Редакцияот 28.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН

ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН

БУЙРУГУ

 

2020-жылдын 28-марты № 12

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад  шаарында жана Сузак районунунда ыкчам иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө

Коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана андан сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөө киргизүү жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасынын ыкчам штабынын кеңешмесинин 2020-жылдын 28-мартындагы № 1 чечимин аткаруу максатында,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн командири полковник Т.М.Мамбетказиевге, Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги Э.А.Сатаровго:

1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сузак айылынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Жалал-Абад облусунун ИИБнин, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин жана иш-чарага тартылган кошумча күчтөрдөн турган топтор түзүлүп,  2020-жылдын 28-мартынан саат 14-00дөн тартып белгиленген тартипте кезеги менен Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймагында жарандардын коомдук жайларда жүрүүсүнө чектөө киргизүү, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жарандарга карата чара көрүү боюнча иш-чаралар уюштурулсун.

1.2. Иш-чара жүргүзүлө турган аймактар, маршруттар аныкталып, тартыла турган күч каражаттар эсептелинип, нускамалоо жүргүзүү үчүн 2020-жылдын 28-мартында саат 13.30га Жалал-Абад облусунун ИИБге камсыз кылышсын.   

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Кыргыз Республикасынынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн командири полковник Т.М.Мамбетказиевге, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги Э.А.Сатаровго жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад

шаарынын жана Сузак районунун

коменданты

 

 

Ж. Джоробеков