Кыргыз Республикасынын
Айыл чарба министрлигинин
2023-жылдын 29-ноябрындагы № 431-НИ буйругуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Айыл
чарба, тамак-аш өнөр жайы жана
мелиорация министрлигинин
1-тиркеме
Карантинге алынган продукцияны жана объекттерди
текшерип кароо тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул карантинге алынган продукцияны жана объекттерди текшерип кароо жүргүзүү тартиби (мындан ары – Тартип) «Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2, 5, 9 жана 12-беренелерине, Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жөнүндө жобонун 9, 10 жана 16-пункттарына, Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 18-июнундагы № 318 чечими жана № 23 Фитосанитардык чаралар боюнча эл аралык стандарт менен бекитилген, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасында карантиндик фитосанитардык контроль (көзөмөл) жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобонун III главасынын 3.3 – 3.14 - пункттарына ылайык иштелип чыкты.
2. Карантинге алынган продукцияны жана объекттерди текшерип кароо жүргүзүү тартиби карантинге алынган продукцияны жана объекттерди импорттоо жана экспорттоодо текшерип кароо жол-жобосун баяндайт.
3. Текшерип кароонун негизги максаты жүктүн (объекттин) фитосанитардык регламентацияларга шайкештигин көз чаптырып текшерип кароо, документтерди текшерүү, ошондой эле жүктүн аныктыгын жана бүтүндүгүн текшерүү жолу менен аныктоону көздөйт.
4. Өсүмдүктөрдүн карантини чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын адиси (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жүктүн (объекттин) фитосанитардык регламентацияларга шайкештигин карантинге алынган материалдарда зыяндуу организмдерди табууга багытталган, көз чаптырып текшерип кароо, документтерди текшерүү, ошондой эле жүктүн аныктыгын жана бүтүндүгүн текшерүү жолу менен аныктайт.
5. Ушул Тартиптин максаттары үчүн төмөнкүлөрдү билдирген түшүнүктөр колдонулат:
транспорт каражаттары – карантинге алынган продукциянын партиясын которуштуруу үчүн пайдаланылган транспорт каражаттары;
транспорттук (ташуучу) документтер – Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык ташууда жүктү коштоого тийиш болгон коносамент, коштомо кагаз же башка документтер.