ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 3-апрели № 23
Оперативдик топ түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2020-жылдын 31-мартындагы № 7 чечиминин аткаруу жана бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенүү максатында,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында ишканалардын иштеши, жүктөрдү жана жумушчу персоналды жеткирүү маселелери боюнча бизнес-коомчуоук менен өз ара аракеттенүү боюнча оперативдик топ (мындан ары - Оперативдик топ) төмөндөгү курамда түзүлсүн:
Оперативдик топтун жетекчиси:
- Жантороев Барчынбек Азатбекович, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси.
Оперативдик топтун мүчөлөрү:
- Багышев Сапаралы Масиралиевич, Кыргыз Республикасынын Экономика минисрлигинин Жалал-Абад аймактык бөлүмүнүн башчысы;
- Мойдинов Ниязбек Тойгонбаевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы;
- Касымалиев Шералы Касымалиевич, «Жалал-Абад жаш ишкерлер ассоциациясынын» аткаруучу директору;
- Дүйшеев Афтандил Салиевич, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин башчысы;
- Муратов Түгөлбай Асилбекович, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын реалдуу секторунун башчысы;
- Мусаев Тынычбек Абдукаримович, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Сузак райондук башкармалыгынын башкы инспектору.
2. Оперативдик топ Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендатурасына:
- Кыргыз Республикасынын Коронавирус менен байланышкан кырдаалды байкоо боюнча оперативдик штабы менен биргеликте өзгөчө абал мезгилинде иштеген уюмдардын жана ишканалардын тизмесин, жумушчуларды, калк үчүн социалдык-маанилүү товарларды тоскоолдуксуз ташуу жана жеткирүү алгоритмин кыска мөөнөттө бекитүү үчүн Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын тизмесин камсыз кылсын;
- жумушчуларды, калк үчүн социалдык-маанилүү товарларды тоскоолдуксуз ташуу жана жеткирүү алгоритмин сунуштасын.
3. Аталган буйруктун аткарылышы боюнча жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары - Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары М.Т.Акматовго жүктөлсүн.
4. Аталган буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун коменданты |
Ж. Джоробеков |