Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБУЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК
ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 09-июлу № 84
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-январындагы № 26 токтомуна жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык,
БУЙРУК КЫЛАМ:
Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча төмөнкү административдик регламенттери бекитилсин:
Кесиптик окутууга, кайра окууга, квалификациясын жогорулатууга жолдомо берүү 1-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 1-главасынын “Билим берүүчү жана маданий тейлөөлөр” 109-пункту);
Жумушсуздук боюнча жөлөк пулдарды белгилөө жана төлөп берүү 2-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 3-главасынын “Социалдык тейлөөлөр” 1-пункту);
Акы төлөнүүчү коомдук иштерди уюштуруу боюнча программанын алкагында жарандарды убактылуу жумуш орундары менен камсыз кылуу 3-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 3-главасынын “Социалдык тейлөөлөр” 3-пункту);
Жумушсуз катары каттоо жана тийиштүү маалымдама берүү 4-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4-главасынын “Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр” 1-пункту);
Ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берүү 5-тиркемеге ылайык (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 6-главасынын “Маалымат менен камсыздоо тейлөөлөрү” 1-пункту).
2. Маалымат технологиялар бөлүмү бул буйрукту расмий жарыялоо үчүн министрликтин расмий сайтына жайгаштырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин 2018-жылдын 18-октябрындагы № 62 “Административдик регламенттерди бекитүү жөнүндө" буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
4. Документтик камсыз кылуу жана администрациялык колдоо бөлүмү бул буйрукту министрликтин аймактык бөлүнүштөрүнө жеткирсин.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары К.А.Токтосартовго жүктөлсүн.
Министр | У.Кочкоров |
Тиркеме 1
(1-глава. “1. Билим берүү жана маданий кызматтар”, Мамлекеттик кызматтардын бирдиктүү реестринин (тизмесинин) 109-пункту
1. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик кызмат көрсөтүү Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин аймактык бөлүнүшү тарабынан ишке ашырылат.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын "3" июнундагы №303 “Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы:
а) жумушсузга окууга жолдомо же окууга чек берүүсу – 30 минут;
б) кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде стипендияларды төлөө. Окууга чек боюнча окууга төлөө - бир ай аяктагандан кийин.
2. Кызмат алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) арызга төмөнкү документтерди тиркөө менен кесиптик окууга жана кайра окутууга же окууга чек боюнча окутууга жолдомону берүү тууралуу арыз:
- түпнускасын көрсөтүү менен паспорттун көчүрмөсү;
- түпнускасын көрсөтүү менен эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек китепчеси кимге тиешелүү экендиги тастыкталган беттер жана иштен бошоо тууралуу жазуулар);
- кесиптик квалификациясы бар болгондо, анын түпнускасын көрсөтүү менен жарандын кесиптик квалификациясын тастыктаган документтин көчүрмөсү.
3) Бул мамлекеттик кызмат акысыз көрсөтүлөт. Кызматтарды көрсөтүүгө өздүк нарк (чыгымдар) төмөнкүнү түзөт:
- кесиптик окутууга жолдомону же окутууга чекти берүү – 300 сом;
- окутуу мезгилинде стипендияны берүү. Окутууга чек боюнча окутууну төлөө – 300 сом.
4) Кызматтардын жыйынтыгы: жумушсуз жаранды кесиптик окутуу.
2. «Кесиптик окутууга, кайра окутууга, квалификациясын жогорулатууга жолдомолорду берүү” кызматтарын көрсөтүү процессинде аткарылган жол-жоболордун тизмеси
1 - таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Кесиптик окутууга жолдомону же окутууга чекти жол-жоболоштуруу жана берүү |
|
2 | Кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу мезгилинде стипендияларды төлөө. Окутууга чек боюнча окутууну төлөө. |
|
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2023-жылдын 19-апрелиндеги № 66 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти
Кесиптик окутууга, кайра окутууга, квалификациясын жогорулатууга жолдомолорду берүү