КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 2-июну № 106
Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 18-майындагы № 26, 2011-жылдын 21-декабрындагы № 247, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2017-жылдын 27-апрелиндеги № 64, 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2), 2020-жылдын 17-августундагы № 134, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94, 2025-жылдын 9-августундагы № 195, 2026-жылдын 22-майындагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Бул Мыйзам Кыргыз Республикасынын аймагында телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамилелерди жөнгө салат, сөз эркиндигин жана жарандардын толук, так жана ыкчам маалымат алуу укуктарын жүзөгө ашырууга багытталган телерадио уюмдарынын иштөөсүнүн укуктук, экономикалык, уюштуруучулук шарттарын аныктайт.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-глава
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонулушунун чөйрөсү
1. Ушул Мыйзамдын колдонулушу менчигинин түрүнө, түзүлүү максатына, уставдык иш-аракетине, телерадиоканалдарды, телерадиопрограммаларды жана берүүлөрдү жайылтуу ыкмаларына карабастан, керектөөчүлөрдүн массалык кабылдоосуна эсептелген телерадио каналдарды, ошондой эле телерадиоберүүлөрдү түзүү жана жайылтуу жаатында иш субъекттеринин ортосундагы мамилелерге жайылтылат.
2. Өлкөнүн чегинен тышкары жерде турган, башка мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аракеттенген уюмдарга карата ушул Мыйзам алардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы телерадиоканалдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жайылтуу тартибин жөнгө салуу жаатында гана колдонулат.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдар
Телерадио уюмдары өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана массалык маалымат каражаттар чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдарды, башка ченемдик укуктук актыларды жана өздөрүнүн уставдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасы ратификациялаган эл аралык келишимдерди жетекчиликке алат.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-берене. Терминдердин аныктамасы
Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр төмөнкү маанилерде колдонулат:
1) аналогдук берүү - сигналдарды аналогдук кайра иштетүү ыкмалары колдонуу менен телерадиоканалдарды жайылтуу тутуму;
2) аккредитациялоо - мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин, уюмдардын жана ишканалардын ишин чагылдыруу үчүн алардын алдындагы телерадио уюмдарынын өкүлдөрүн каттоо жол-жобосу;
3) мамлекеттик телерадио уюмдар - мекеме статусуна ээ болгон жана жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында мамлекеттик бийлик органдары тарабынан уюштурулган мамлекеттик уюм болуп саналган телерадио уюмдар;
4) үн коштоону көп каналдуу берүү - керектөөчүгө берүүнүн тилин тандап алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү телепрограммада эки же андан көп үн коштогон берүү;
5) коомдук телерадио уюмдар - жарандардын маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жарандык коомдун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети же жарандык коом тарабынан түзүлүүчү телерадио уюмдар;
6) жамааттык телерадио уюмдар - жамааттын жана/же башка жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнүн маалыматтык керектөөлөрүн канааттандыруу максатында жеке адамдар, жамааттар жана/же аймактык белгилери боюнча бириккен жергиликтүү коомчулуктар тарабынан түзүлүүчү жана/же башка жалпы кызыкчылыгы бар телерадио уюмдар;
7) телерадиоберүүнүн оператору - лицензиялык талаптарына телерадиоканалдарды жайылтуу кирген, электр байланыш жана/же маалымат берүү жаатында тиешелүү лицензиясы бар электр байланыш оператору;
8) телерадиоканалдын программалык концепциясы - ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык телерадиоканалдардын программаларынын жана берүүлөрүнүн негизги мазмундук мүнөздөмөсү аныкталган документ;
9) түз берүү - теле же радио берүүлөрдү алдын ала жазып алуусуз жана монтаждоосуз түз берүү;
10) телерадиоканалды жайгаштырууга уруксат - лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан теле же радио уюмдарына жана/же телерадио берүү операторуна берилүүчү жана аналогдук берүүдө жана/же берүүлөрдүн санариптик пакетинде колдонуудагы технологияларга карабастан телерадиоканалды жайгаштырууга алардын укугун тастыктоочу документ;
11) телерадиоканалдардын программаларынын жана берүүлөрүнүн ырааттамасы (телерадиоберүүлөрдүн программасы) - убакыттын белгилүү бир мерчемделген учурунда телерадиопрограммалардын, телерадиоберүүлөрдүн обого чыгышынын ырааттуулугу же хронометражы жөнүндө телерадио уюмдарынын ачык маалыматы;
12) телерадиоканалдарды жайылтуу - телерадиоберүү операторлору тарабынан колдонулуучу технологияларга карабастан телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын колдонуу менен телерадиоканалдардын электр сигналдарын керектөөчүгө жеткирүү;
13) толук ретрансляциялоо - телекоммуникациянын колдонулган каражаттарына карабастан, толук жана алмаштырылгыс телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү, телерадиоканалдарды кабыл алуу жана таратуу (анын ичинде жазылган түрдө);
14) жарым-жартылай ретрансляциялоо - телекоммуникациянын колдонулган каражаттарына карабастан, телерадио программалардын, телерадио берүүлөрдүн, телерадиоканалдардын бөлүктөрүн кабыл алуу жана таратуу (анын ичинде жазылган түрдө, пакетте жана ар кандай башка формада);
15) берүү сеткасы - конкреттүү мезгилде телерадиоканалдын программалык концепциясынын негизги багыттарын чагылдыруучу радиопрограммалардын, теле же радиоберүүлөрдүн тизмеги, ырааттуулугу, аталышы жана обого чыгуу убактысы;
16) субтитрлер - телепрограмманын нукурасында коштолгон үндү текст менен кайталап берүү аркылуу телепрограммада камтылган маалыматты жайылтуу ыкмасы;
17) телерадио уюмунун чыгармачыл кызматкери - телерадио программалар жана берүүлөр үчүн маалыматтарды кесипкөй түрдө чогулткан, алган, түзгөн жана/же даярдаган штаттагы же штаттан тышкаркы телерадио уюмунун кызматкери (телерадио журналист, продюсер, режиссер, сценарист, дизайнер, сүрөтчү, программанын же берүүнүн жетекчиси ж.б.);
18) телерадио уюму - телерадиоканалдарды түзгөн жана/же комплекттеген, мыйзамда белгиленген тартипте катталган юридикалык жак. Телерадио уюмдун укук жөндөмдүүлүгү мамлекеттик катталган күндөн тартып келип чыгат;
19) телерадиоканал - туруктуу аталышы жана белгиленген мезгилдүүлүгү менен андан ары жайылтуу үчүн берүү сеткасына ылайык түзүлгөн телекөрсөтүү, радио программалардын жана башка аудиовизуалдык чыгармалардын жана материалдардын жыйындысын билдирген массалык маалымат каражаты;
20) телерадио берүү - керектөөчүнүн (калктын) ачык жана код коюлган түрдө ачык-айкын кабыл алышы үчүн телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын пайдалануу менен телерадиоканалдарды түзүү жана/же жайылтуу;
21) ачык түрдө жайылтылуучу телерадиоканал - көрүү укугу үчүн керектөөчүнү идентификациялоосуз/жекелештирбестен керектөөчүнүн (калктын) ачык-айкын кабыл алышы үчүн телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын пайдалануу менен жайылтылуучу телерадиоканал;
22) код коюлган түрдө жайылтылуучу телерадиоканал - көрүү укугу керектөөчүнү идентификациялоонун/жекелештирүүнүн негизинде камсыз кылынуучу, керектөөчүнүн (калктын) ачык-айкын кабыл алышы үчүн телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын пайдалануу менен жайылтылуучу телерадиоканал;
23) чет өлкөлүк телерадиоканал - Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта катталган телерадиоканап;
24) телерадиоберүү - өз аталышы, трансляциялоо көлөмү, автордук белгиси бар, программанын башка бөлүктөрүнө карабастан колдонулушу мүмкүн болгон жана бир бүтүн маалыматтык продукция катары каралган, программанын мазмундук жагынан толук бүткөн бөлүгү;
25) ата мекендик өндүрүштүн телерадиоберүүлөрү - Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн берүүлөр;
26) чет өлкөлүк өндүрүштүн телерадиоберүүлөрү - Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган жеке жана юридикалык жактар тарабынан түзүлгөн берүүлөр;
27) телерадио программа - туруктуу аталышы бар жана берүүнүн белгилүү бир торчосуна кирген телерадио берүүлөрдүн жыйындысы;
28) телерадио кызматкери - өзүнүн кесиптик ишинин мүнөзү боюнча жана кызматтык милдеттерине ылайык телерадио программаларды жана телерадио берүүлөрдү түзүүгө катышкан телерадио уюмунун штаттагы же штаттан тышкаркы кызматкери;
29) телекоммуникациялардын техникалык каражаттары - телерадио программалардын, телерадио берүүлөрдүн, телерадиоканалдардын электр сигналдарын түзүүгө, кабыл алууга, кайра иштеп чыгууга жана берүүгө мүмкүндүк берүүчү техникалык каражаттар;
30) трансляциялоо - телекоммуникациялардын техникалык каражаттарын пайдалануу менен телерадиоканалдарды, телерадио программаларды, телерадио берүүлөрдү жайылтуу;
31) маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Министрлер Кабинети аныктаган ушул Мыйзамга ылайык телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган;
32) телерадио уюмунун уюштуруучусу (катышуучусу) - уюштуруу жолу же болбосо мыйзамдарда каралган башка ыкма менен телерадио уюмуна же анын уставдык капиталынын үлүшүнө карата менчик укугун алган жеке же юридикалык жак;
33) берүүлөрдүн пакети - электр байланыш тармактары боюнча берилүүчү бирдиктүү пакетке бириктирилген телерадиоканалдардын жыйындысы. Санарип пакети субтитрлерди, телетексттерди, телегиддерди жана башка кошумча маалыматтарды да камтышы мүмкүн;
34) обо убактысы - телерадио уюму трансляциялоону (кайра трансляциялоону) жүзөгө ашырган убакыт;
35) социалдык пакет - тизмегин Министрлер Кабинети бекитүүчү, калк үчүн акысыз бир жыштыкты бөлүү менен таратылуучу жана мамлекеттик бюджеттен жана/же башка булактардан (мындан ары - социалдык пакет) каржылануучу телерадио уюмдардын теле жана/же радио каналдарынын пакети.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-берене. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
1. Мамлекет телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, телерадио уюмдарынын, телерадио берүү операторлорунун ишаракетинин саясатын, укуктук негиздерин аныктайт.
2. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын маданий жана маалыматтык керектөөлөрүн телерадио берүү каражаттары аркылуу камсыз кылуу үчүн шарт түзүү;
- телерадио уюмдарынын ишинин эркиндигине кепилдиктер;
- ата мекенде чыгарылган программаларды берүүгө жана таратууга колдоо көрсөтүү;
- телерадио уюмдарын өнөржай-каржылык, саясый жана башка топтор же болбосо жеке адамдар тарабынан монополиялаштырууга жол берилбестик, ошондой эле телерадио уюмдарын финансылык-саясый топтордун, мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык жана саясий кысым көрсөтүүсүнөн коргоо;
- телекөрсөтүүнү жана радиоуктурууну колдонуу аркылуу маалымат алууга, коомдук маанилүү программаларды эркин жана ачык талкуулоого укуктарды ишке ашырууга кепилдиктер;
- телерадио уюмдарынын иш-аракет эркиндигин кыянат пайдаланууга жол берилбестик;
- Кыргыз Республикасынын аймагында катталган тиешелүү телерадио уюмдары жана/же телерадио берүү операторлору менен келишим түзбөстөн Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк телерадио уюмдарынын түздөн-түз берүүлөрүн жүзөгө ашырууга жол берилбестик.
3. Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 94 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
5-берене. Телерадио уюмдарынын иш-аракет эркиндигинин кепилдиктери
1. Телерадио уюмдарынын маалыматтык ишинде цензурага жол берилбейт.
2. Телерадио уюмдары өздөрүнүн программаларынын жана берүүлөрүнүн мазмунун аныктоодо өз алдынчалыкка жана көз каранды эместикке ээ.
3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, алардын кызмат адамдарынын телерадио уюмдарынын ишине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-берене. Телерадио уюмдарынын иш-аракет эркиндигин кыянат пайдаланууга жол берилбестик
1. Телерадио уюмдары өздөрүнүн маалыматтар топтомдорунда бийлик органдарына тиешеси бар бардык саясый күчтөрдүн ар кандай ыкмалар менен расмий жарыя кылынган позициялары жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү.
2. Телерадио уюмдарын төмөнкүлөр үчүн пайдаланууга жол берилбейт:
- "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-статьясында белгиленген маалыматтарды таратуу;
- телерадио уюмдарынын уюштуруучуларынын (катышуучуларынын) жекече максаттары;
- (Төртүнчү абзацы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- (Бешинчи абзацы Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 22-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
- мыйзамда белгиленген укуктук жоопкерчилик келип чыгуучу башка иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу.
3. Программалардын жана берүүлөрдүн мазмуну үчүн телерадио уюмунун жетекчиси же программанын жана/же берүүнүн автору (авторлору) жоопкерчилик тартат. Ар бир программа же берүү автор же авторлор жөнүндө, программаны чыгаруучунун аталышы жана дареги жөнүндө маалыматты камтуусу керек.
4. Телерадио уюму тарабынан ушул Мыйзамдын ченемдерин аткарбоо же сактабай коюу алардын лицензияларынын токтотулуп турушуна же кайра алынышына (жокко чыгарылышына) алып келет.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2026-жылдын 22-майындагы № 75 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
7-берене. Телерадио берүү чөйрөсүндөгү атаандаштык
1. Телерадио уюмдар өздөрүнүн иш-аракетин жүзөгө ашырууда монополияга каршы мыйзамдарды сактоосу жана жазгырма атаандаштыкка жол бербөөсү керек.
2. Телерадио берүү чөйрөсүндөгү экономикалык атаандаштыктын өнүгүүсү үчүн шарттар Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарында белгиленет.
(КР 2017-жылдын 4-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Телерадио уюмдарынын маалыматтык иши
1. Телерадио уюмдары телерадиоканалдарын мамлекеттик жана расмий тилдерде трансляциялоону жүзөгө ашырат. Мында мамлекеттик тилдеги берүүлөрдүн жалпы көлөмү 60 пайыздан кем болбоого тийиш.
2. Телерадио уюмдар трансляциялоочу телерадио программалар, телерадио берүүлөргө карата ар бир телерадиоканалдын саат 7.00дөн - 00.00гө чейинки мезгилдеги берүүсүнүн ар күндөгү торчосунун жалпы көлөмүндө төмөнкүдөй шарттар жана пропорциялар сакталууга тийиш:
1) телерадио программалардын жана телерадио берүүлөрдүн 50 пайыздан кем эмеси ата мекендик өндүрүштөгү телерадио программалардан жана телерадио берүүлөрдөн турууга тийиш - анын ичинде саат 7.00дөн тартып 10.00гө чейин жана 18.00дөн тартып 23.00гө чейинки мезгилде.
2) берүүнүн кеминде 50 пайызы мамлекеттик тилде, анын ичинде саат 7.00дөн тартып 10.00гө чейин жана 18.00дөн тартып 23.00гө чейинки мезгилде мамлекеттик тилде жүргүзүлүүгө тийиш.
3. Эгерде фильмдин жана/же башка телерадио программанын жана/же телерадиоберүүнүн түп нускасынын (же кайталоонун) тили мамлекеттик тил болуп саналбаса, мындай фильмдер жана/же телерадио программалар жана телерадио берүүлөр мамлекеттик же расмий тилде аларды дубляждоо шарты менен трансляцияланат.
4. Эгерде уктуруу мультүндөрдүн опциясын пайдалануу менен жүргүзүлсө, анда берүүнүн тилдеринин бири мамлекеттик тил болууга тийиш.
(Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 4-майындагы № 75, 2025-жылдын 9-августундагы № 195 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)