Кыргыз Республикасынын
2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек ш, Өкмөт Үйү2008-жылдын 23-июнундагы №132 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралу 2008-жылдын 15-майында Кыргыз Республикксынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-берене. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Регламентижөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркинтоо" гезити, 2005-жылдын 18-январы, № 4-5) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүкиргизилсин: 1. 3-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менентолукталсын: "Жогорку Кењештин имараты, ошондой эле Жогорку Кењештинкарамагында турган "Алтын-Көл" пансионаты жана Жогорку КењештинАвтотранспорт ишканасы режимдик мүнөздөгү мамлекеттик маанилүүобъектилер болуп саналат. Жогорку Кењештин имаратынын жана ага тиешелүү аймактын,"Алтын-Көл" пансионатынын жана Жогорку Кењештин Автотранспортишканасынын аймактарынын,ошондой эле көрсөтүлгөн объекттердинимараттарында жана аймактарында турган адамдардын коопсуздугункамсыз кылуу күзөт кызматы тарабынан жүзөгө ашырылат. Жогорку Кењештин имаратында жана аймактарында, "Алтын-Көл"пансионатында жана автотранспорт ишканасынын аймактарында жүрүү жана болуу тартиби жоболор менен жөнгө салынат. 2. 267-статьянын 3-бөлүгү алып салынсын. 2-берене. Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев