КР Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 1-Д буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРИЛИГИ
БУЙРУК
2018-жылдын 18-майы №469
«Ведомстволук кийими, атайын коргоочу кийими жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин буюм мүлкү менен камсыздоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабрь №829 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө», Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрь №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өзүнчө ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын аткаруучу бийликтин айрым мамлекеттик органдарына берүү жөнүндө» токтомдоруна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкерлерин жана кызматкерлерин буюм мүлктөрүн толук эффективдүү камсыздоо, ведомстволук жана атайын коргоочу кийимдик мүлктөрүн кийүүнү тартипке келтирүү, буюмдук мүлктөрдү чыгыштоо, эсебин тартипке салууну жакшыртуу жана камсыздоо максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук жана атайын коргоочу буюм мүлктөрүнүн сүрөттөлүшү жана кийүү Тартиби;
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин буюмдук мүлк менен камсыздоо Жобосу;
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери бул буйрукту иш үчүн жана жетекчиликке алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Оорук башкармалыгынын башчысы:
-ушул кабыл алынган буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы №117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык расмий жарыялоо боюнча иш-чараларды уюштурсун;
__________________К.О. Ахматов
- буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч күн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилинде, эки нускада кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн, жарыяланган булактарын көрсөтүү менен жөнөтсүн.
4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары полковник К.О.Ахматовго жүктөлсүн.
5. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | Н.С. Мирзахмедов |
| Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2018-ж. “__”_______№____ буйругу менен бекитилген |
КР Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин 2023-жылдын 20-июнундагы № 1-Д буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук жана атайын коргоочу кийиминин сүрөттөлүшү жана кийүү тартиби.
1. Бул ведомстволук жана атайын коргоочу кийимдерди кийүү Тартиби (мындан ары – Тартип) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары – Министрлик) бардык кызматкерлерине, кичи тейлөөчү жана техникалык тейлөөчү персоналдардан сырткары (айдоочулук курамдан башкасы), анын ичинде министр, статс-катчы, министрдин орун басарларына да тиешелүү.
2. Министрликтин аскер кызматкерлери кийимди ушул Тартиптин негизинде кийишет.
3. Бул кийим ушул Тартипке ылайык колдонулат жана анын предметтери ушул сүрөттөлүшүнүн талаптарына жооп берүүсү зарыл.
4. Ведомстволук кийимди:
а) күнүмдүк кийүүгө;
б) талаа чыгууларына кийүүгө уруксаат берилет.
А) (Жетекчиликтин уруксаты менен) Министрликтин түзүмдүк, аймактык жана ведомстволук бөлүктөрүнүн кызматкерлерине кызмат убактысында күнүмдүк кызматка кийүүгө.
Б) Министрликтин бардык кызматкерлери атайын тапшырмаларды аткаруу убагында, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, командалык-штабдык машыгуулар мезгилинде талаа кийими катары кийүүгө.
5. Ведомстволук кийим сезонго жараша: жайкы жана кышкы болуп бөлүнөт.
6. Жайкы жана кышкы кийимге өтүү Министрликтин тиешелүү буйруктары менен өткөрүлөт.
7. Төмөнкү учурларда кийимди кийүүгө тыюу салынат:
- бекитилбеген жана өзгөртүлгөн кийимдердин предметин кийүүгө;