Редакцияот 30.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН

ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН

БУЙРУГУ

 

2020-жылды 30-марты № 15

Кызматкерлерди кызмат ордуна жеткирүү үчүн транспорт каражаттары менен камсыздоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы № 57 Жарлыгы боюнча Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында жарыяланган өзгөчө абал учурундагы киргизилген чектөөлөргө ылайык, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго, Жалал-Абад шаарынын ИИБнин начальниги Э.Ы.Молдокеевге, Сузак районунун ИИБнин начальниги милициянын подполковниги Э.А.Сатаровго:

- Жалал-Абад облусунун ИИБнин, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун ИИБнин өздүк курамын кызмат ордуна, тейлеген аймактарда жайгашкан блокпостторго жана карантиндик постторго жеткирүүнүн маршруттук схемаларын иштеп чыгышсын;

- Кызматкерлерди кызмат ордуна, блокпостторго жана карантиндик постторго жеткирүү үчүн транспорт каражаттарын (автобус, кичи автобус) уюштуруп, кызматкерлердин өз учурунда кызмат ордуна чыгуусун камсыздашсын.

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад облусунун ИИБнин начальниги милициянын полковниги К.Н.Жолдошовго жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.

 

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад

шаарынын жана Сузак районунун

коменданты

 

 

Ж. Джоробеков