ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНЫН
ЖАНА СУЗАК РАЙОНУНУН КОМЕНДАНТУРАСЫНЫН
БУЙРУГУ
2020-жылдын 6-апрели № 27
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басарын дайындоо жөнүндө
Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун комендантынын орун басары полковник А.К.Камаловдун Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын карамагына которулгандыгына байланыштуу жана коронавирус оорусунун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө тартылган күчтөрдүн иштерин ишмердик чөйрөсү боюнча уюштуруу, координациялоо үчүн,
БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабынын башкы оперативдик башкармалыгынын оперативдик башкармалыгынын башчысы полковник Кожошев Алмаз Токтобекович Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарынын Сузак районунун комендантынын орун басары болуп дайындалсын.
2. А.Т.Кожошевге төмөндөгү милдеттер жүктөлсүн:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык коронавирстун жайылышынын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн Жалал-Абад облусунун ИИБ, Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун ИИБ жана башка түзүмдөр менен кызматташуусун жана иш-чараларга колдонуусун уюштуруу;
- Иш-чараларга тартылган аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлеринин материалдык-техникалык базасын, тамак-аш, медициналык каражаттар менен камсыздоо маселелерин чечүү;
- Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймактарында жайгашкан блокпосттордун ишмердигин уюштуу жана көзөмөлдөө.
3. Буйрук тиешелүүлүгү боюнча жарыялансын.
Комендант | Ж. Джоробеков |