Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИ
БУЙРУК
2019-жылдын 10-сентябры №1867
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 182, 2022-жылдын 5-декабрындагы № 207 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жана аймактык юстиция органдары тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу боюнча маселелерди ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана оптималдаштыруу» 2018 - жылдын 16 - январындагы № 26 токтомунун 2 - пунктун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» 2014 - жылдын 15 - сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009 -жылдын 15 - декабрындагы № 764 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө жобонун 11-пунктун жетекчиликке алып,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү төмөнкү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттери бекитилсин:
-«Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн дубликатын берүү» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4 - главасы, 68 - пункту) 1 - тиркемеге ылайык;
-«Соттун чечими боюнча мажбурлап жоюлгандан башка учурларда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишин токтотконун каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн), электрондук маалымат базаларына маалыматтарды киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен берүү» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4 - главасы, 94 - пункту) 2 - тиркемеге ылайык;
-«ММКнын Мамлекеттик реестринен маалыматтарды даярдап берүү» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6 - главасы, 37 - пункту) 3 -тиркемеге ылайык;
-«Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) мамлекеттик бирдиктүү реестринен көчүрмөлөрдү берүү» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6 -главасы, 38 - пункту) 4 – тиркемеге ылайык;
-«Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо үчүн аталыштарды алдын ала текшерүү» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4 - главасы, 70 - пункту) 5 - тиркемеге ылайык;
-«Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивдеринен юридикалык жактардын каттоо документтерин издөө» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 6 - главасы, 36 - пункту) 6 -тиркемеге ылайык;
-«Бирдиктүү терезе» принциби боюнча катталган юридикалык жактарга, филиалдарга (өкүлчүлүктөргө) күбөлүк берүү, Кыргыз Республикасынын «Юридикалык жактарды филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Мыйзамынын 24 -беренесинде белгиленгенден башка учурларда» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4 - главасы, 93 - пункту) 7 - тиркемеге ылайык;
-«Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун каттоо. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун өзгөртүү жөнүндө жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап укугун токтотуу тууралуу жазууларды күрөө кабарлоосуна киргизүү.» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4 - главасы, 95 – пункту) 8 - тиркемеге ылайык;
-«Кыймылдуу мүлккө талап укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө берүү» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 4 - главасы, 96 - пункту) 9 - тиркемеге ылайык;
-«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрүн кагаз бетине чыгаруу (ксерокопия)» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин (тизмегинин) 7 - главасы, 6 - пункту) 10 - тиркемеге ылайык;
-«Нотариалдык ишти аткаруу үчүн жеке жана юридикалык жактардын чакыруусу боюнча нотариустун баруусу» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4 бөлүмү 69-пункту) 11 - тиркемеге ылайык;
-«Нотариалдык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү үчүн типтүү эмес документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 4 - бөлүмү 71 - пункту) 12 - тиркемеге ылайык;
-«Жеке нотариустардын нотариалдык документтерин мамлекеттик нотариалдык конторанын архивине кабыл алуу жана сактоо» (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 10 - февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын структуралык бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 8 - бөлүмү 8 - пункту) 13 - тиркемеге ылайык;
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо башкармалыгы, Нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы, Укуктук маалымат бөлүмү жана аймактык бөлүнүштөрү:
-мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү жогоруда көрсөтүлгөн административдик регламенттерге ылайык боюнча ишти уюштурсун;
-көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын мындан ары жакшыртуу жана оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
-ушул буйрук менен Юстиция министрлигинин жооптуу кызматкерлерин кабардар кылсын.
3. Юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий сайтында жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин расмий сайтында ушул буйрукту расмий жарыялоону камсыз кылсын.
4. Укуктук маалымат бөлүмү ушул буйрукту расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизсин.
5. Мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерди иштеп чыгуу жана ылайыкташтыруу боюнча ведомстволук жумушчу комиссиясы алты айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» 2014 - жылдын 3 - июнундагы № 303 токтому менен бекитилген, министрлик тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра кароо боюнча иш жүргүзүлсүн.
6. Юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо башкармалыгы, Нотариат жана апостилдештирүү башкармалыгы, Укуктук маалымат бөлүмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018 - жылдын 22 - январындагы № 39 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012 - жылдын 3 - сентябрындагы № 603 «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарты жөнүндө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүнүн токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому менен бекитилген, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын иштеп чыгуу боюнча Нускамасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын кайра карап чыккандан кийин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн регламенттерин кайра карап чыгышсын.
7. Юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо башкармалыгы ушул буйрукка кол коюлган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жиберсин.
8. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү ушул буйрук менен мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн министрликтин түзүмдүк жана аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилерин тааныштырсын.
9. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо статс-катчы У.И. Календеровго жана министрдин орун басарлары М.К. Есеналиевге жана М.Э. Канулькуловго жүктөлсүн.
10. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Министр | М.Т.Джаманкулов |
1-тиркеме
МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮНҮН
АДМИНИСТРАТИВДИК РЕГЛАМЕНТИ
Кыргыз Республикасынын
Юстиция министрлигинин
2019-жылдын «__»_______
№_____буйругу менен «Бекитилди»
Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн дубликатын берүү
(Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик органдары, алардын структуралык
бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү
мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү системалаштырылган реестринин (тизмегинин) Каттоо, маалымат кат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү тейлөөлөр 4-главасы, 6-пункту)
1. Жалпы жоболор
1. Аталган мамлекеттик кызматты кѳрсѳтүү төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын Юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо башкармалыгы (мындан ары - Башкармалык);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү (мындан ары - аймактык бөлүмдөр).
2. Административдик регламент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга тиешелүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн стандартынын талаптарына ылайык келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандартында берилген негизги параметрлер:
1) Кызмат көрсөтүүнүн жалпы убактысы: 3 жумушчу күнү;
2) Кызмат алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
- юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арыз;
- мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция;
- ишеним кат (эгерде керектөөчү ишеним кат менен аракеттенсе).
3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: 191 сом.
4) Кызмат көрсөтүүнүн жыйынтыгы: Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликаты.
2. Кызмат көрсөтүү процессинде аткарылуучу жол-жоболордун тизмеги
4. Кызмат көрсөтүү өндүрүшү төмөнкү жол-жоболорду өзүнө камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоо (Уюштуруу - башкаруучу жол-жобо) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбѳйт |
2 | Арызды аткаруучуга берүү (Уюштуруу - башкаруучу жол-жобо) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбѳйт |
3 | Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн дубликатын берүү жөнүндө арызды кароо жана юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүгүнүн дубликатын даярдоо (Уюштуруу - башкаруучу жол-жобо) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбѳйт |
4 | Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын арыз ээсине берүү (Уюштуруу - башкаруучу жол-жобо) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбѳйт |
5 | Документтердин сыпаттамасын түзүү жана ишти архивге өткөрүү (Уюштуруу -башкаруучу жол-жобо) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбѳйт |
3. Жол-жоболордун өз ара байланышынын блок-схемасы
5. Кызмат көрсөтүү өндүрүшүндө аткарылуучу жол-жоболордун логикалык тартиби төмөнкү блок-схемада көрсөтүлгөн.
4. Жол-жоболорду жана алардын мүнөздөмөсүн баяндоо
2-таблица
Жол-жобонун жана аракеттин аталышы | Аткаруучу, кызмат адамы | Аракеттердин узактыгы | Аракеттерди жөнгө салуучу документтер | Аракеттердин натыйжасы | |||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | |||||
1-жол-жобо: Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоо | |||||||||
1.1.- аракет Арызды кабыл алуу | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн адиси/ аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы, адиси | 1 мүнѳт | 1 Кызматтык нускама 2. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз кабыл алынды | |||||
1.2. - аракет Тиркелген документтердин тизмесин текшерүү | 1 мүнѳт | Тиркелген документтердин тизмеси текшерилди | |||||||
1.3. - аракет Арызды «Документтердин аткарылышын контролдоонун автоматтык системасы» (мындар ары-АСКИД) иш кагаз айлантуу электрондук базасында/ журналда каттоо | 2 мүнѳт | Юстиция министрлигинин борбордук аппаратында жана Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгында арыз АСКИД иш кагаз айлантуу электрондук базасында катталды, калган аймактык бөлүмдөрдө каттоо журналда жүргүзүлөт | |||||||
1.4. - аракет Кириш корреспонденция ларды алуу журналына жазуу киргизүү аркылуу колтамга койдуруп алуу менен башкармалыкка /аймактык бөлүмдүн жетекчисине арызды берүү | 1 мүнѳт | Арыз башкармалыка/ аймактык бөлүмдүн жетекчисине түштү | |||||||
1-жол-жобонун натыйжасы: Арыздын башкармалыкка/бөлүмдүн жетекчисине түшүү | |||||||||
1-жол-жобонун узактыгы: 5 мүнѳт | |||||||||
1-жол-жобонун тиби: Уюштуруу - башкаруучу жол-жобо | |||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 2 | |||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Арызды башкармалыктын начальнигине/аймактык бөлүмдүн жетекчисине виза коюу үчүн өткөрүп берүү | |||||||||
2-жол-жобо: Арызды аткаруучуга берүү | |||||||||
2.1. - аракет Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусун дайындоо | Башкармалыктын начальниги/ аймактык бөлүмдүн жетекчиси | 1 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Аткаруучу дайындалды | |||||
2.2. - аракет Башкармалыктын Excel форматында электрондук документ жүгүртүү базасында арызды каттоо (Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппараты)
| Башкармалыктын инженери | 1 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз Excel форматында электрондук документ жүгүртүү башкармалыктын базасында катталды | |||||
2.3. - аракет Аткаруучуга колтамгасын койдуруп алуу менен арызды өткөрүп берүү | Башкармалыктын инженери / аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы, адиси
| 1 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Аткаруучу арызды алды
| |||||
2 - жол-жобонун натыйжасы: Аткаруучунун арызды алуу | |||||||||
2-жол-жобонун узактыгы: 3 мүнѳт | |||||||||
2-жол-жобонун тиби: Уюштуруу - башкаруучу жол-жобо | |||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 3 | |||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Аткаруучунун арызды алгандыгы жѳнүндѳ кириш корреспонденциялардын журналына белгилѳѳ | |||||||||
3– жол-жобо: Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндөгү күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арызды кароо жана юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын даярдоо | |||||||||
3.1. - аракет Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестринде издөө аркылуу арызды текшерүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 1 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) каттоо номери алынды | |||||
3.2. - аракет Арызды кароонун ведомстволук караштуулугун аныктоо | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 5 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | А. Суралып жаткан юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ведомстволук архивден архивдик каттоо иши суралды. Б. Арыз тийиштүү аймактык бөлүмүнө ведомстволук караштуулугу боюнча кароо үчүн жиберилди.
| |||||
3.3. - аракет Суралып жаткан юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо ишин издөө | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн инженери (архивариусу) | 2 саат 50 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Архивдик каттоо иши табылды | |||||
3.4. - аракет Аткаруучунун суралып жаткан юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо ишин алуусу | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 10 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Архивдик каттоо иши аткаруучуга колтамга койдуруп алуу менен берилди
| |||||
3.5. - аракет Күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арызда көрсөтүлгөн жана арызга тиркелген документтердеги маалыматтарды текшерүү
| Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 10 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | А. Эгерде документтер белгиленген талаптарга ылайык келсе, күбөлүктүн дубликаты даярдалды. Б. Эгерде документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе, күбөлүктүн дубликатын берүүдөн баш тартылды: - юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) идентификациялоо мүмкүн эмес; - керектүү документтер тапшырылбаса; - берилген документтерде туура эмес маалыматтардын болушу; - күбөлүктүн дубликатын алуу үчүн ыйгарым укуксуз жак тарабынан кайрылуу | |||||
3.6. - аракет Күбөлүктүн дубликатын даярдоо | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 5 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмдүн жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Күбөлүктүн дубликаты даярдалды | |||||
3.7. - аракет Күбөлүктүн дубликатын башкармалыктын начальнигине/ аймактык бөлүмдүн жетекчисине колтамга коюуга жиберүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 5 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 4- июлундагы «Кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» буйрук | Күбөлүктүн дубликаты башкармалыктын начальниги/ аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан алынды | |||||
3.8. - аракет Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестринде жана каттоо ишинде камтылган маалыматтарга дал келүүгө күбөлүктүн дубликатында көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерүү
| Башкармалыктын начальниги /аймактык бөлүмдүн жетекчиси | 5 мүнѳт
| 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама 4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 4- июлундагы «Кызматтык милдеттерди бөлүштүрүү жөнүндө» буйрук | А. Эгерде күбөлүктүн дубликатында көрсөтүлгөн маалыматтар юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестринде жана каттоо ишинде камтылган маалыматтарга дал келсе Башкармалыктын начальниги /аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан күбөлүктүн дубликатына колтамга коюлду | |||||
3 - жол-жобонун натыйжасы: Башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси тарабынан күбөлүктүн дубликатына колтамга коюу | |||||||||
3 - жол-жобонун узактыгы: 3 саат 32 мүнѳт | |||||||||
3 - жол-жобонун тиби: Уюштуруу - башкаруучу жол-жобо | |||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 4 | |||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Аткаруучу тарабынан колтамга коюлган күбөлүктүн дубликатын алышы | |||||||||
4 – жол-жобо: Юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү | |||||||||
4.1. - аракет Гербдүү мөөрдү жана штампты күбөлүктүн дубликатына коюу | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 1 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
| Күбөлүктүн дубликатына Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин/ аймактык бөлүмдүн гербдүү мөөрү жана «Дубликат» деген белги коюлган штампы коюлду | |||||
4.2. - аракет Күбөлүктөрдү берүү журналына каттоо | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн ын башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 1 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
| Күбөлүк берүү журналына дубликат берүү жөнүндө жазуу киргизилди | |||||
4.3. – аракет Күбөлүктүн дубликатын арыз ээсине берүү жана кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө квитанциясын алуу
| Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 2 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
| Күбөлүктүн дубликаты арыз ээси менен алынды. Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери тарабынан кызмат көрсөтүү үчүн акы төлөө квитанциясы алынды | |||||
4.4. - аракет Күбөлүк берүү журналында күбөлүктүн дубликатын алуу жөнүндө арыз ээсинин колтамгасынын коюлушу | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 3 мүнѳт | 1.Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3.Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Күбөлүктүн дубликатын алуу жөнүндө күбөлүктөрдү берүү журналында арыз ээсинин колтамгасы алынды | |||||
4 - жол-жобонун натыйжасы: Юридикалык жакты, филиалын (өкүлчүлүгүн) арыз ээси менен мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын алуу | |||||||||
4 - жол-жобонун узактыгы: 7 мүнѳт | |||||||||
4 - жол-жобонун тиби: Уюштуруу - башкаруучу жол-жобо | |||||||||
Кийинки жол-жобонун номери: 5 | |||||||||
Кийинки жол-жобонун башталышы үчүн ушул жол-жобонун жыйынтыгын өткөрүп берүү ыкмасы: Күбөлүктөрдүн дубликаттарын берүү журналына арыз ээсинин колтамгасын коюусу | |||||||||
5 – жол-жобо: Документтердин сыпаттамасын түзүү жана архивдик каттоо ишин архивге кайтарып берүү | |||||||||
5.1. - аракет Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) архивдик каттоо ишине тиркелген документтер менен күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө арызды тиркөө | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 1 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама
| Арыз архивдик каттоо ишинин материалдарына тиркелди | |||||
5.2. - аракет Тиркелген документтердин сыпаттамасын түзүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 4 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Документтердин сыпаттамасы түзүлдү | |||||
5.3. - аракет Күбөлүктүн дубликатын берүү жөнүндө юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалыматтарды киргизүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 5 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/ аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестрине юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) күбөлүгүнүн дубликаты берилгендиги жөнүндө маалыматтар киргизилди | |||||
5.4. - аракет Аткаруу контролунан алуу | Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмүнүн адиси/ аймактык бөлүмдүн жетекчисинин катчысы, адиси
| 5 мүнѳт | 1 Кызматтык нускама 2. Иш кагаздарын жүргүзүү жана контролдоо бөлүмү /аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Арыз аткаруу контролунан алынды | |||||
5.5. - аракет Архивдик каттоо ишин архивге кайтарып берүү | Башкармалыктын/аймактык бөлүмдүн башкы адиси, жетектѳѳчү адиси, адиси, инженери
| 5 мүнѳт | 1. Кызматтык нускама 2. Башкармалык/аймактык бөлүмү жѳнүндѳ жобо 3. Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама | Архивдик каттоо иши архивге кайтарылып берилди | |||||
5- жол-жобонун натыйжасы: Архивдик каттоо ишин архивге кайтарып берүү | |||||||||
5- жол-жобонун узактыгы: 20 мүнѳт | |||||||||
5- жол-жобонун тиби: Уюштуруу - башкаруучу жол-жобо | |||||||||
4. Жол-жоболорду аткаруу схемасы (алгоритми)
1 – жол-жобо
2 – жол-жобо
3 – жол-жобо
4 – жол-жобо
5 – жол-жобо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышын контролдоо
6. Административдик регламенттин талаптарынын аткарылышына ички (күндѳлүк) жана тышкы контроль жүргүзүлөт.
1) Ички контролду башкармалыктын начальниги/аймактык бөлүмдүн жетекчиси жүргүзѳт.
2) Ички контроль кызмат адамдары жана кызматкерлер тарабынан административдик регламенттин жоболорунун, ошондой эле кызмат көрсөтүү процессинде кабыл алынган чечимдердин аткарылышын жана сакталышын үзгүлтүксүз текшерүү жолу менен жүргүзүлөт.
3) Текшерүүнүн мезгилдүүлүгү жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлѳт. Пландан тышкары текшерүү кызмат көрсөтүүнү керектөөчүлөрдүн арызы боюнча жүргүзүлөт.
4) Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын табылган бузууларын четтетүү боюнча чаралар кабыл алынат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги жөнүндө маселе каралат.
7. Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контролду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин чечими менен түзүлгөн комиссия ишке ашырат.
1) Комиссиянын ишинин жыйынтыгы маалымкат түрүндө таризделет, ага административдик регламентти өзгөртүү боюнча сунуш киргизилиши мүмкүн.
2) Маалымкат кол коюлгандан тартып 3 жумуш күндүн аралыгында бул кызматты көрсөтүүчү мекемеге жиберилет.
Маалымкат келип түшкөн күндөн тартып бир айлык мөөнөттө табылган бузууларды жана кемчиликтерди четтетүү боюнча чаралар, бул бузууларга жол берген кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартиптик жана административдик чаралар кабыл алынууга тийиш.
Зарылчылыгына жараша, ошондой эле белгиленген тартипте административдик регламентке өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленет.
3) Административдик регламенттин талаптарын аткарууга тышкы контроль дайыма жүргүзүлөт.
7. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги
8. Административдик регламенттин талаптарын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин кызмат адамдары жана кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
9. Жеке адамдарга жана/же юридикалык жактарга кызмат көрсөтүү же анын бөлүгү аутсорсингге өткөрүлүп берилген учурда, кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин талаптарынын сакталышына жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине сакталат.
8. Корутунду жоболор
10. Административдик регламент кызмат көрсөтүүнүн стандартын кайра кароо менен бир убакта жана зарылдыгына жараша кайрадан каралууга тийиш
9. Административдик регламентти иштеп чыгуучулар
11. Юридикалык жактарды жана күрөөлөрдү каттоо башкармалыгы.
| 2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин 2022-жылдын 5-декабрындагы №207 буйругу менен бекитилген |
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн
административдик регламенти
Соттун чечими боюнча мажбурлап жоюлгандан башка учурларда юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базаларына маалыматтарды киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен берүү.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген № 94 Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесинин) 4-главасы каттоо, маалымкат, күбөлүк жана башка документтерди, ошондой эле алардын көчүрмөлөрүн жана дубликаттарын берүү кызмат көрсөтүүлөрү).
1. Жалпы жоболор
1. Бул мамлекеттик кызмат көрсөтүү:
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин борбордук аппаратынын Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгы (мындан ары – Башкармалык);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү (мындан ары – аймактык бөлүмдөр) тарабынан жүргүзүлөт.
2. Бул кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 «Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген кызмат көрсөтүүнүн тиешелүү стандартынын талаптарына шайкеш келет.
3. Кызмат көрсөтүү стандарттарында берилген негизги параметрлер:
1) Кызматты берүүнүн жалпы убактысы: 7 жумушчу күн.
2) Кызмат көрсөтүүнү алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
а) Юридикалык жактын ишинин токтотулганын каттоо үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген форма боюнча каттоого алуу арызы;
- юридикалык жактын органынын жоюу жөнүндө жана жоюучу комиссияны (жоюучу) тандоо (дайындоо) жөнүндө чечиминин түп нускасын;
- юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;
- жоюу балансын бекитүү жөнүндө чечимдин түп нускасын;
- уставды (коммерциялык эмес уюмдар жана финансы-кредиттик мекемелер үчүн);
- камсыздандыруу төгүмү боюнча карызы жоктугу жөнүндө маалымкат («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкатын («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- мөөрдүн жана (же) штамптын (алар болсо) өткөрүлгөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- жоюлуп жаткан юридикалык жактын архивдик документтерин сактоо орду жөнүндө мамлекеттик архив фондунун корутундусун;
- каттоо жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген юридикалык жак үчүн мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген юридикалык жак жөнүндө документ.
б) Филиалдар (өкүлчүлүктөр) үчүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-январындагы № 31 токтому менен бекитилген форма боюнча каттоого алуу арызы;
- филиалды (өкүлчүлүктү) жоюу жөнүндө соттун же юридикалык жактын органынын чечиминин түп нускасын;
- филиалды (өкүлчүлүктү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн түп нускасын;
- мөөрдүн жана (же) штамптын (алар болсо) өткөрүлгөндүгү жөнүндө ички иштер органынын маалымкатын («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- каттоо жыйымы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны;
- жобону (финансы-кредиттик мекемелердин . чет өлкөлүк же эл аралык уюмдардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) үчүн);
- салык төлөөчүнүн каттоо карточкасынын көчүрмөсү (эгер мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктө ИИН көрсөтүлбөсө) же салык органынын жоюлуп жаткан филиалдын (өкүлчүлүктүн) ИИН көрсөтүлгөн маалымкаты (эгер салык төлөөчүнүн каттоо карточкасы жоголсо же жараксыз болсо);
- 1997-жылдын 1-январына чейин катталган (кайра катталган) жана мамлекеттик реестрге киргизилбеген филиал (өкүлчүлүк) үчүн мамлекеттик статистика органдары тарабынан берилген филиал (өкүлчүлүк) жөнүндө документ.
- камсыздандыруу төгүмү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот);
- салыктар боюнча карыздын жоктугу жөнүндө салык органынын маалымкат («Түндүк» ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алууга болот).
3) Кызмат көрсөтүүнүн наркы: прейскурант Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибине ылайык белгиленген, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги тарабынан берилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифи Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашылган Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин буйругу менен бекитилген.
4) Кызмат көрсөтүүнүн натыйжасы: Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) электрондук маалымат базасына маалыматтарды киргизүү жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга кабарлоо менен Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйрук.
2. Кызмат көрсөтүүнү берүү процессинде аткарылган жол-жоболордун тизмеси
4. Кызмат көрсөтүү төмөнкү жол-жоболорду камтыйт:
1-таблица
№ | Жол-жобонун аталышы | Эскертүү |
1 | Документтер менен юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө арызды кабыл алуу жана каттоо (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
2 | Арызды аткаруучуга берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
3 | Юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө арызды кароо берилген документтерди экспертизалоо/долбоорду даярдоо (документтердин/юридикалык жакты, филиалды (өкүлчүлүктү) ишинин токтотулганын каттоо боюнча чечимдердин долбоорун даярдоо (Административдик жол-жобо) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлөт |
4 | Арыз берүүчүгө юридикалык жактын, филиалдын (өкүлчүлүктүн) ишинин токтотулганын каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |
5 | Документтердин тизими жана делолорду архивге берүү (Уюштуруу-башкаруу жол-жобосу) | Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жүргүзүлбөйт |