Редакцияот 25.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН

ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН

БУЙРУГУ

 

2020-жылдын 25-марты № 4

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад  шаарында жана Сузак районунунда блокпостторду бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу жана коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөө киргизүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн,

БУЙРУК КЫЛАМ:

 

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында тиркемеге ылайык Жалал-Абад шаарынын ИИБнен, Сузак районунун ИИБнен жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын № 52870, № 12544, № 36806, № 92840  аскер бөлүктөрүнүн керектүү күчтөрүнөн турган биргелешкен блокпосттор коюлсун (тиркеме № 1).

2. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданттары:

2.1. Өздөрүнө бекитилген бөлүмдөрдүн кызматтарынын, АМБнын начальниктерин  бекитилген блокпостторго жооптуу катары дайындасын;

2.2. Блокпостторго тартылган кызматкерлердин иш графигин бекитип, материалдык-техникалык базасын камсыз кылсын;

2.3. Белгиленген графикте блокпосторго тартылган кызматкерлердин кызмат өтөөсүн  текшерүүнү уюштуруп, аныкталган кемчиликтерди жеринде жоюу боюнча иш-чараларды уюштурсун.

3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.

4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад

шаарынын жана Сузак районунун

коменданты

 

 

Ж. Джоробеков