Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 3-апрели № 38
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100, 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
(Преамбула КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
1-глава Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр жана алардын аныктамалары пайдаланылат:
майыптык белгиси боюнча басмырлоо - адамдын саясий, экономикалык, социалдык, маданий, жарандык же кайсы болбосун башка жааттагы бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин башкалар менен тең катарда таануусун, ишке ашыруусун же жүзөгө ашыруусун кемитүү же тануу максаты же натыйжасы болгон, майыптыгынын себеби боюнча кайсы болбосун айырмачылык, четке кагуу же чектөө;
инфраструктурага жетүү - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бардык категориялардагы адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча эркин жана коопсуз орун которуу, имараттарга жана курулмаларга жете алуу жана коомдук транспортту, жөө жүрмө тротуарларды, автомобиль жолдорун, байланыш каражаттарын жана коомдук пайдалануудагы башка техникалык каражаттарды (банкоматтарды, төлөө терминалдарын д.у.с.) пайдалануу мүмкүнчүлүгү;
майыптык - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан, мыйзамда белгиленген тартипте белгиленүүчү, адамда туруктуу дене бойлук, психикалык же акыл-эстик бузулуулардын бар экендигин билдирүүчү социалдык-юридикалык статус. Бузулуунун деңгээлине жараша майыптыктын I, II жана III топтору белгиленет. 18 жашка чейинки балдар "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү бала" категориясына киргизилет;
реабилитациянын жекече программасы - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын турмуш-тиричиликтик, социалдык жана кесиптик ишке карата жөндөмдүүлүктөрүн калыбына келтирүүгө багытталган реабилитациялык чаралардын айрым түрлөрүн, формаларын, көлөмдөрүн, ишке ашыруу мөөнөттөрүн жана тартибин, социалдык жардамдын түрлөрүн, техникалык каражаттардын тизмегин камтуучу жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү ар бир адам үчүн анын жеке керектөөлөрүнө жана өзгөчөлүктөрүнө ылайык жекече иштелип чыгуучу оптималдуу реабилитациялык иш-чаралар комплекси;
инфраструктура - Кыргыз Республикасынын аймагындагы турак жайлык, администрациялык жана башка имараттардын, курулмалардын, жөө жүрмө тротуарлардын, автомобиль жолдорунун, коомдук транспорттун, коммуникациялык жана башка техникалык каражаттардын жыйындысы;
квоталоо - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык колдоо максаттарында алардын коомдук иштин өзүнчө чөйрөлөрүндө милдеттүү катышуусунун нормаларын белгилөө;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам - жашоо-тиричиликтин чектелишине алып келүүчү оорулар, жаракаттардын кесепеттери же дефекттер менен шартталган, организмдин функциялары туруктуу чачкындаган, адамды социалдык коргоого алуу жана реабилитациялоо зарылдыгын пайда кылган ден соолугунун бузулушу бар адам;
медициналык-социалдык экспертиза - кесиптик ишке жөндөмдүүлүктү кошуп алганда жарандардын эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготуу даражасын, майыптыгынын себептерин жана топторун, ошондой эле жарандарды социалдык коргоо жана реабилитациялоо чараларын белгилөө (аныктоо) процесси (жол-жобосу);
инфраструктурага жетүүнү камсыз кылуу - мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, юридикалык жана жеке жактардын алардын менчигинде турган инфраструктура объекттерин ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын бул объекттерге эркин жетүүсүн камсыз кылуучу атайын ыңгайлаштырмалар менен жабдуу боюнча милдеттери;
жашоо-тиричиликтин чектелиши - адамдын өзүн-өзү тейлөөнү, өз алдынча орун которууну, багыт алууну, карым-катнашууну, өз жүрүм-турумун контролдоону, окутулууну жана эмгектик иш менен алектенүүнү жүзөгө ашыруу жөндөмдүүлүгүн же мүмкүнчүлүгүн толук же жарым-жартылай жоготуусу;
реабилитациялык борбор - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уюштуруучулук-укуктук формада түзүлгөн, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо жана жумуштуулуктун атайын формаларын уюштуруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоо - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү дене бойлук жана психикалык жактан чектелүү адамдардын өз алдынча жашоо-тиричилигин, ден соолугун жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү боюнча медициналык, психологиялык, педагогикалык, билим берүүчүлүк, кесиптик, социалдык, юридикалык иш-чаралардын комплекси;
социалдык кызматкер - өзү аткара турган иштин талаптарына жана мүнөзүнө ылайык келген зарыл квалификациясы бар жана социалдык тейлөөнү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу, же болбосо уюштуруучулук-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан социалдык кызматтардын тутумунда аны турмуштук кыйын кырдаалда турган адамдарга карата уюштуруучу адис;
атайын адабият - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кабыл алуусуна жана пайдалануусуна ылайыкталган кагаз, электрондук же башка камтымалардагы көркөм, илимий, мезгилдүү жана башка басылмалар;
адистешкен стационардык мекемелер - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын убактылуу болуусу жана реабилитациялоонун жекече программасына ылайык аларга зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик же болбосо жеке менчик мекемелер (жатак үйлөр);
атайын транспорт - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын кирип-чыга алуусу жана пайдалануусу үчүн атайын ыңгайлаштырмалары бар транспорт каражаттарынын кайсы болбосун түрлөрү;
жумуштуулуктун атайын формасы - ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн эмгектик көндүмдөргө окутууну уюштуруу жана жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чаралардын комплекси;
факсимилдик кол коюу (факсимиле) - ден соолугунун абалынан улам (көрүүнүн бузулушу, колу-буту жоктугу, кыймыл координациясынын бузулушу, шал болуу) өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын өз кол коюусун алмаштыруучу атайын даярдалган штамп (клише).
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-берене. Ушул Мыйзамдын предмети
Ушул Мыйзам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашырууда башка бардык жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, алардын жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдү четтетүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын толук кандуу жашоо ыңгайын жүргүзүүгө, коомдун экономикалык, саясий жана маданий турмушуна жигердүү катышууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясында, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринде жана нормаларында жана Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларда каралган өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясатты аныктайт.
Ушул Мыйзам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү коргоо жана жардам көрсөтүү кепилдиктерин, ошондой эле калктын ден соолугун коргоого, майыптуулуктун алдын алууга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды коомго интеграциялоо үчүн шарттарды түзүүгө багытталган чараларды белгилейт.
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясаты төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата адамдын жана жарандын укуктарын сактоо;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болгондугу үчүн кемсинтип бөлүүгө жол бербөө;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекет тарабынан социалдык жактан коргоого алынышына кепил болуу;
- социалдык жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү, майыптык категорияларын жана топторун алууда бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык абалынын төмөндөп кетишине жол бербөө;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын жеке муктаждыктарына карата социалдык жактан корголушуна багыт берүү;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ден соолугун реабилитациялоону жана коргоону Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-социалдык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик гарантиялардын колдонуудагы программасына ылайык камсыз кылуу;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын билимге, маалымат алууга, ишкердүүлүктүн, анын ичинде эмгек түрүн эркин тандоосуна жетишин жана бирдей укуктуулугун камсыз кылуу;
- мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактардын, алардын кызмат адамдарынын, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын бузган жарандардын жоопкерчилиги;
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды реабилитациялоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын (реабилитациялоо борборлорунун) кызматташуу жана колдоо көрсөтүү
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын факсимилдик колтамгасын жарандардын өз кол коюусу менен тең катарда таануунун кепилденгендиги.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319, 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
3-берене. Жаңсоо тили
Кыргыз Республикасында жаңсоо тили инсандар ортосундагы байланыш каражаты катары таанылат жана колдоого алынат, ошондой эле аны коомдун жашоо тиричилигинин ар түрдүү чөйрөсүндө өнүктүрүү жана колдонуу боюнча чаралар көрүлөт.
Мамлекет ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын коргоо үчүн зарыл болгон учурларда сурдокотормо боюнча кызмат көрсөтүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
31-берене. Сурдокотормочулардын статусу
Сурдокотормочу - жаңсоо тили менен оозеки кепке же тескерисинче которуу менен алектенүүчү адис.
Угуу жана сүйлөө боюнча майыптыгы бар адамдарга сурдокотормочунун кызмат көрсөтүүлөрү төмөнкүлөрдө акысыз берилет:
- билим берүү жана саламаттык сактоо мекемелеринде;
- тергөө аракеттерин жүргүзүүдө же жарандык, администрациялык жана жазыктык иштер боюнча сот процесстерине катышууда;
- документтерди же бүтүмдөрдү нотариаттык тариздөөдө;
- машина айдоо көндүмдөрүнө же компьютердик сабаттуулукка окутууда;
- мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө;
- мыйзамдарда каралган башка учурларда.
Сурдокоторуу кызматтарын көрсөтүүнүн жана сурдокотормочулардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
Мамлекет сурдокотормочуларды, сурдопедагогдорду, дефектологдорду жана логопеддерди ар жыл сайын даярдоого милдеттүү.
Телерадио берүү уюмдары мыйзамдарга ылайык жаңылыктарды берүүнү сурдокотормо же субтитрлер менен трансляциялоого милдеттүү.
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
32-берене. Факсимилдик колтамга
Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын факсимилдик колтамгасы (факсимиле) өзүнүн юридикалык мааниси боюнча жарандын өздүк кол коюусу катары таанылат жана ага теңдештирилет.
Факсимилдик колтамга, эгерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам өзүнүн дене бойлук кемчиликтеринен улам зарыл документтерге өзү кол коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана ал тарабынан колдонулушу мүмкүн.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам тарабынан пайдаланылуучу факсимилдик колтамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариус тарабынан ырасталат. Нотариус ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын факсимилдик колтамгасынын аныктыгын ырастоочу күбөлүк берет.
Факсимилдик колтамга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам үчүн ал он алты жаш курагына жеткенде даярдалышы мүмкүн жана ал тарабынан өмүр бою пайдаланылат.
Факсимилдик колтамга жоголгон учурда анын дубликаты даярдалышы керек, ал дагы нотариаттык ырасталууга тийиш.
Эч ким факсимилдик колтамганы пайдаланууга байланыштуу өзүнүн жарандык укуктарын жүзөгө ашырууда чектелиши мүмкүн эмес.
(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)
4-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу мыйзамдар
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери тууралуу мыйзамдар Кыргыз Республикасынын Конституциясына негизделет жана ушул Мыйзамдан, башка ченемдик укуктук актылардан жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдерден турат.
5-берене. Эларалык келишимдердин колдонулушу
Эгерде белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эларалык келишимдерде ушул Мыйзамда каралгандан башка эрежелер белгиленсе, анда эларалык келишимдердин эрежелери колдонулат.
2-глава Социалдык укуктар жана гарантиялар
6-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык жактан корголууга укугу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жашаган жерине, майыптык категорияларына жана топторуна карабастан мамлекет тарабынан кепилдик берилген социалдык жөлөкпулдарды, компенсацияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү алууда бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын социалдык жактан корголуу укугу майыптык тобу тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген учурдан тартип пайда болот.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
7-берене. Социалдык коргоонун түрлөрү
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан коргоо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдун турмушуна бирдей катышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган социалдык жактан жардам берүү менен камсыз кылынат. Мамлекет тарабынан социалдык жактан коргоонун төмөнкүдөй түрлөрүнө кепилдик берилет:
- (2-абзац КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту);
- пенсияларга, социалдык жөлөкпулдарга жана компенсацияларга;
- социалдык-тиричилик жактан тейлөөгө;
- үйүндө тейлөөгө;
- стационардык мекемелерде тейлөөгө;
- техникалык жана атайын каражаттарды берүүгө;
- реабилитациянын бардык түрлөрүнө;
- кошумча социалдык кепилдиктерге.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
8-берене. Социалдык гарантиялар
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө төмөнкүдөй жеңилдиктер берилет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча Мамлекеттик гарантиялардын программасынын чегинде медициналык жактан тейлөө;
- протездик-ортопедиялык буюмдар менен акысыз камсыз кылуу.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
9-берене. Пенсиялар, жөлөкпулдар жана компенсациялар
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга жана алардын эмгекке жарамсыз үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле өзүнүн курамында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдары бар үй-бүлөлөргө берилүүчү социалдык жардам пенсияларды, мамлекеттик жөлөкпулдар жана компенсациялар түрүндөгү төлөмдөрдү кошот. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген пенсияларды, мамлекеттик жөлөкпулдарды жана компенсацияларды төлөө кепилдиги берилет.
10-берене. Социалдык-тиричилик жактан тейлөө
Керек болгон учурда ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жалгызбой адамдарга жашаган жеринде материалдык-тиричилик жактан кызмат көрсөтүүлөр, анын ичинде тамак-аш жана өнөр жай товарларын жеткирип берүү, тамактануусун, тиричилигин жана бош убактыларын уюштуруу боюнча тейлөө кызматтары көрсөтүлөт.
Мамлекет бул категориядагы жарандарга социалдык жактан кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик системасындагы социалдык-тиричилик жактан акысыз тейлөөнү жүргүзүүгө болгон алардын укугуна кепилдик берет.
11-берене. Үйүнө барып тейлөө
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жалгызбой жашаган жана башка бирөөнүн кароосуна жана жардамына муктаж болгон адамдарга үйүнө барып, социалдык жактан тейлөө кызматы көрсөтүлөт.
Үйүнө барып тейлөө социалдык жактан коргоо кызматынын кызматкерлери (социалдык кызматкерлер) тарабынан жүзөгө ашырылат.
12-берене. Атайын стационардык мекемелерде тейлөө
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, жарым-жартылай же өзүн өзү тейлөө мүмкүнчүлүгүн толук жоготкон жана дайыма башка бирөөнүн кароосуна муктаж болушкан адамдарга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын адистештирилген стационардык мекемелеринде тейлөө боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
Адистештирилген стационардык мекемелерде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга социалдык жактан көрсөтүлгөн тейлөөлөр менен катар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-социалдык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик түзүү жеңилдиктердин программасына ылайык жашоо тиричилигинин тиешелүү шарттарын түзүү, медициналык кызмат көрсөтүү, ошондой эле эмгектенүүсүн, эс алуусун жана бош убактысын уюштуруу камсыз кылынат.
13-берене. Техникалык жана атайын каражаттарды берүү
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жекече реабилитациялоо программасына ылайык протез ортопедиялык жардам менен, техникалык көмөкчү каражаттар жана башка адистештирилген каражаттар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте камсыз болушат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү, таяныч кыймылдоо аппараты жабыркаган адамдарга кыймылдап-жылып туруу үчүн керектүү техникалык каражат берилет.
Эгерде жекече реабилитация программасында каралган техникалык каражатты ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам өз каражатына сатып алган болсо, анда ага Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган техникалык каражаттын наркынын өлчөмүндөгү компенсация төлөнүп берилет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү техникалык каражаттардын тизмесин жана алардын наркынын өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
Жумуш берүүчүнүн (уюмдун, ишкананын менчигинин түрүнө карабастан) күнөөсү боюнча эмгек жаратын алган же кесиптик дартка чалдыккан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар медициналык көрсөтмөлөргө ылайык техникалык жана атайын каражаттар менен жумуш берүүчүнүн каражатынын эсебинен камсыз кылынат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын тарбияланышын жана окуусун ишке ашыруучу билим берүү уюмдары атайын ариптер менен даярдалган басылмалар, үндү күчөтүп угузуучу аппаратура жана сигнализаторлор менен мамлекет тарабынан камсыз кылынат.
14-берене. Кошумча социалдык гарантиялар
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга кошумча социалдык кепилдиктерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен белгилөөгө укуктуу.
(КР 2009-жылдын 30-декабрындагы № 319 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
3-глава Саясый укуктар жана кепилдиктер
15-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын шайлоого карата укуктары
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, башка жарандар менен катар эле мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого, ошондой эле конституциялык мыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга укуктуу.
16-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын биригүүгө болгон укуктары
Өз укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, өзара колдоо жана кызмат көрсөтүү максатында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана алардын өкүлдөрү болушкан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.
17-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын митингдерге жана демонстрацияларга чыгууга болгон укуктары
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана алардын бирикмелери менен уюмдары тынчтык жолу менен, куралсыз чогулууга жана аларды өткөрүүнүн мыйзам менен белгиленген тартибин сактаган учурда чогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө укуктуу.
18-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын мамлекеттик башкарууга катышуусу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген формаларда мамлекеттик башкарууга катышууга укуктуу.
19-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу таламдарын коргоого болгон укуктары
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу таламдарын коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сот же башка тартипте мамлекет тарабынан камсыз кылынат.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын бузууга күнөөлүү болгон кызмат адамдары жана башка жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчилик тартышат.
Материалдык каражаты болбосо жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын өтүнүчү боюнча мамлекет ага акысыз юридикалык жардам берүүнү камсыз кылат.
20-берене. Мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына кайрылуу укугу
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жеке жана жамааттык кайрылуулар менен мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар өз компетенциясынын чегинде бул кайрылууларды караганга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттө жүйөлүү жооп берүүгө милдеттүү.
4-глава Ден соолукту коргоо жана медициналык-санитарлык жардам
21-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын ден соолугун коргоо кепилдиктери
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ден соолукту коргоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык ден соолугун коргоого, майыптыктын алдын алууга, медициналык-санитардык жардам алганга, реабилитацияга, дары-дармек, протез-ортопедиялык жабдыктар жана кыймылдап-жылып турууга жекече каражаттар менен камсыз болууга укуктуу.
22-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык-санитардык жактан жардам берүү милдеттери
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык-санитардык жактан жардам берүү милдеттери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагындагы мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдөн:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдын ден соолугунун абалын колдоодон;
- анын начарлап кетишине жол бербөөдөн;
- жекече реабилитация программасын эске алуу менен квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүүдөн;
- майыптыгынын алдын алуудан жана болтурбоодон;
- эрте жасалуучу диагностика жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгүнүн чектелишине себепкер болуп саналган дарттарды өз убагында табуудан турат.
23-берене. Медициналык жардамдын түрлөрү
Саламаттык сактоо жагындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекет тарабынан медициналык-санитардык жардамдын төмөнкүдөй түрлөрүнө:
- алгачкы медициналык-санитардык жардамга;
- адистештирилген медициналык жардамга;
- медициналык-санитардык жардамга;
- медициналык реабилитациялоого;
- медициналык экспертизага кепилдик берилет;
- паллиативдик жардамга.
(КР 2016-жылдын 29-апрелиндеги № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
24-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга медициналык-санитардык жардам
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга үйүндө жана саламаттык сактоонун медициналык стационардык дарылоо-профилактикалык уюмдарында медициналык-санитардык жардам берүү Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жагынан мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык жүргүзүлөт.
Үйүнө барып медициналык-санитардык жардам берүү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жашаган жердеги тиешелүү медициналык уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
Үйүнө барып медициналык-санитардык жардам берүү, стационардык мекемеде жатып дарыланууну талап кылбаган жана дарылаган дарыгердин тиешелүү корутундусунун негизинде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата көрсөтүлөт.
Дарылоо-профилактикалык медициналык стационардык уюмдарда медициналык жардам менен катар ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар ар бир стационардык мекеменин объективдүү мүмкүнчүлүктөрүнө жараша убактылуу келип туруусу үчүн зарыл шарттар менен камсыз болууга тийиш.
25-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарылоо
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды санаториялык-курорттук дарылоо социалдык жактан коргоо органдары тарабынан билдирүүчүнүн жашаган жеринен төмөнкүдөй өлчөмдө камсыз кылынат:
- 1-топтогу майыптарга - 5 жылда бир жолу акысыз, медициналык көрсөт күчтөрдүн негизинде 1-топтогу майыпты узатып жүргөн адамга 50 пайыздык жеңилдик менен;
- 2-топтогу майыптарга - беш жылда бир жолу 50 пайыздык жеңилдик;
- 3-топтогу майыптарга - беш жылда бир жолу 30 пайыздык жеңилдик.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын санаториялык-курорттук дарылануусуна жолдомолор республикалык бюджеттин каражаттарынан берилет.
26-берене. Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу
Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу максатында мамлекет жугушсуз ооруларга каршы күрөшүүнүн Европалык стратегиясын ишке ашыруу боюнча Бүткүл дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун ишаракеттеринин бекитилген планына ылайык адамдардын жашоо-шартынын сапатын жакшыртуу, дарттын кабылдап кетишинин факторлорун азайтуу боюнча сектор аралык чаралар менен камсыз кылып, бакыбат жашоонун күтүлүп жаткан көрсөткүчүн, майыптыктын себептеринин биринен болуп саналган эрте жасалуучу диагностиканы көбөйтүү, дене, акыл-эс, психика жагындагы жана башка жетишпегендиктердин пайда болушунун жана алардын организмдин функцияларын дайыма чектеп турушуна өтүп кетишинин алдын алуу боюнча чара көрүүгө тийиш. Мамлекет ден соолукту коргоо, жашоо чөйрөсүн экологиялык жактан жакшыртуу, куунак жашоону калыптандыруу, эмгектин коопсуз шарттарын камсыз кылуу, өндүрүштөгү жабыркоого жол бербөө, кесиптик дартка чалдыгууну азайтуу боюнча иш чараларды жүзөгө ашырат.
Майыптыкты профилактикалоо жана алдын алуу мамлекеттик органдар тарабынан, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан, жеке жана юридикалык жактар тарабынан ишке ашырылат.
5-глава Эмгекти коргоо жана эмгектенүү
27-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгектенүүсүнүн кепилдиктери
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар эмгектенишин майыптык категорияларына жана тобуна карабастан ишке ашырууга укуктуу.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жекече реабилитациялоо программасын эске алуу менен шарты бар өндүрүштө, адистештирилген уюмдарда, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын эмгегинен пайдалануучу цехтерде жана участоктордо иштөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган жеке ишкерлик менен иштөө укугу менен камсыз кылынат.
Жумуштуулук боюнча мамлекеттик кызмат жактан жөнөтүлгөн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумуш берүүчү жумуш ордуна белгиленген квотанын эсебинен ишке алууга милдеттүү.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка кабыл алганда аларга сыноо мөөнөтү белгиленбейт.
28-берене. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды экономикалык ишке тартуу жана алардын эмгекке болгон укугун камсыз кылуу максатында мамлекет иш берүүчүлөрдү белгиленген квотаны эске алуу менен аларды ишке орноштуруу үчүн жумуш орундарын караштырууга милдеттендирет.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды жумушка орноштуруу үчүн квота:
– эгерде иш берүүчүдө 25тен 49га чейин кызматкер иштесе, майыптык тобуна карабастан ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 1 жумуш орун;
– эгерде иш берүүчүдө 50дөн 74кө чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 2 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 1 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;
– эгерде иш берүүчүдө 75тен 99га чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 3 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 1 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;
– эгерде иш берүүчүдө 100дөн 124гө чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 4 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 2 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;
– эгерде иш берүүчүдө 125тен 149га чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 5 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 3 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;
– эгерде иш берүүчүдө 150дөн 174кө чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 6 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 3 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;
– эгерде иш берүүчүдө 175тен 199га чейин кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн 7 жумуш орун, алардын ичинен кеминде 4 жумуш орун I жана II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн бекитилиши керек;
Эгерде иш берүүчүдө 200 жана андан ашык кызматкер иштесе, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер жана I же II топтогу майыптыгы бар кызматкерлер үчүн жумуш орундарын квоталоо эрежелери ушул беренеде көрсөтүлгөн окшоштук боюнча колдонулат.
Уюмда, ишканада же мекемеде иштегендердин санын аныктоодо эмгек келишими, жарандык-укуктук келишим боюнча иш аткарган, сезондук иштерди аткарган кызматкерлер, ошондой эле иш берүүчү жана административдик персонал эске алынат.
Иш берүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү кызматкер үчүн жумуш ордун ыңгайлаштырууга (жайгаштырууга) милдеттүү. Жумуш ордун ыңгайлаштыруу иш берүүчүнүн эсебинен же мыйзамдарда каралган учурларда мамлекеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү кызматкерлер үчүн жумуш ордун ыңгайлаштыруу төмөнкү жолдор менен ишке ашырылат:
– аларды тиешелүү көндүмдөргө окутуу;
– алар иштеген имаратка кирүү, чыгуу шарттарын түзүү;
– алардын ишин аткарууга көмөк көрсөтүүчү техникалык каражаттарды, компьютердик программаларды же жабдууларды сатып алуу;
– мындай кызматкердин өз эмгек функцияларын аткаруусуна көмөк көрсөтүү максатында көрүлүүчү башка чаралар.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 8-августундагы № 191 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2008-жылдын 3-апрели № 38