Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ,
ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ
МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ
БУЙРУК
2018-жылдын 12-майы № 01-7/239
«Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу жөнүндөгү Жобону» жана «Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын окутуу жана билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү Жобону» бекитүү жөнүндө
(2020-жылдын 11-февралындагы 01-7/73, 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 01-01/306 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Куруу, иштетүү, реконструкциялоо, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, кооптуу өндүрүштүк объектилерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды жасоо, курап чогултуу, ишке салуу, тейлөө жана оңдоп түзөтүү жумуштарын аткаруучу ишканалардын жетекчилерин, адистерин жана негизги кесиптер боюнча жумушчуларын даярдоо жана аттестациялоо иштерин уюштуруу тартибин камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык, Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндөгү жобо;
- 2-тиркемеге ылайык, Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын жумушчуларын даярдоо жана билимин текшерүүнү уюштуруу жөнүндөгү жобо.
Бул буйрук, расмий түрдө жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бул буйруктун көчүрмөсү, ал күчүнө киргенден кийин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына, маалымат үчүн жөнөтүлсүн.
Төрага | У.Д.Рыскулов |
Өнөр жай коопсуздугу жаатында ишканалардын адистерин даярдоо жана аттестациялоо боюнча иштерди уюштуруу жөнүндөгү
жобо
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо, кооптуу өндүрүштүк объектилерге (мындан ары – объектилер) тиешелүү, аларды долбоорлоо, куруу, иштетүү, реконструкциялоо, капиталдык оңдоп түзөтүү, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, аларда колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды жасоо, курап чогултуу, ишке салуу, тейлөө жана оңдоп түзөтүү жумуштарын аткаруучу ишканалардын адистерин (кызматкерлерди) даярдоо жана аттестациялоо; өндүрүштүк көзөмөл (мындан ары - көзөмөлдөнүүчү ишканалар), ошондой эле, жетекчилерди жана адистерди өндүрүштүк коопсуздук маселелери боюнча даярдоо жана кайра даярдоо иштерин уюштуруу тартибин орнотот.
2. Эгерде, адистердин кээ бир категориялары үчүн нормативдик укуктук актылар боюнча коопсуздук боюнча билимин кошумча текшерүү жана көзөмөлдөө каралган болсо, анда ошол нормативдик укуктук актыларда каралган талаптар колдонулат.
3. Адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча даярдоо жана аттестациялоо, кызматтык милдеттерине тиешелүү көлөмдө жүргүзүлөт.
4. Өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестациялоодо, өндүрүштүк коопсуздуктун, мыйзамдарда жана башка Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында бекитилген өндүрүштүк коопсуздуктун талаптары боюнча билими текшерилет.
Билимин текшерүү өзүнчө экзамен аркылуу жүргүзүлөт. Экзамендик билеттерди калыптоодо, аларга, аттестациянын ар бир областы боюнча бештен кем эмес суроолор (тесттик тапшырма) киргизилет.
Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган түзгөн аттестациялык комиссияларда билимин текшерүү электрондук тестирлөө форматында жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Жараталыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 01-01/306 буйругунун редакциясына ылайык)
2. Адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча даярдоо
5. Адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестациялоого чейин, аларды атайын уруксат берүүчү функциялуу жана өнөр жай коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты жана нормативдик-укуктук жөнгө салууну жүргүзгөн аткаруу бийлиги менен макулдашылган окуу программалары боюнча даярдоо жүргүзүлөт.
Даярдоо жүргүзүлөт:
- даярдоо менен алектенген мекемелерде, бетме-бет жана дистанциялык формаларда;
- өз алдынча даярдануу режиминде. Мында окуу программасын даярдоо менен алектенген мекемелерден алуу зарыл.
(КР 2020-жылдын 11-февралындагы № 01-7/73 буйругунун редакциясына ылайык)
6. Даярдоо менен алектенген мекеменин, керектүү сандагы тиешелүү адистикке жараша ушул Жобонун тартиби боюнча аттестацияланган адистери болууга тийиш.
3. Өнөр жай коопсуздугу жаатында адистерди аттестациялоо
7. Өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестациялоо төмөндөгү ишканалардын адистери үчүн жүргүзүлөт:
- долбоорлоо, куруу, иштетүү, реконструкциялоо оңдоп түзөтүү, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, кооптуу өндүрүштүк объектилерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды жасоо, курап чогултуу, ишке салуу , тейлөө жана оңдоп түзөтүү жумуштарын аткаруучу;
- өндүрүштүк көзөмөл жүргүзүүчү;
- жетекчилерди жана адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестацияга чейинки даярдоо жана кайра даярдоо менен алектенген;
8. (КР 2020-жылдын 11-февралындагы №01-7/73 буйругунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
9. Кооптуу өндүрүштүк объектилерди долбоорлоо куруу, иштетүү, реконструкциялоо, техникалык жаңылап куралдандыруу, консервациялоо жана жок кылуу, ошондой эле, кооптуу өндүрүштүк объектилерде колдонулуучу техникалык түзүлүштөрдү, машиналарды жана жабдууларды жасоо, курап чогултуу, ишке салуу , тейлөө жана оңдоп түзөтүү жумуштарын; өндүрүштүк көзөмөл; жетекчилерди жана адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестацияга чейинки даярдоо жана кайра даярдоо иштерин аткаруучу ишканалардын адистерин аттестациялоо, аттестациялануучулар иштеген ишканалардын комиссияларында, ошондой эле, өнөр жай коопсуздугу жаатында текшерүү жана көзөмөлдөө функцияларга ээ жана өнөр жай копсуздугу жаатында мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүчү (мындан ары – ыйгарымдуу текшерүүчү орган) аткаруу бийлигинин органынын аттестациялык комиссияларында (борбордук аттестациялык комиссия, аймактык аттестациялык комиссиялар) жүргүзүлөт.
(КР 2020-жылдын 11-февралындагы №01-7/73 буйругунун негизинде КҮЧҮН ЖОГОТТУ)
Ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссиясынан өндүрүштүк контролду жүзөгө ашырган бөлүктөрүнүн жетекчилери жана башкы адистери аттестациядан өтүшөт. Ишканалардын катардагы инженердик-техникалык курамы, кооптуу өндүрүштүк объекттер үчүн адистерди даярдоо чөйрөсүндөгү билим берүү ишмердигине лицензиясы бар окуу борборлоруна караштуу комиссиялардан алгачкы аттестациядан өтүшөт, ал эми улантуучуларын ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын катушуусу менен аттестациядан өткөн жумушчулар иштеген ишканалардан өтүшөт.
Жалданама жана ага караган ишканалардын адистери жалдоочу уюмдун аттестациялык комиссиясынан мезгилдик аттестациядан өтүшөт.
Бир ишканадан башка ишканага өтүп жатканда, эгерде кызмат орду алмашпаса аттестациядан өтүү талап кылынбайт.
Аттестациялык комиссиялардын иштери аттестация алдындагы даярдык өткөрүлгөн ишканалардын базасында өткөрүлүшү мүмкүн, мында комиссиянын ишин уюштуруу ошол ишканага жүктөлөт
Ыйгарымдуу текшерүүчү органдын комиссияларында ишканалардын жетекчилери жана башкы адистер аттестациядан өтүшөт. Ишканалардын катардагы инженердик-техникалык курамы, өздөрү иштеген жердеги комиссиялардан аттестациядан өтүшөт.
(КР 2020-жылдын 11-февралындагы № 01-7/73 буйругунун редакциясына ылайык)
10. Адистерди алгачкы аттестациялоо бир айдан ашпаган мөөнөттө:
- кызматка дайындоо учурунда;
- башка жумушка которулган учурда, эгерде, ал кызматтын милдеттерин аткаруу үчүн аттестациядан өтүү талап кылынса.
11. Адистерди мезгилдик аттестациялоо үч жылда бир жолкудан кем эмес жүргүзүлөт.
12. Ишкананын жетекчисинин жана адистин компетенциясына тиешелүү, өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бекитүүчү нормативдик укуктук актылардын маселелери боюнча билимин кезексиз текшерүү, жаңы нормативдик укуктук актылар ишке киргизилгенден кийин жүргүзүлөт.
Кезексиз билимин текшерүү, ошондой эле, болуп өткөн авариялардан, күтүлбөгөн кырсыктардан кийин, ыйгарымдуу текшерүүчү органдын кызматкеринин эскетмеси менен жүргүзүлөт.
13. Ыйгарымдуу текшерүүчү органдын борбордук аттестациялык комиссияда кезексиз аттестациядан өтүү, авария же өлүмгө алып келген күтүлбөгөн кырсык болгон, ошондой эле, курч мүнөздүү, адаттуу кесиптик оору аныкталган объектинин жетекчисине жана/же ал объектиде иштөөнүн коопсуздугу үчүн жооптуу кишиге тиешелүү.
Борбордук аттестациялык комиссияда кезексиз аттестациядан өтө тургандар жөнүндөгү маалыматтарды, борбордук аттестациялык комиссиянын төрагасына, авариянын же күтүлбөгөн кырсыктын себептерин изилдөө боюнча комиссиянын төрагасы берет. Айтылган маалыматтар, авариянын же өлүмгө алып келген күтүлбөгөн кырсыктын изилдөөсү аяктаган учурдан кийинки жыйырма күндүк мөөнөт ичинде берилет.
14. Көзөмөлдөнүүчү ишканалардын аттестациялык комиссиялары ишкананын жетекчисинин буйругу (көрсөтмөсү) менен түзүлөт. Ишкананын аттестациялык комиссиясынын курамына ишкананын жетекчилери жана башкы адистери, өнөр жай коопсуздугунун талаптарынын аткарылышына өндүрүштүк көзөмөл жүргүзүүчү башкармалыктардын, бөлүмдөрдүн жетекчилери жана башчылары, авариялык-куткаруучулук кызматтардын өкүлдөрү жана башка жогорку квалификациялуу адистер кирет. Комиссияны ишкананын жетекчилеринин бири башкарат.
Ишкананын аттестациялык комиссиясынын төрагасынын, же, анын орун басарынын демилгеси менен, комиссиянын курамына ыйгарымдуу текшерүүчү органдын аймактык өкүлдөрү, эгерде, алардын катышуусу, тиешелүү нормативдик укуктук актылар менен эсепке алынбаган болсо, киргизилиши мүмкүн.
15. Ишканаларда адистерди өнөр жай коопсуздугу маселелери боюнча аттестациялоо, ишкананын жетекчиси бекиткен график боюнча жүргүзүлөт. Аттестациядан өтүүчүлөр, аттестацияны өткөрүү графиги жана өткөрүлүүчү жай менен тааныштырылат.
16. Ыйгарымдуу текшерүүчү органдын аттестациялык комиссиялары, аттестациялануучулар иштеген көзөмөлдөнүүчү ишканалардан аттестациялык комиссиялардын катчылыгына келип түшкөн, ишчилерди аттестациядан өткөрүү жөнүндөгү кайрылууларын карайт. Көзөмөлдөнүүчү ишканалардын кайрылуусунун формасы ушул Жобонун 3-тиркемесинде келтирилген.
17. Өнөр жай коопсуздугунун маселелери боюнча билимин текшерүүнүн жыйынтыктары протоколго жазылып, андан кийин аттестациялоо жөнүндөгү күбөлүк тапшырылат. Кезексиз аттестациялоонун жыйынтыктары протокол менен гана жазылат.
ыйгарымдуу текшерүүчү органдын аттестациялык комиссияларынан аттестациялоодон өтүшкөн жетекчилер жана адистер, аттестациялык комиссиялардын отурумунун протоколун, же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн, ошондой эле, аттестация жөнүндөгү күбөлүк алышат. Кезексиз аттестациядан өткөн учурда, аттестациялануучу протоколду же анын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн гана алат.
Аттестациялык комиссикомиссиянын протоколунун жана аттестациялоо жөнүндөгү күбөлүктүн формалары ушул Жобонун1- жана 2- тиркемелеринде көрсөтүлгөн.
(КР 2020-жылдын 11-февралындагы № 01-7/73 буйругунун редакциясына ылайык)
18. Ыйгарымдуу текшерүүчү органдын борбордук аттестациялык комиссиясынын же аймактык аттестациялык комиссиялардын биринен аттестациядан өткөндүгүн тастыктаган документтер, Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жарактуу.
19. Аттестациялоодон (билимин текшерүүдөн) өтпөй калгандар, кайрадан бир айлык мөөнөттө андан өтүүсү керек. Аттестациядан өтпөй калгандар, аттестациялык комиссиянын чечимине каршы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык, арыздана алышат.
Ишканалардын аттестациялануучулары ыйгарымдуу текшерүүчү органдын аттестациялык комиссияларынан электрондук форматта аттестациядан өтө алышат.
( 2020-жылдын 11-февралындагы № 01-7/73, 2025-жылдын 23-сентябрындагы № 01-01/306 буйруктарынын редакцияларынана ылайык)
20. Аттестацияны өткөрүү үчүн тесттик суроолор ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан иштелип чыгат.
21. Тесттик суроолордун базасын өзгөртүү, толуктоо жана жаңылоо ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
22. Электрондук тестирлөө ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тарабынан атайын жабдылган жайда жүргүзүлөт. Тестирлөө компьютерлерди колдонуу менен жүргүзүлөт.
23. Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган тестирлөөгө түшкөн арыздардын негизинде тесттин өткөрүү күнүн аныктайт, аттестациялануучу катышуучуларды каттайт, жыйынтыктарды иштеп чыгып, тиешелүү протоколдор менен тариздөөнү камсыздайт.
24. Аттестациялануучу катышуучуларды каттоо "Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алынган маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт. Эгерде мындай маалыматтар жок болсо, катышуучу паспортун же инсандыгын тастыктаган башка документин көрсөтөт.
25. Катышуучу тестирлөө эрежелерин бузган учурда (залдан чыгуу, башка катышуучулар менен сүйлөшүү, фотоаппарат колдонуу, экранды сүрөткө тартуу, жумуш ордунда бөтөн нерселердин болушу, күйгүзүлгөн уюлдук телефондор ж.б.) тестирлөөгө катышуудан четтетилет жана бул тууралуу тиешелүү протокол түзүлөт.
26. Ыйгарым укуктуу контролдоочу орган билимине коюлган квалификациялык талаптарга жооп бербеген же жалган маалымат берген адамдарды тестирлөөгө киргизбөөгө, ошондой эле эрежелер бузулган учурда тестирлөөнүн жыйынтыктарын жокко чыгарууга укуктуу.
27. Жүйөлүү себептер менен, бирок 15 мүнөттөн ашпаган мөөнөттө тестирлөөгө кечиккен катышуучулар ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын аттестациялык комиссиясынын чечими менен тесттик тапшырмаларды аткарууга киргизилиши мүмкүн.
28. Компьютердик тестирлөөнүн ачыктыгын жана объективдүүлүгүн камсыздоо максатында ыйгарым укуктуу контролдоочу органдын атайын жабдылган имаратында видеобайкоо жүргүзүлөт.
29. Электрондук тестирлөөдө өтүү баллы туура жооптордун 60 пайызынан кем эмес деңгээлде белгиленет.