Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2022-жылдын 24-ноябрындагы № 787/б
«Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-июнундагы №465, 2025-жылдын 22-январындагы № 49, 2026-жылдын 11-июнундагы № 13-21-6 буйруктарынын редакцияларына ылайык
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, ошондой эле Жарандык авиация эл аралык уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталган практикасы менен максималдуу ыратуулугун камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыяласын;
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын.
3. Жарандык авиация уюмдар жана окуу борборлору «Авиациялык коопсуздук. КРАЭ-17» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алынсын, ошондой эле сапатты контролдоо боюнча программаларга жана даярдоо программаларына, авиациялык коопсуздук даярдоо программаларына зарыл болгон толуктоолорду киргизишсин.
4. 2016-жылдын 27-январындагы №1 «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин «Авиациялык коопсуздук КРАЭ-17» буйругунун 1-пунктунун 17-абзацы, жана 2021-жылдын 14-сентябрындагы №256 «Авиациялык коопсуздук КРАЭ-17» «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрлигинин буйругу күчүн жоготту деп табылсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо директордун орун басары Т.А. Аскаровго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Директор |
А.И. Настаев
“17-КРАЭ. Авиациялык коопсуздук” Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 7-июнундагы №465, 2025-жылдын 22-январындагы № 49, 2026-жылдын 11-июнундагы № 13-21-6 буйруктарынын редакцияларына ылайык) 1-бөлүм. Уюштуруучу бөлүмү 1-глава. Аныктамалар 1. Бул Эрежелердеги берилген төмөнкү терминдер мындай мааниге ээ: 1) авиациялык коопсуздук – жарандык авиацияны мыйзамсыз кийлигишүү актыларынан коргоо. Бул максат иш-чаралардын комплексин ишке ашыруу, адам жана материалдык ресурстарды тартуу аркылуу ишке ашат. 2) мыйзамсыз кийлигишүү актылары – бул жарандык авиациянын коопсуздугуна коркунуч келтирген актылар же аны аткаруу аракеттери жана аны менен чектелбестен төмөнүлөрдү камтыгандар: - Аба кемесин мыйзамсыз басып алуу; - Экспуатациядагы аба кемесин жок кылуу/талкалоо; - Аба кемесинин бортунда же аэродромдордо туткунга алуу; - Аба кемесинин бортуна, аэропортко же аэронавигациялык каражаткар же кызматка күч колдонуп кирүү; - курал, кылмыштык максаттар үчүн дайындалган кооптуу түзүлүштү же материалды аба кемесинин бортуна же аэропротко жайгаштыруу; - эксплуатациядагы аба кемесин өлүмгө, олуттуу жаракат алууга же мүлккө же айлана-чөйрөгө олуттуу зыян келтирүү максатында пайдалануу; |