Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигин 2025-жылдын 6-февралындагы № 39 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРИЛИГИ

2018-жылдын 04-июлу № 190

 «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин кийимдеринин мекемелик формасы жана айырмалоо белгилери жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-декабрындагы №829 «Атайын жана мекемелик форма кийүүнү жөнгө салуу жөнүндөгү» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунун кызматкерлеринин мекемелик форма кийүүсүн жөнгө салуу, тартипти жана жоопкерчиликти жогорулатуу максатында, 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем чыгаруу укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өкүлдөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен:

БУЙРУК КЫЛАМ:

1.  Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

1)  1-тиркемеге ылайык мекемелик формадагы кийим кийүүгө жана аларга тиешелүү айырмачылык белгилерди алып жүрүүгө укуктуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин кызматтарынын (кесиптердин) тизмеси;

2)  2-тиркемеге ылайык «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин мекемелик кийимдеринин, айырмалоочу белгилеринин жана фурнитураларынын сүрөттөлүшү;

3)  3-тиркемеге ылайык жүргүнчү поезддерин жана билет кассаларын текшерүүдө жана кызматтык милдеттерин аткарууда жүргүнчүлөрдү тейлеген кызматкерлердин милдеттүү түрдө төш белгилери болгон бейджиктердин формасын жана кызматкерлердин тизмесин тагып жүрүү зарылдыгы;

2.  «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасына («Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы):

1)  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамына ылайык мекемелик форма даярдоону камсыздасын;

2)  Мекемелик форма даярдоону каржылоо үчүн өздүк бюджеттен акча каражатынын бөлүнүп берилүүсүн камсыздасын;

3.  Пенсионерлерге майрам күндөрү пенсияга чыкканга чейинки ээлеп турган кызматына жараша айырмалоочу белгилери бар, мекемелик формаларын кийүүгө уруксат берилсин;

4.  Кызматкерлердин айрым категорияларына (эсепчилер, экономисттер, юридикалык кызматкерлер) жүргүнчүлөрдү тейлөө, жүк жөнөтүү жана алуу, поезд кыймылы жана маневр иштери менен түздөн түз катышы болбогон кызматкерлерге жумуш учурунда жарандык кийим кийүүгө, ал эми майрам күндөрү айырмалоочу белгиси бар мекемелик форма кийүүгө уруксат берилсин;