Редакцияот 23.06.2008
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2008-жылдын 23-июну № 122

 

Ташкент шаарында 2007-жылдын 2-ноябрында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу

1-берене.

 

Ташкент шаарында 2007-жылдын 2-ноябрында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы бажы иштеринде кызматташуу жана өз ара жардамдашуу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

К.Бакиев