ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 6-апрели № 26
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабынын курамына киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 24-мартындагы "Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында өзгөчө абалды киргизүү жөнүндө" № 57 ПЖ Жарлыгын аткаруу максатында жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин уюштуруу жана координациялоо үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын ыкчам штабына курамына Эрназаров Жеңиш Нуркалилович киргизилсин.
2. Ж.Н.Эрназаровго Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарындагы айыл-чарба жана социалдык-экономикалык тармактагы көйгөйлүү маселелерди аныктоо жана аларды жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен чечүү жолдорун сунуштоо жүктөлсүн.
3. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Комендант | Ж. Джоробеков |