Сравнение редакций…
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын “10”майындагы № 35-10/1 буйругунун тиркемеси
|
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө
(КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1, 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бажы органдардын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасын аныктайт.
2. Формалык кийимдер төмөнкүчө белгиленет:
1) өкүлдүк;
2) күндөлүк кийилүүчү;
3) атайын.
3. Форманын ар бир түрү кышкы жана жайкы болуп бөлүнөт.
4. Атайын наам ыйгарылган кызматкер формалык кийим менен акысыз камсыздалат.
Камсыз кылуу ченемдери жана формалык кийимди кийүү мөөнөтү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленет.
2. Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийим жана бут кийим предметтеринин сүрөттөлүшү
§ 1. Жогорку жетекчилик курам үчүн
5. Формалык фуражка.
Жүн кездемеден тигилген кочкул көк түстүү (өкүлдүк форма үчүн болот түстүү), жашыл түстүү кыюусу бар, лавр бутакчалары түрүндө алтын түстүү жип менен тигилген кокардалуу фуражка. Фуражканын төбөсүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби (мындан ары -Мамлекеттик герб) түшүрүлгөн эмблема жайгашкан, үстүнөн лакталган тери менен капталган (өкүлдүк форманын фуражкасынын кырбуусу -териден тигилген), астынан - замша (жүн кездеме) менен капталган кырбоосу бар.
Фуражканын төбөсүндө алтын түстүү жип менен тегерете алкакталган, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кездеме эмблемасы бар.
Кырбуунун үстүндөгү алкакка алтын түстүү өрүлгөн боо формалык эки топчуга кадалат. Мамлекеттик герб тартылган алтын түстүү, топчунун диаметри 13 мм.
6. Кулакчындуу тумак.
Каракүлдөн тигилген кулакчындуу тумак башка кийилүүчү бөлүктөн, кулакчындардан жана аларды бириктирген каракушту жапчу бөлүктөн турат, лакталган кырбоосу бар, кулакчындардын учунда байлоо үчүн кара түстөгү боолору болот. Бардык деталдары кара жана бозомтук-каралжын түстөгү каракүлдөн даярдалат, маңдайчанын алдынан дал ортосун көздөй Мамлекеттик гербдин сүрөтү менен алтын түстөгү кокарда бекитилет, кара түстөгү лакталган боосу менен кырбуусунда лавр жалбырагы менен кооздолот.
7. Өкүлчүлүк мундири.
Классикалык түрдө бычылган, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, төрт катар сегиз топчуга топчулана турган эки борттуу, болот түсүндөгү жүн костюм кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген мундир. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма пиджак тибинде, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, лацкандардын бурчтары жогору көтөрүлгөн.
Алдында, сандын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, кооз формалуу, бурчтары бир аз тегеректелген капкалдырыктуу 20-22 см болгон тилик чөнтөктөр жайгашкан, чөнтөктүн ортосунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталы тигилет.
Учасы каптал рельефи менен, борбордук тигиш тилик менен бүтөт.
Жеңдери орнотулма, эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши Мамлекеттик герб түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон төрт топчуга топчулана турган тилик менен бүтөт.
Жеңдин төмөн жагы бүгүлүп тигилген, жеңдин жогорку деталында төмөнкү линиядан 10-12 см аралыкта түсү негизги кездемеге окшош же ага контраст, эки катар кооздолгон декоративдүү тасма тигилген.
Ийиндин линиясында кочкул-боз, алтын түстөгү катуу погондор жайгаштырылган.
Капкалдырыктарда жазылыгы 0,1 см болгон кооздолгон тигиш бар.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгаштырылат.
Шым болот түсүндөгү жүн кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилген, темир илгич жана топчу топчулана турган кайып тигилген кашаты бар. Кашаты ичке, кур үчүн өткөргүчтөрү бар. Шымдын арткы оң жагында 1 топчуга топчулана турган кооз формалуу капкалдырыктуу чөнтөк салынган. Каптал тигишине чөнтөктөр жана кыюу салынган, кыюунун эки жагында жашыл түстөгү лампастар тигилген. Шымдын алдыңкы астары ичтелген. Шымдын этегинин эни 21 см кем эмес.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
8. Күндөлүк кийилүүчү китель.
Классикалык түрдө бычылган, көрүнүшү жарым-жартылай денеге кыналган, Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 24 мм болгон, үч катар торт топчуга топчулана турган бир борттуу, болот түсүндөгү жүн костюм кездемесинен (жүн 50%дан кем эмес) тигилген мундир. Астары жасалма жибектен.
Жакасы кайырма пиджактыкындай, өлчөмү орто, орточо раскепи менен, лацкандардын бурчтары жогору көтөрүлгөн.
Кителдин өңүрүндө Мамлекеттик герб түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган, бурчтары бир аз тегеректелген кооздолгон капкалдырыктары бар жашыруун төш чөнтөктөр жайгаштырылган, борборунан жазылыгы 3 см болгон декоративдүү деталь тигилет. Сандардын линиясында Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, диаметри 13 мм болгон топчуга топчулана турган ошондой эле кооздолгон капкалдырыктары бар 20-22 см болгон каптама жан чөнтөктөр жайгаштырылган, борборунан жазылыгы 4 см болгон декоративдүү деталь тигилет.
Учасы классикалык түрдө бычылган, капталдагы тигиши менен, борбордук тигиш тилик менен бүтөт. Жеңдери орнотулма, жогорку жана төмөнкү деталдары бар эки тигиштүү, жеңдин арткы тигиши Мамлекеттик герб түшүрүлгөн диаметри 13 мм болгон төрт топчуга топчулана турган тилик менен бүтөт. Жеңдин төмөн жагы бүтүлүп тигилген, жеңдин жогорку деталында төмөнкү линиядан 10-12 см аралыкта түсү негизги кездемеге окшош же ага контраст, эки катар кооздолгон декоративдүү тасма тигилген.
Ийиндин линиясында кочкул-боз түстөгү катуу погондор жайгаштырылган, погондордун алдыңкы чегинде жашыл түстөгү милтеси бар.
Бардык каптама деталдарда, жаканын четинде жазылыгы 0,1 см болгон кооздолгон тигиш бар.
Сол жана оң жеңде шеврондор жайгаштырылат.
Шым кочкул көк түстөгү жүн кездемеден (жүн 50%дан кем эмес) тигилет, силуэти түз тигилген-классикалык. Бели кесилген, алты өткөргүчтүү, шымдын илгичине жана топчуга топчуланат. Гульфик сыдырма бекиткичке бекитилет. Алдыңкы жагында тизе сызыгына чейин "чөнтөк" астары бар. Алдыңкы жан чөнтөктөрү тилик. Арткы чөнтөгү жашыруун топчуга топчулануучу кооздолгон капкалдырыгы менен рамкага тилик тигилет. Каптал тигиштерине диаметри 2-3 мм болгон жашыл түстөгү ноотудан милте салынган - милтенин эки жагында жашыл түстүү лампастар тигилген.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2 буйругунун редакциясына ылайык)
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын “10”майындагы № 35-10/1 буйругунун тиркемеси
|
Кыргыз Республикасынын бажы органдарынын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана буюмдук үлүшүнүн нормалары жөнүндө
(КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2024-жылдын 10-майындагы № 35-10/1, 2024-жылдын 12-декабрындагы № 35-10/2, 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1 буйруктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо бажы органдардын кызматкерлеринин формалык кийимдеринин жана айырмалоочу белгилеринин сыпаттамасын аныктайт.
2. Формалык кийимдер төмөнкүчө белгиленет:
1) өкүлдүк;
2) күндөлүк кийилүүчү;
3) атайын.
3. Форманын ар бир түрү кышкы жана жайкы, жазгы-күзгү болуп бөлүнөт.
(КР Финмин караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын 2025-жылдын 11-мартындагы № 35-10/1буйругунун редакциясына ылайык).
4. Атайын наам ыйгарылган кызматкер формалык кийим менен акысыз камсыздалат.
Камсыз кылуу ченемдери жана формалык кийимди кийүү мөөнөтү ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык белгиленет.