Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин
2026-жылдын 12-майындагы № 493 буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИ
2018-жылдын 26-июлу № 543
“Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк жана клиникалык трансфузиология боюнча Стандарттарды жана нускамаларды бекитүү” жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү” жөнүндө № 596 чы токтомунун негизинде донордук кандын коопсуздугун, кан куюудагы татаалдаштыктарды алдын алу жана кан кызматынын уюмдарынын жана бөлүмдөрүнүн ишин стандартташтырууну камсыз кылуу максатында
БУЙРУК БЕРЕМИН:
1. Төмөнкү тиркемелер бекитилсин:
- кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жаатындагы стандарттар (1чи тиркеме);
- донорду медициналык текшерүүнүн тартиби (2чи тиркеме);
- донорлорду сыйлоо жана жеңилдик шарттарын белгилөө тутуму (3чү тиркеме);
- донордон кан жана анын компоненттерин алуунун тартиби (4чу тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же анын айрым жерлеринде табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана башка өзгөчө жагдайлар болгон учурларда кандын жана анын компоненттеринин донорлугун уюштуруу тартиби (5чи тиркеме);
- өзгөчө кырдаалдарда донордук кандын компоненттерин жана препараттарын эсептөө талаптары (6чы тиркеме).
2. Медициналык жардам көрсөтүү жана дары саясат башкармалыгы бул буйрукту катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде төмөнкүлөрдө жарыяласын:
-“Эркин Тоо” газетасында;