Редакцияот 24.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН

ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН

БУЙРУГУ

 

2020-жылдын 24-марты № 3

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданттарын дайындоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын ИИБнин начальниги милициянын полковниги Молдокеев Эрнест Ыманбекович Жалал-Абад шаарынын коменданты, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын подполковниги Сатаров Эрнест Аскарбекович Сузак районунун коменданты болуп дайындалсын.

2. Аталган буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн кызматкерлерге:

2.1. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендаттарынын ыкчам штабы түзүлүп, алардын курамы бекитилсин;

2.2. Өздөрүнө бекитилген аймактарда ыкчам абалдын кириши менен коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана ага бөгөт коюу үчүн Жалал-Абад шаары боюнча 3, Сузак району боюнча 11 блокпосттор түзүлсүн жана алардын орду, ага тартылган күчтөрдүн эсеби такталып, блокпосттордо үзгүлтүксүз иш алып баруу камсыздалсын;

2.3. Блокпосторго тартылган кызматкерлерге кызматка кирээрдин алдында жооптуу жетекчилер тарабынан нускамалар жүргүзүлүп,  алардын кызмат учурундагы милдеттери жана укуктары жеткирилсин;

2.4. Аталган иш-чараларга элдик кошуундун жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү тартылсын жана калк арасында өзгөчө абал жанан анын талаптарын аткаруу жөнүндө түшүндүрүү иш-чаралары уюштурулсун.

2.5. Бекитилген аймактарда жашаган жана ички иштер органдарында каттоодо турган адамдарга, алардын ичинде ок атуучу куралдар катталган адамдарга өзгөчө көзөмөл жүргүзүлсүн.

2.6. Бекитилген аймактагы кырдаал, аткарылып жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат күн сайын саат 17-00гө (03722) 7-04-12 факсы аркылуу, кырдаал курчуган учурда кечиктирилбестен   Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабына берилсин.

3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.

4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад

шаарынын жана Сузак районунун

коменданты

 

 

Ж. Джоробеков