Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТИРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 04-апрели № 302
«Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым каттарды акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү» мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн Администрациялык регламентин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө» №26 токтомунун 2-пунктунун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» №530 токтомунун 1-тиркемесинин 2-пунктунун негиздеринде жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде «Бирдиктүү терезе» принцибин ишке киргизүү жана маалым каттардын баасы өзгөргөндүгүнө байланыштуу «Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым каттарды акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Администрациялык регламентинин процесстерин ылайыкка келтирүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдамаларды акысыз жана акы төлөмө негиздеринде берүү боюнча Администрациялык регламент тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББ, облустагы ИИБ жана Бишкек жана Ош шаарларындагы ИИБ ушул буйруктун натыйжалуу аткарылышы боюнча керектүү чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2018-жылдын 28-мартындагы «Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым каттарды акысыз жана акы төлөө негиздеринде берүү» мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн Администрациялык регламентин бекитүү жөнүндө» №339 буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын башчысы милициянын полковниги Б.С. Курманалиевге жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору К.С. Асановго жүктөлсүн.
Министр милициянын генерал-майору | К. Джунушалиев |
Кыргыз Республикасынын
ИИМдин 2019-жылдын 4-апрелиндеги
№ 302 буйругуна тиркеме
(2012-жылдын 10-февралындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 85 токтомунун 39-391 - пункттарынын Маалыматтарды берүү, 6-бап: мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн Бирдиктүү реестри (тизмеси))
1. Ушул регламент төмөндөгүлөрдү аныктайт:
- Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББнын кызматкерлеринин Кыргыз Республикасынын жарандарына же Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет элдик жарандарга, ошондой эле юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалым каттарды берүүдө арыздарды кабыл алуусунун эрежеси (мындан ары-Маалым кат);
- арыздарды кароонун, иштеп чыгуунун, ошондой эле Маалым каттарды берүүнүн тартиби;
- Маалым кат жана Типтүү келишимдин арыз формасындагы бирдиктүү талаптары;
2. Мамлекеттик тейлөөлөрдү көрсөтүүнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы (мындан ары-МТББ) ишке ашырат.
МТББнын кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын ИИОнун аймактык ыйгарым укуктуу маалыматтык-аналитикалык бөлүктөрү, ушул регламенттин жоболоруна ылайык, жеке жана юридикалык жактарга маалым каттарды берүүнү камсыз кылышат.
3. Ушул тейлөөлөрдүн Администрациялык регламенти 2014-жылдын 3-июнундагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 303 токтому менен бекитилген тейлөөлөрдүн стандарттарынын талаптарына ылайык келет.
4. Берилген стандарттык тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн негизги параметри:
1) Тейлөөлөрдү көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
- акысыз негизде – 7 жумушчу күндөн көп эмес;
- акы төлөөнүн негизинде, тез арада алуу тартиби – 3 жумушчу күндөн көп эмес.
Эгерде маалым катты берүүдө кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, анын мөөнөтү арыз ээсинин макулдугу боюнча 3 жумушчу күнгө узартылышы мүмкүн.
Бардык арыздарды аткаруунун убагы, сутка ичинде келип түшкөн арыздардын санына жана арыздарды иштеп чыгууга тартылган персоналдын санына көз каранды болот. Арыздар алардын келип түшкөн кезегин эске алуу менен иштелип чыгат.
2) Тейлөө көрсөтүүнү алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси:
а) жеке жактар үчүн:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын же Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет элдик жарандардын электрондук же жазуу түрүндөгү арыздары.
Электрондук арыз «Б-Маалым кат» (мындан ары – «Б-Маалым кат» тутуму) автоматташтырылган маалыматтык тутумуна автоматтык түрдө түзүлөт.
Арыз ээсинин жеке идентификациялык номери жок болуп калган учурда, арыз ээси 1-Тиркеменин белгиленген формаларына ылайык, жазуу түрүндө арыз менен кайрылышы мүмкүн.
Жазуу түрүндө арыз берүү учурунда, ага текшерилүүчүнүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документинин көчүрмөсү тиркелет.
Жарандар даяр болгон маалым каттарды алуу үчүн өздүгүн күбөлөндүрүүчү документтерин көрсөтүүсү зарыл.
Эгерде адамдар өз алдынча маалым катты алуу үчүн органга кайрыла албаган учурларда, маалым катты алууга муктаж болгон жарандын паспортунун көчүрмөсү жана нотариалдык күбөлөндүрүү менен башка жеке же юридикалык жактар менен кайрылса болот.
б) юридикалык жактар үчүн:
- 2-Тиркеменин белгиленген формаларына ылайык, Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББгы менен келишим;
- ишке кабыл алынган жаранга же кардарга карата, анын текшерүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу менен арыз/сурамдар (Типтүү келишимдин тиркемесинин белгиленген формасы);
- текшерилүүчүнүн өздүгүн тактыктоочу документинин көчүрмөсү.
3) Акы төлөө негизинде, тез арада алуу тартиби боюнча тейлөөлөрдүн баасы:
- 3 сутка – 86 сом;
- 1 сутка – 191 сом.
4) Тейлөөнүн жыйынтыктары:
Маалым кат:
- Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын соттуулугунун бар болуусу тууралуу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын соттуулугунун жок болуусу тууралуу;
- адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы жөнүндө маалыматтын бар болуусу тууралуу;
2. Тейлөөлөрдү көрсөтүү процессиндеги аткарылуучу жол-жоболордун тизмеси
5. Тейлөөлөрдү көрсөтүү өндүрүшү төмөнкүдөй жол –жоболор топтомун камтыйт:
а) жеке жактар үчүн:
№ | Жол-жоболордун аталыштары | Эскертүү |
1. | Электрондук арыздарды кабыл алуу жана каттоо
| Электрондук жол менен келген арыздар: - электрондук тейлөөлөрдүн мамлекеттик порталы; - КР ИИМдин электрондук тейлөө порталы; - КР ИИМдин электрондук тейлөө порталы тутумуна кошулган программалык-аппараттык тутуму, төлөм терминалдары. |
2. | Кыргыз Республикасынын аймагында адамдын кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугун текшерүү |
|
3. | Маалым каттарды түзүү |
|
4. | Маалым каттарга мөөр коюу жана кол белги коюу |
|
5. | Маалым каттарды курьер аркылуу МТКБна жеткирүү |
|
6. | Маалым каттарды берүү |
|
КР ИИМнин 2023-жылдын 30-мартындагы № 1-буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ