Редакцияот 24.04.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2008-жылдын 24-апрели № 63                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                Астана шаарында 2001-жылдын 15-декабрында            кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Казакстан             Республикасынын ортосундагы  кыргыз-казакстан                мамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишимди                        ратификациялоо тууралуу      2008-жылдын 11-апрелинде            Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-берене.      Астана шаарында  2001-жылдын 15-декабрында кол коюлган Кыргыз Рес-публикасы менен  Казакстан Республикасынын ортосундагы кыргыз-казакстанмамлекеттик чегарасы жөнүндө Келишим ратификациялансын.      2-берене.      Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аталган Келишим белгиленген тартиптеюридикалык күчүнө  киргенден  кийин Кыргыз Республикасынын Талас облас-тындагы Карабуура районунун Көксай участкасы жана Чүй областындагы Ысы-ката районунун  Дружба  айылынын чегинен өтүүчү Бишкек-Торугарт айланыпөтмө автожолунун участкасы боюнча Астана шаарында 2001-жылдын 15-декаб-рында кол  коюлган кыргыз-казакстан мамлекеттик чегарасы жөнүндө КыргызРеспубликасы менен  Казакстан Республикасынын ортосундагы Келишимге өз-гөртүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө казакстандык тарап менен тий-иштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн.      3-берене.      Кыргыз Республикасынын  Тышкы иштер министрлиги аталган Келишимдинратификациялоо грамоталарын алмашсын.       4-берене.      Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев