Загрузка документа…
КР Финансы министрлигинин 2026-жылдын 29-январындагы N 10-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарынын финансылык отчеттуулугун даярдоо боюнча
1-глава. Жалпы жоболор
1. Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан финансылык отчеттуулукту даярдоо жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан жана төмөнкүлөрдүн курамын, даярдоонун, тапшыруунун жана консолидациялоону регламенттештирет:
- мамлекеттик башкаруу секторунун жалпы багыттагы финансылык отчеттуулугу (мындан ары-финансылык отчеттуулук);
- мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулук.
2. Уюмдар ички колдонуу үчүн бул Жободо каралбаган кошумча отчетторду иштеп чыгууга укуктуу.
3. Ушул Жобонун максаттары үчүн:
- финансылык отчеттуулукту түзүүгө тиешелүү терминдер бухгалтердик эсеп тармагындагы мыйзамдарда колдонулган маанисинде колдонулат;
- мамлекеттик бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчеттуулукту түзүүгө тиешелүү терминдер бюджеттик укук маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын учурда иштеп жаткан мыйзамдарында колдонулган мааниде пайдаланылат.
2-глава. Отчетторду даярдоого жалпы талаптар
4. Отчеттуулуктун ар бир формасы отчет берүүчү уюм, отчеттун аталышы, отчеттуулуктун валютасы, отчеттук мезгил жөнүндө маалыматты камтыйт. Башка баракка өтүүчү таблицалар өтүүчү баш саптарга ээ болушат. Отчеттун бардык барактарына номерлөө жүргүзүлөт.
5. Отчетту даярдоо, түзүүнүн тууралыгы жана тапшыруу үчүн жоопкерчиликти отчет берүүчү уюмдун жетекчилери тартат.
6. Отчеттордо тазалоого, оңдоого, булгоого жол берилбейт. Каталарды оңдоодо тиешелүү эскертме жасалат, ал отчетко кол койгон адамдар тарабынан күбөлөндүрүлөт.
7. Отчеттуулукка: