Редакцияот 28.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН

ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН

БУЙРУГУ

 

2020-жылдын 28-марты № 13

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад  шаарында жана Сузак районунунда ыкчам иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө

Коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана андан сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардын жана транспорттордун кыймылына чектөө киргизүү жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасынын ыкчам штабынын кеңешмесинин 2020-жылдын 28-мартындагы № 1 чечимин аткаруу максатында,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Кыргыз Республикасынынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн командири полковник Т.М.Мамбетказиевге, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги Э.А.Сатаровго:

1.1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Ырыс, Атабек жана Барпы айыл аймактарында коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында Жалал-Абад облусунун ИИБнин, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин жана иш-чарага тартылган кошумча күчтөрдөн турган топтор түзүлүп,  2020-жылдын 29-мартында жарандардын коомдук жайларда жүрүүсүнө чектөө киргизүү, ички иштер органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбеген жарандарга карата чара көрүү боюнча иш-чаралар уюштурулсун.

1.2. Иш-чара жүргүзүлө турган аймактар, маршруттар аныкталып, тартыла турган күч каражаттар эсептелинип, нускамалоо жүргүзүү үчүн 2020-жылдын 29-мартында саат 09.00гө Жалал-Абад облусунун ИИБге камсыз кылынсын.   

1.3.  Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн техникалары иш-чарага камсыздалсын.

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Кыргыз Республикасынынын ИИМдин ИКАКнын № 704 аскер бөлүгүнүн командири полковник Т.М.Мамбетказиевге, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги Э.А.Сатаровго жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад

шаарынын жана Сузак районунун

коменданты

 

 

Ж. Джоробеков