү кетээри аныкталды.
Кыргыз Республикасында жол боюнча кеңеш берүү кызматынын сатып алуусунда каражаттарды үнөмдөө максатында, автомобиль жолдорунун долбоор баардык наркынан жергиликтүү компанияларга 1,4% түзөт.
Жогоруда көрсөтүлгөн үлгүдө аныкталган: 28310*1,4% = 396,3 сом.
| Тиркеме 2 КР Транспорт жана жол мимнистрлигинин 2017-жылдын 6-июлу № 226 буйругу менен бекитилген |
туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүүгө кеткен убакыт НОРМАСЫ
(Жолго консультантивдик кызмат КӨРСӨТҮҮ)
жол ишинин түрү
Ченеми:негизи же жабдуусу 1000 м2
Бир катмардуу негиздүү жана жабылышын 20 см калындыктагы топуракты бекитүү, битум (битумдук эмульсия) менен аралшкандан кийин:
27-01-001-01 илинүүчүфрезалар менен
27-01-001-02 автогрейдерлер менен
Ресурстун шифри | Чыгымдардын аталышы | Ченөө бирдиги. | 27-01-001-01 | 27-01-001-02 |
| Эмгектин убакыт чыгымы | саат | 10,98 | 11,57 |
| Техникалык көзөмөлгө убакыт чыгым: - жол инженери; - топограф инженери; - жардамчы адистер; |
%
|
10 10 5 |
10 10 5 |
| 1-Тиркеме 2017-жылдын 6-июлу № 226 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин буйругуна |
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларды аныктоо УСУЛУ (туруктуу техникалык көзөмөлдөө)
(КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 28-декабрындагы № 417 буйругунун редакциясына ылайык)
"Автомобиль жолдору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-2-беренесине ылайык жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө (туруктуу техникалык көзөмөлдөө) негизги баалар өзгөчө каражаттарды пландаштырууда колдонулат.
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларды аныктоо усулу (мындан ары - Усулу), жол боюнча кеңеш берүү кызматына пландаштырылган каражаттардын эсеп-кысабынын тартибин аныктайт.
Жол боюнча кеңеш берүү кызматына бааларды эсептөөдө төмөндөгүлөр колдонулат:
- "Жол иштеринин түрлөрү боюнча туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө (жол боюнча кеңеш берүү кызматы) убакытты чыгымдоонун ченеминин" (мындан ары - Ченемдер) ушул Усулуна 1, 2-тиркеме; - инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюму.
Эсептөөнүн тартиби:
Жол боюнча кеңеш берүү кызматы жүргүзүлө турган жол иштеринин пландаштырылган түрлөрүн ченем боюнча табабыз жана ушул иштин түрүнө (ченөөчү) аныкталган көлөмгө эмгек чыгымынын (саат менен) ченемин жана жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын ченемин аныктайбыз (таблицада жол иштеринин түрлөрүнө эмгек чыгымынын пайызы катары көрсөтүлгөн).
Пландаштырылган жол иштерине убакыттын эмгек чыгымынын ченемин пландаштырылган жол иштеринин көлөмдөрүнө ылайык келтиребиз (мисалы: ченөөчү - 1000 м2, пландаштырылган жол иштеринин көлөмү - 2000 м2, убакыттын өлчөмү - 10 саат. Көлөмгө ылайык келтирүү: 2000 м2 : 1000 м2 * 10 саат = 20 саат).
Эгерде жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын өлчөмү тиешелүү таблицада бир канча позицияда көрсөтүлгөн болсо, анда алардын суммасын төмөндөгүдөй (мисалы: 30%+10%=40%) деп эсептейбиз.
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын ченеми саат менен эсептелет, жол иштеринин пландаштырылган көлөмүнө эмгек чыгымын жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнүн эмгек чыгымынын пайызына көбөйтүү жолу менен чыгарылат (мисалы: 20 саат х 40% = 8 саат).
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымынын саат менен эсептелген ченемин инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюмуна көбөйтөбүз (мисалы: инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюму - 50 сом. Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө эмгек чыгымдары сом менен 8 саат х 50 сом = 400 сом).
Юридикалык жактардын айлык акыларынан социалдык төлөмдөргө чегерүүлөрдү эсепке алабыз (мисалы: 400 сом * 17,25% = 69 сом).
Транспорттук чыгымдарга, лабораториялык тесттерге, байланышка жана башка жардамчы жумуштарга кошумча чыгымдарды инженер-кеңешчинин айлык акысынын 50% өлчөмүндө эсепке алабыз (мисалы: 400 сом х 50% = 200 сом).
Кошумча наркка жана сатууга салынган салыкты эсепке алабыз (мисалы: (400+200)х12%+(400+200)х2%=84,0 сом).
Рентабелдүүлүктү 8% чегинде эсепке алабыз (мисалы: (400+200)х8%=48 сом).
Жол боюнча кеңеш берүү кызматынын түрлөрүнө бааларды аныктоо усулуна үлгү:
"6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууда" туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен каражаттардын көлөмүн аныктоо.
Туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен убакыттын чыгымдарынын тиркеме 2ден (2-тиркеме) жол иштеринин ылайыктуу түрүн таблица КРЕР27-06-020-01ден 1000 м2 "Ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусуна" кеткен эмгек чыгымын табабыз. 1000 м2ка кеткен эмгек чыгымы (убакыт бирдиги) - 13,07 саатты түзөт.
"6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууда" канча убакыт талап болорун аныктайбыз:
(6500 м2 : 1000 м2 х 13,07 саат = 84,89 саат,
мында: 6500 м2 - пландаштырылган иштин көлөмү;
1000 м2 - бирдик өлчөмү (бирдикчени);
13,07 саат - 1000 м2 ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусуна" кеткен эмгек чыгымы (убакыт бирдиги).
Кийин КРЕР27-06-020-01 таблицасынан туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен эмгек чыгымдарды аныктайбыз:
- инженер жолчу - 40%, ((6500 м2:1000 м2)х13,07)х40%=33,95 саат;
- инженер топограф - 40%, ((6500 м2:1000 м2)х13,07)х40%=33,95 саат;
- жардамчы кызматкерлер - 30%, ((6500 м2:1000 м2)х13,07)х30%=25,47 саат.
Баардык туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен эмгек чыгымдары:
(33,95+33,95+25,47)=93,37 саат.
Биз 6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууга, туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө кеткен эмгек чыгымдарына 93,37 саат кетээрин аныктадык.
Үлгү үчүн биз инженер-консультанттын орточо сааттык коюму 50 сомго барабар деп колдонобуз.
93,57 час х 50 сом = 4668,5 сом.
Социалдык фонд - 17,25% эмгек акыдан:
4668,5 сом х 17,25% = 805,32 сом.
Кошумча чыгымдарды эсепке алуу менен: транспорттук чыгымга, командировкага чыгуу чыгымы, лабораториялык тесттерге, байланышка жана башка кошумча чыгымдарга инженер-консультанттарынын эмгек маянасынан 50% алабыз.
4668,5х50%=2334,25 сом.
НДС (12%) жана сатуудан алынган салык (2%) эсепке алуу менен:
(4668,5+2334,25)х12%+(4668,5+2334,25)х2%=980,38 сом.
8% өлчөмдө рентабелдүүлүктү эсепке алуу менен:
(4668,5+2334,25)х8%=560,22 сом.
Бул үлгүдө "6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун курууда" туруктуу техникалык көзөмөлдөөгө бардыгы болуп 9348,67 сом суммасына барабар каражаттардын көлөмү кетээри аныкталды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы токтому менен Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жергиликтүү бюджеттердин пайдалануу менен курулушту ишке ашыруучу заказчы-куруучунун кызматын күтүүгө чыгымдардын нормативи негизги капиталга (капиталдык салымдарга) инвестициялардын жана негизги фонддорду ремонттоого чыгымдардын көлөмүнүн 2,9 процентине чейинки өлчөмдө бекитилген.
Кыргыз Республикасында жол боюнча кеңеш берүү кызматын сатып алууда, каражаттарды үнөмдөө максатында, курулуш жана оңдоо иштеринин көлөмүнүн баасынын 1,4 процентин колдонобуз.
Инженер-кеңешчинин орточо сааттык коюмун аныктайбыз:
4668,5+2334,25*1,4/84,89=115,49 сом,
мында: 4669,5 сом - 6500 м2 көлөмдөгү ысык асфальтбетон аралашмасынын 4 см калыңдыктагы жабуусун куруудагы инженер-кеңешчинин жалпы эмгек маянасы;
2334,25 сом - инженер-консультанттарынын транспорттук чыгымга, командировкага чыгуу чыгымы, лабораториялык тесттерге, байланышка жана башка кошумча чыгымдары;
1,4 - техникалык көзөмөлдөөнүн, курулуш жана оңдоо иштеринин жалпы көлөмүнүн коэффициенти;
84,89 саат - 6500 м2 асфальтобетон жабдуусун курууга кеткен убакыт.
| Тиркеме 2 КР Транспорт жана жол мимнистрлигинин 2017-жылдын 6-июлу № 226 буйругу менен бекитилген |
туруктуу техникалык көзөмөл жүргүзүүгө кеткен убакыт НОРМАСЫ
(Жолго консультантивдик кызмат КӨРСӨТҮҮ)
жол ишинин түрү
Ченеми:негизи же жабдуусу 1000 м2
Бир катмардуу негиздүү жана жабылышын 20 см калындыктагы топуракты бекитүү, битум (битумдук эмульсия) менен аралшкандан кийин:
27-01-001-01 илинүүчүфрезалар менен
27-01-001-02 автогрейдерлер менен
Ресурстун шифри | Чыгымдардын аталышы | Ченөө бирдиги. | 27-01-001-01 | 27-01-001-02 |
| Эмгектин убакыт чыгымы | саат | 10,98 | 11,57 |
| Техникалык көзөмөлгө убакыт чыгым: - жол инженери; - топограф инженери; - жардамчы адистер; |
%
|
10 10 5 |
10 10 5 |