Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                           Кыргыз Республикасынын              2023-жылдын 9-мартындагы № 54 Мыйзамына ылайык                                КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары

2007-жылдын 9-августу № 139

 

                    КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

              "Нотариат жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын

                Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр

                           киргизүү тууралу

 

     2007-жылдын 18-июнунда              Кыргыз Республикасынын Жогорку

                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган

 

     1-статья.

 

     "Нотариат жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Рес-

публикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,  1998-ж.,  №  9,  320-ст.)

төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

     1. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

     "Акча каражаттарын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштыруу-

га байланыштуу мунапыс жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык

кирешелерди жана мүлктү легалдаштырууга байланышкан нотариустук аракет-

терди аткаргандык үчүн.";

     3-5-бөлүктөр тийиштүүлүгүнө жараша 4-6-бөлүктөр деп эсептелсин.

     2. 28-статьяда:

     1-бөлүк төмөнкү мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:

     "18) мүлктүн жана баалуу кагаздардын тиешеси жок адамдан легалдаш-

тыруунун    субъектисине   бекер   өткөрүлгөндүгү   жөнүндө   келишимди

күбөлөндүрөт.";

     статья төмөнкү мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

     "Легалдаштырылган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатуудагы  нота-

риустук  аракеттер  киреше  салыгы төлөнгөн шартта гана ишке ашырылуусу

мүмкүн.".

     2-бөлүк 3-бөлүк деп эсептелсин.

 

     2-статья.

 

     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  өзүнүн  ченемдик укуктук актыларын

эки айлык мөөнөттүн ичинде ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

     3-статья.

 

     Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет жана ушул

Мыйзамдын 1-статьясынын 2-пунктунан башкасы "Акча каражаттарын, кыймыл-

дуу жана кыймылсыз мүлктү легалдаштырууга байланыштуу мунапыс  жөнүндө"

Кыргыз  Республикасынын  Мыйзамынын колдонулуу мөөнөтү аяктаганга чейин

күчүндө болот.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев