Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетине караштуу

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын

2025-жылдын 22-октябрындагы № 769

буйругуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТОТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ КЫЗМАТЫ

2023-жылдын 14-августу № 436

“Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 21.06.2021-жылдагы № 33 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы жөнүндө” жобонун 17-пунктун жетекчиликке алып,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1.    Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 1,2,3,8,10,14,16,19,21,23,24,25,27,31,50 жана 53 мекемелеринин начальниктери ушул стандарттарды өздүк курам тарабынан окуп-үйрөнүүнү камсыз кылышсын.

3.    Финансы-чарбалык башкы башкармалыктын начальниги бекитилүүчү стандарттын зарыл сандагы нускаларын даярдоо (типографиялык ыкма менен) боюнча чараларды көрсүн.

4.    Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Финансы-чарба башкы башкармалыгынын башчысына жүктөлсүн.

Төрага и/к генерал-майору

 

А.Р.Эгембердиев