Редакцияот 03.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН

ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН

БУЙРУГУ

 

2020-жылдын 3-апрели № 21

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун жарандарынан келип түшкөн арыз даттанууларды кароо жөнүндө

Коронавирус оорусунун Жалал-Абад облусунун аймагында жана андан сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жарандардан түшкөн арыз даттанууларды карап, коюлган талаптарын талдап, туура жана объективдүү чечүү үчүн,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун жарандарынан келип түшкөн арыз даттанууларды карап, коюлган талаптарды окуп чыгып жана даректерине жоопторун берүү үчүн төмөндөгүдөй жумушчу курам түзүлсүн:

- Жалал-Абад ОИИБдин маалымат-аналитикалык борборунун ыкчам өкүлү милициянын подполковниги Б.Матиев;

- Жалал-Абад ОИИБдин ыкчам талдоо бөлүмүнүн ыкчам өкүлү милициянын майору Р.Парпиева;

- Жалал-Абад ОИИБдин кылмыш иликтөө кызматынын ыкчам өкүлү милициянын лейтенанты Ф.Бакиева;

2. Күн сайын түшкөн арыз даттанууларды окуп чыгып, өз убагында даректерине маалымдалсын.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Катчылыктын начальниги милициянын полковниги Ч.Кадыровага жүктөлсүн.

 

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад

шаарынын жана Сузак районунун

коменданты

 

 

Ж. Джоробеков