Бишкек шаары2008-жылдын 5-апрелиндеги № 53 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2008-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына (Кыргыз Республикасыньш Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2000-ж., №4, 169-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча: "орто" деген сөздөн кийин келген "(толук)" деген сөз алып салын-сын; 3-статьянын 4-бөлүгүн, 13-статьянын 4-бөлүгүн, 20-статьянын2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын жана 23-статьянын 4-бөлүгүн кошпогондо, "ме-кемелер" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "билим берүүчү уюмдар" дегенсөздөргө алмаштырылсын; 3-статьянын 4-бөлүгүндөгү, 14-статьянын 4-бөлүгүндөгү жана20-статьянын 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "билим берүү мекемесин","билим берүү мекемелерин" жана "билим берүү мекемелеринин" деген сөздөртиешесине жараша "билим берүү уюмун", "билим берүү уюмдарын" жана "би-лим берүү уюмдарынын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 23-статьянын 4-бөлүгүндөгү "тийиштүү мекемелердин жана уюмдардын"деген сөздөр "кызыкдар уюмдардын" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2. 1-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "1-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү Кесиптик башталгыч билим берүү негизги же жалпы орто билим база-сындагы коомдук-пайдалуу иштин негизги багыттары боюнча квалификация-ланган эмгектин кызматкерлерин (жумушчуларын, кызматкерлерин) даярдоо,квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо дегенди билдирет. Зарылучурларда негизги орто билими жок адамдарга кесип алуу үчүн шарттартүзүлөт.". 3. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 5-бөлүк менен толукталсын: "Мамлекет кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында - акысыз жалпыорто, ал эми зарыл учурда негизги жалпы билим алуу үчүн шарт түзүүгөкепилдик берет.". 4. 4-статья төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "4-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарынын уюштуруучулары Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарына мамлекеттик бийлик жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, кесиптик башталгыч билимберүүнүн мамлекеттик стандарттарын сактаган учурда юридикалык жана жекежактар, эл аралык келишимдерге ылайык чет мамлекеттер, эл аралык уюмдаруюштуруучу боло алышат. Ачылганда билим берүү уюму "Кесиптик лицей" де-ген башталгыч статусту алат. 5. 10-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы жана 5-бөлүгүндөгүар кайсы жөндөмөдө турган "квалификациялык сертификат" деген сөздөр ти-ешелүү жөндөмөлөрүнө коюлуп, "кесиптик башталгыч билим жөнүндө диплом"деген сөздөргө алмаштырылсын. 6. 13-статьяда: 2-бөлүктүн үчүнчү абзацындагы "кесиптик окуу жай" деген сөздөр"Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин Жазаларды аткарчу башкыбашкармалыгынын мекемелерине караштуу кесиптик окуу жайлар" дегенсөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацы алып салынсын. 7. 15 жана 16-статьялар төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "15-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруу жана жоюу Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын кайра уюштуруунун жана жо-юунун тартиби "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын42-статьясына ылайык жүргүзүлөт. 16-статья. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын лицензиялоо жана аккредитациялоо (аттестациялоо) Кесиптик башталгыч билим берүүнүн программалары боюнча билим берүүишине лицензия "Лицензиялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык берилет. Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарын аккредитациялоо (аттеста-циялоо) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жобо-го ылайык жүргүзүлөт. Мамлекеттик аккредитациялоодон (аттестациялоодон)өткөн кесиптик башталгыч билим берүү уюмдары бүтүрүүчүлөргө мамлекеттикүлгүдөгү документтерди бepүүгө укуктуу. Аттестация беш жылда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.". 8. 17-статья күчүн жоготту деп табылсын. 9. 20-статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-бөлүктөр менен толуктал-сын: "Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында окуп жаткан окуучулардысоциалдык жактан колдоо үчүн "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамына ылайык социалдык билим берүү кредиттери берилиши мүмкүн. Жетим балдарга жана ата-энелеринин (мыйзамдуу өкүлдөрүнүн) камкор-дугусуз калган балдарга билим берүү алар жашы жеткенге чейин мамлекет-тик камсыздоонун негизинде жургузулөт. Окугандарды окуудан жана окуу процессинен алаксытууга Кыргыз Рес-публикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик башкаруу ор-ганынын уруксаты менен жол берилет. Окуу процессин бузгандыгы үчүнкүнөөлүү (түз же кыйыр) адамдар окугандарга Кыргыз Республикасынын мый-замдарына ылайык тарткан моралдык жана материалдык зыяндарынын ордунтолтуруп беришет.". 10. 21-статья төмөнкүдөй мазмундагы 1 жана 2-бөлүктөр менен толук-талсын: "Педагогдук иш менен алектенүү укугуна зарыл билим жана тиешелүүпедагогдук квалификация алган, бирок соттуулугу бар жана тизмеси КыргызРеспубликасынын мыйзамдары менен аныкталган медициналык жактан терсмүнөздөлгөндөрдөн башка адамдар ээ. Педагогикалык билими жана квалификациясы жок адамдар педагогдук ишменен алектенууге кайра даярдоодон өткөндөн кийин укуктуу болот. Кесип-тик башталгыч билим берүү ишиндеги педагог кызматкерлер "Билим берүүжөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-статьясына ылайык окумуш-туулук даражасы, педагогдук стажы үчүн кошумча акы алууга, ошондой элежаш окутуучулар үчүн жењилдиктерге укуктуу. Педагог кызматкердин классжетекчилик үчүн эмгек акысына үстөктүн өлчөмү "Мугалимдин статусужөнүндө" Кыргыз Республикасьшын Мыйзамынын 7-статьясына ылайык белгиле-нет.". 11. 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "38 жана 39-статьяларына" дегенсөздөр "43-46-статьяларына" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-берене. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 3-берене. Кыргыз Республикасынын өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдикукуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев