Бишкек шаары2007-жылдын 4-майы № 68 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө 2007-жылдын 23-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине (Кыргыз Республика-сынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-ж., № 3, 156-ст.) төмөндөгүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 41-статьяда: экинчи бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "(2) Камакка алууга соттолгондорго жалпы режимдеги түзөтүү колони-яларында жазаларын өтөп жатышкан эркиндигинен ажыратууга соттолгондорүчүн ушул Кодексте белгиленген кармоонун шарттары жайылтылат. Камаккаалууга соттолгондорду окутуу жүзөгө ашырылбайт. Кайтаруусуз жүрүүгөуруксат берилбейт."; 3-бөлүктөгү "бир жарым" деген сөздөр "эки" деген сөз менен алмаш-тырылсын; 4-бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "(4) Өзгөчө жагдайларда (жакын тууганынын өлүмү же анын өмүрүнөкоркунуч туудурган катуу оорууда, соттолгонго же анын үй-бүлөсүнө ор-чундуу зыян келтирген табийгый кырсыктарда) камакка алууга соттолгон-дорго камак үйүнүн начальнигинин чечими менен соттолгондордун жеке ка-ражаттарынан төлөө аркылуу жакын туугандары менен он беш мүнөткө чейинтелефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилиши мүмкүн. Эскертүү. Жакын туугандары деп ушул Кодекстин 61-статьясынын экин-чи бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды түшүнүү керек.". статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5-7-бөлүктөр менен толукталсын: "(5) Ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө көрсөтүлгөн өзгөчө жагдай-ларга байланыштуу камакка алууга соттолгондорго, баруу жана кайра келүүүчүн керек болгон убакытты эсептебегенде, камак үйүнөн тышкары жетисуткага чейин кыска мөөнөттүү барып-келүү уруксаты берилиши мүмкүн. (6) Жашы жетелек соттолгондорго бир айда бир жолу жакын туугандарыменен төрт саатка чейин кыска мөөнөттүү жолугушуу берилет. (7) Камакка алууга соттолгондор чектелбеген сандагы каттарды алаалышат жана жөнөтө алышат. Соттолгондордун кат алышуулары цензураданөтөт.". 2. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 41-1 жана 41-2-статьялар менентолукталсын: "41-1-статья. Тамак-аш азыктарын жана күндөлүк керектелүүчү нерселерди сатып алуу Медициналык корутундунун негизинде дарыланууга жана тиешелүү та-мактанууга муктаж болгон камакка алууга соттолгондорго алардын энчилүүэсептеринде турган каражаттарына тамак-аш азыктарын сатып алууга урук-сат берилет. Соттолгондор акча которуп эсептешүү боюнча күндөлүк керектелүүчүнерселерди бир жолку эсептик көрсөткүчтөн ашпаган суммага сатып алаалышат. 41-2-статья. Жөнөтмөлөрдү, берип жиберүүлөрдү, бандеролдорду жана акча которууларын алуу Камакка алууга соттолгондор айына бир жолу бир бандероль жана күн-дөлүк керектелүүчү нерселерди алууга укуктуу. Берип жиберүүгө уруксатберилген күндөлүк керектелүүчү нерселердин тизмеги ички тартип эрежеле-ри менен аныкталат. Камакка алууга соттолгон оорулууларга, врачтын корутундусу боюнчадарыланууга жана тиешелүү тамактанууга муктаж болгондорго медициналыккорутунду менен аныкталуучу сандагы жана ассортименттеги жөнөтмөлөрдүжана берип жиберүүлөрдү алууга уруксат берилет. Камакка алууга соттолгондорго акча которууларын, жөнөтмөлөрдү жанабандеролдорду алууга уруксат берилет. Келип түшкөн акчалай каражаттаркамакка алууга соттолгондордун энчилүү эсептерине чегерилет.". 3. 43-статьянын 1-бөлүгү "алып салуу" деген сөздөрдөн кийин ", күнсайын сейилдөө убактысын бир саатка узартуу, соттолгондордун жеке кара-жаттарынан төлөө менен телефон аркылуу он беш мүнөткө чейин сүйлөшүүгөуруксат берүү" деген сөздөр менен толукталсын. 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев