Редакцияот 26.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН

ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН

БУЙРУГУ

 

2020-жылдын 26-марты № 5

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө» № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин уюштуруу жана координациялоо үчүн,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабына төмөндөгүлөр кошумча киргизилсин:

- Жалал-Абад шаарынын мэри Тагаев Муратаалы Абдыкарович,

- Жалал-Абад облусунун Сузак районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Омошов Эрмек  Алянович;

- юстициянын 1-класстагы кеңешчиси Керимов Авазбек Келдибекович, Жалал-Абад облусунун прокурорунун орун басары;

- юстициянын 2-класстагы кеңешчиси Мурзаев Арслан Акимович, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынынын прокурору;

- юстициянын 3-класстагы кеңешчиси Осмонов Мырза Шермаматович, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокурору;

- милициянын полковниги Кадырова Чынара Кадыровна, Жалал-Абад облусунун ИИБдин Катчылыгынын начальниги;

- милициянын подполковниги Досов Авазбек Макамбаевич, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККККББнын Жалал-Абад облусу боюнча начальниги;

- милициянын майору Джалилова Райхан Шерикбаевна,  Жалал-Абад облусунун ИИБдин Катчылыгынын улук инспектору;

- капитан Токтосунов Мырзабек Култаевич, Кыргыз Респбликасынын ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы;

2. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад

шаарынын жана Сузак районунун

коменданты

 

 

Ж. Джоробеков