Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өткөрүп берилген ченем жаратуу ыйгарым укуктарын ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобонун 6 пунктуна ылайык,

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2024-жылдын 15-майындагы № 298 буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2023-жылдын 30-марты №1

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан маалымат берүү тармагында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын административдик регламенттерин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарынын V бөлүмүнүн 13, 14 главаларын жүзөгө ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине) киргизилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан көрсөтүлүүчү төмөнкү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттери бекитилсин:

1) “Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдама берүү”, 1-тиркемеге ылайык;

2) “Кыргыз Республикасынын аймагында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылгандыгы, соттуулугунун бар же жоктугу тууралуу маалымдаманы тез аранын ичинде акы төлөмө негизде берүү”, 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы, облустардын ички иштер башкармалыктары:

1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча иш мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген административдик регламенттерине ылайык так уюштурсун;

2) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана оптималдаштырууну мындан ары жакшыртуу боюнча чараларды көрсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы:

1) ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий веб-сайтында расмий жарыялоону камсыз кылсын;

2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн кагаз жана электрондук түрдө расмий жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине жайгаштыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;

3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускадагы көчүрмөсүн маалымат катары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.