Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигин 2025-жылдын 16-июлундагы
№ 206 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБУЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК ЖАНА СОЦИАЛДЫК
ӨНҮГҮҮ МИНИСТРЛИГИ
2019-жылдын 28-ноябры №145
Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду жана кошбойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнун тартиби жүнүндө Усулдук көрсөтмөлөрдү жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнун тартиби жөнундө Усулдук көрсөтмөлөрдү бекитуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, КыргызРеспубликасынын 2014-жылдын 15-сентябрындагы “КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтуу өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы №434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду беруунун тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду беруунун тартиби жөнүндө жобону бекитуу тууралуу” токтомун иш жүзүнө ашыруу максатында
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Бекитилсин:
1) “Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду бөруунун тартиби жөнундө Усулдук көрсөтмөлөр” 1 -тиркемеге ылайык;
2) “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду чөктөөгө арыз” формасы 2 - тиркемеге ылайык;
3) “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга юридикалык жактын өтүнмөсу” формасы 3 - тиркемеге ылайык;
4) “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө боюнча чыгымдардын ордун толтурууга юридикалык жактын өтүнмөсун каттоо журналы” формасы 4 - тиркемеге ылайык;
5) “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду төлөө боюнча жеке жактардын арыздарын каттоо журналы” формасы 5 – тиркемеге ылайык;
6) “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жолөкпул алуучулардын саны, орточо өлчөму жана төлөнгөн суммасы жөнүндө маалыматтар” формасы 6 - тиркемеге ылайык;
7) “Алуучулардын категориясы боюнча кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын саны жөнундө маалыматтар” формасы 7 - тиркемеге ылайык;
8) “Кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпул алуучулардын санынын 2019-жылдан тартып динамикасы” формасы 8 – тиркемеге ылайык;