Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин
2024-Жылдын 22-Январындагы № 1-Б Буйругуна Ылайык
Күчүн Жоготту
|
| Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-ж. “11” ____07____ № 2-Б буйругуна Тиркеме |
Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчетту жүргүзүү боюнча жобо
(Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 6-Б буйругуна ылайык)
I-бөлүк. Бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо мамлекеттик башкаруу секторундага бухгалтердик эсепти жүргүзүү боюнча (мындан ары – Жобо) бюджеттик мекемелер үчүн бухгалтердик отчеттуулукту түзүү жана бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө бирдиктүү тартипти белгилейт.
2. Бухгалтердик эсеп ушул жобого ылайык, бюджеттик мекемелер тарабынан, эсептер планын милдеттүү түрдө колдонуу менен каржылоо булактары боюнча жүргүзүлөт.
3. Бюджеттик мекемелердин финансылык отчеттуулугун даярдоо үчүн маалымат булагы болуп, бухгалтердик эсептин регистринин маалыматтары эсептелет.
4. Бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрү, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен (мындан ары - Финансы министрлиги) макулдашуу боюнча жана өз ишинин өзгөчөлүгүн эске алып, бухгалтердик эсепти жөнгө салуучу ички документтерди иштеп чыгат.
2-глава. Бухгалтердик эсепти жүргүзүүгө негизги талаптар
§ 1. Бухгалтердик кызматтын милдети жана милдеттенмеси
5. Бухгалтердик кызматтын (бухгалтердин) негизги милдеттери:
1) бюджеттик мекеменин финансы-чарбалык иши жөнүндө, финансылык отчеттуулукту даярдоо аркылуу анын мүлктүк абалы жөнүндө толук жана анык маалыматты өз убагында түзүү;
2) чарбалык операцияларды жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык сакталышын контролдоо үчүн зарыл маалыматтар менен камсыздоо;
3) чарбалык операцияларды ишке ашырууда, бекитилген ченемдердин сакталышынын үстүнөн контролдоо, алар үчүн мындай чектөөлөр каралган;