Редакцияот 03.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН

ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН

БУЙРУГУ

 

2020-жылдын 3-апрели № 22

Санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүү жөнүндө

"Коронавирустук инфекциянын андан ары жайылышын болтурбоого жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга багытталган чараларды күчөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 31-мартындагы чечимин аткаруу, коронавирус инфекциясынын Жалал-Абад облусунун аймагында жана андан сырткары жайылышынын алдын алуу максатында жана Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасына жергиликтүү тургундардан келип түшкөн сунуштардын негизинде

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын мэри М.А.Тагаевге жана Сузак районунун мамлекеттик администрация башчысы-акими Э.А.Омошовго:

- Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иш-чараларды күчөтүү жеке көзөмөлгө алынсын;

- Зарыл учурда башка кызматтарды тартуу менен санитардык-эпидемиологиялык кызматтардын коомдук жайларды, көчөлөрдү масштабдуу дезинфекциялоо иш-чараларын жүргүзүүсү улантылсын;

- Өзгөчө кырдаал учурунда иштеп жаткан соода түйүндөрүнүн (азык-түлүк дүкөндөрү), даарыканалардын, уюмдардын, ишканалардын жана башка жайлардын администрацияларынын тейлеген объекттеринде дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүсү уюштурулсун;

- Жалал-Абад шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын жана Сузак районунун айыл өкмөттөрүнүн өкүлдөрү тарабынан жергиликтүү тургундарга өздөрү жашаган аймактарында дезинфекциялоо иштерин өткөрүүсү жөнүндө түшүндүрүү иштери уюштурулсун;

- Карантиндик аймактарга кирип чыккан, азык-түлүктөрдү жеткирүү менен алектенген транспорт каражаттарын дезинфекциялоо иштери күчөтүлүп, көзөмөлгө алынсын.

- Тейлеген аймактарда жүргүзүлгөн санитардык-эпидемиологиялык иш-чаралар тууралуу маалымат күн сайын саат 18-00гө Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасынын ыкчам штабына (03722) 7-04-12 факсы аркылуу берилсин.

2. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары М.Т.Акматовго жүктөлсүн.

3. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам

 

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад

шаарынын жана Сузак районунун

коменданты

 

 

Ж. Джоробеков