Редакцияот 13.06.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2007-жылдын 13-июну № 88                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                  "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө"                   Кыргыз Республикасынын Мыйзамына                       өзгөртүүлөр жана толуктоо                           киргизүү тууралу     2007-жылдын 24-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку                                        Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., №11, 537-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:     1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:     ар кандай жөндөмөдөгү  "арбитраждык  сот"  деген  сөздөр  тийиштүүжөндөмөдөгү "сот" деген сөз менен алмаштырылсын;     ар кандай жөндөмөдөгү "Арбитраждык процесстик кодекс" деген сөздөртиешелүү  жөндөмөдөгү  "Жарандык  процесстик кодекс" деген сөздөр мененалмаштырылсын;     ар кандай  жөндөмөдөгү "Жогорку Арбитраждык сот" деген сөздөр тие-шелүү жөндөмөдөгү "Жогорку сот" деген сөздөр менен алмаштырылсын;     "арбитраждык процессте"   деген  сөздөр  "сот  процессинде"  дегенсөздөр менен алмаштырылсын.     2. 27-19-статьяда:     3 жана 4 -пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "3. Соттун  аныктамасы  ал  кабыл  алынган  учурдан  тартып он күнөткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.     4. Соттун аныктамасы апелляциялык тартипте даттанылуучу сот актысычыгарылган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө даттанылышы мүмкүн.";     статья төмөндөгүдөй  мазмундагы  5 жана 6-пункттар менен толуктал-сын:     "5. Соттун аныктамасы кассациялык тартипте даттанылуучу сот актысымыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып он беш күндүк мөөнөттө  даттаны-лышы мүмкүн.     6. Соттун аныктамасы көзөмөл тартибинде апелляциялык же  кассация-лык аныктама кабыл алынган учурдан тартып бир айлык мөөнөттө даттанылы-шы мүмкүн.".     3. 27-25-статьяда:     2-пункттун 1-пунктчасындагы "арбитраждык" деген сөз алып салынсын;     3-пункттагы "даттанууга мүмкүн эмес" деген сөздөр "даттанса болот"деген сөздөр менен алмаштырылсын.     4. 27-32-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:     "27-32-статья. Апелляциялык жана кассациялык инстанциялардагы                    өндүрүш      1. Банкроттук жөнүндөгү иштер боюнча апелляциялык жана кассациялыкинстанциялардагы өндүрүш ушул статьяда белгиленген  өзгөчөлүктөр  мененКыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине ылайык жүзөгө ашы-рылат.     2. Апелляциялык  даттануу  чечим же аныктама кабыл алган сотко соттарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он  күндүн  аралы-гында берилет.     3. Кассациялык даттануу чечим же аныктама кабыл  алган  сотко  соттарабынан тиешелүү сот актысы кабыл алынгандан кийин он беш күндүн ара-лыгында берилет.     4. Апелляциялык  же кассациялык даттануунун кабыл алынганы жөнүндөапелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттук курамдын судьясы  дат-тануу келип түшкөн учурдан тартып үч күндүн ичинде аныктама чыгарат.     5. Апелляциялык же кассациялык  даттануу  ал  сотко  келип  түшкөнкүндөн тартып он күндүк мөөнөттө каралат.".      2-статья.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-йык келтирсин.      3-статья.      Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев