Бишкек шаары
2007-жылдын 15-августу № 152
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" жана "изин суутпай
издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына
жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
2025-жылдын 26-июнундагы № 127 Мыйзамдарынын
редакцияларына ылайык)
2007-жылдын 29-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Электр жана почта байланышы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-
замына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж.,
N 8, 230а-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи жана онунчу абзацтар ме-
нен толукталсын:
"Мобилдик түзүлүштөрдүн эл аралык идентификатору - уюлдук байла-
нышка ар бир кайрылууда жана өтүнүч жасоодо түзүлүштө ишенимдүү таа-
нып-билүүнү камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзгөн мобилдик түзүлүштү чыга-
руучу тарабынан орнотулган мобилдик телефондогу же коммутатордогу 15
орундуу (4 блоктон турган) өзгөчөлүү номер;
мобилдик уюлдук байланыштын оператору - электр байланыштар тарма-